Асел Эшимканова: “Дале ишенбейм кеткенине…”

Чыгаан журналист, саясатчы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд ачылды. Ошондой эле бул инсандын ысымын алган Кыргызстан журналисттер сайты ишке кирди. Өткөн жуманын соңундагы фонд жана сайттын бет ачаар аземинен соң, маркумдун жубайы, фонддун төрайымы Асел ЭШИМКАНОВА менен маек курдук.

– Мелис аганын фондун ачуу менен кандай максат койдуңуз?
– Негизги максат – байкеңердин ысымын өчүрбөй, ал үлгүрбөй кеткен иштерди аткаруу. Ал киши дайым жаш журналисттерге колдоо көрсөтүп, алар менен өз тажрыйбасынан бөлүшүп турчу. Мелис Эшимканов атындагы фонд дал ошол жаш кесиптештерибизге багыт, жол көрсөтүү үчүн атайын мастер-класс, окууларды өткөрүүнү өз милдеттеринин бири катары эсептейт. Андан сырткары, жыл сайын студент-журналисттердин арасынан Мелис Эшимканов атындагы стипендиаттар аныкталат. Ал эми Мелистин атын алган Кыргызстан журналисттер сайты жаш калемгерлер үчүн старт-аянтчасы болуп берет. Аталган сайтка жаш, тажрыйбалуу дебестен, бардык журналисттер өздөрүнүн эмгектерин жарыялай алышат. Фонд менен сайт эриш-аркак иш алып барып, журналисттердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, медиа чөйрөсүндө мыйзамдык базаны толуктоого, эркин журналистиканын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууга аракет жумшамакчы. Фонд менен сайт жакшы адамдын элесин, ысымын өчүрбөөнү максат кылуу менен ал басып өткөн жол башкаларга өрнөк болушун тилек кылат. Ким эмне дебесин, Мелис – өз ишинин кесипкөйү болгон, өз ишин сүйгөн, журналисттик милдетти татыктуу өтөгөн адамдардын бири. Бүт өлкө боюнча ал канчалаган окуучуларын калтырып кетти. Кезегинде баары тегиз ырахматын айта алышпаса да, көзү өткөндө эмгегин баалап, ыраазычылык айткандары болду. Фонд менен сайт ачуу демилгесин көтөрүп, аракет көрө баштаганда эле жалгыз эмес экенимди сездим. Мелистин окуучулары, ага-инилери, Байболовдордун үй-бүлөсү, Чолпон Жакупова мага көмөк көрсөтүшүүдө.

– Мелис Эшимканов атындагы сыйлык уюштурулду. Сыйлык ээси канчалык калыс тандалат?
– Кыргызстанда журналисттерди колдоо жагы көңүл жылытаарлык эмес. Ушул жагын эске алып, фонд Мелис Эшимканов атындагы 100 000 сом өлчөмүндө сыйлык уюштурду. Бул сыйлык жыл ичинде журналисттик чеберчилиги, эмгектери менен өзгөчөлөнө алган кесиптешке тапшырылат. Ал эми сыйлык ээсин тандоочу комиссия 15 адамдан куралды. Калыстык үчүн комиссиянын төрагасынан башка мүчөлөрүнүн ысымдары эч аталбайт. Бирок, курамы медианын бардык түрүнөн чакырылган, Кыргызстанда мен-мен деген белгилүү журналисттерден куралганын баса белгилейт элем.

– Мелис Эшимкановдун китеби чыгарылат деп уктук эле…
– Андай аракет да жүрүп жатат. Мелистин иниси Эрнис бул жагын колго алган. Мелистин окуучулук, студенттик күндөрүнөн бери жазган макала, аңгемелери өтө көп. Алардын баары топтолууда. Буюрса, бул китеп Мелистин 50 жылдыгына карата басылып чыгат.

– Мелис байке менен канча жыл жашадыңыз?
– Үйлөнгөнүбүзгө быйыл 8 жыл, таанышканыбызга 10 жыл толду.

– Бул жылдары көңүлүңүздү оорутуп, капа кылган учурлары болду беле?
– Жок, андай эч болгон эмес. Бал айы бул сегиз жыл бою уланган. Кээде өз бактыма өзүм суктанчумун. Аябай боорукер, камкор, көңүлүңдү эч калтырбаган, харизмасы күчтүү адам эле. Мындай таланттуу, гениалдуу адам оор мүнөздүү, катаал болсо да жарашмак, генийлер өз өзгөчөлүктөрү менен болот эмеспи. Саясатта, жумушта болгон нерселерди эч качан үйгө алып келчү эмес. Сурасак да: “Алар менен башыңарды оорутуп не кыласыңар” деп койчу. Маектеринде айткандай, үйгө келгенде маскасын чечип келчү. Бирок, сыртта маска кийип жүрчү деп айтыштан алысмын. Тескерисинче, башкаларга караганда ак ниет, абийирдүү, бардыгына чын дилден мамиле жасачу. КТРге барганынан улам ага: “Оппозициядагы досторун сатып кетти” деген сын айтылды. Оппозицияда неге ушунча жыл жүрдү? – Бийликтин элди ойлобогонуна нааразылыгынан улам. Кимге ишенип жүрдү? – Досторуна. Ал эми ошол ишенген досторунун сатыла баштаганын көргөндө Мелис түңүлүп, көңүлү калганда алардын арасынан кетти. Аны байкаган Бакиевдер анын акылынан пайдалангысы келди. “Ушунча жыл чабышып жүрдүң, кыйын экенсиң, иштеп, ишиң менен көрсөтпөйсүңбү. Өзүңө жакын КТРди берели” дешкенинен барган. Баарын ичинен, булардын анык жүзүн, ак иштерин да, кара иштерин да билгени үчүн азыркы бийлик биринчи күндөн тарта кодулап, жолотпогонго аракет кылды. Бирок, Мелисти алар канча сатышпасын, кандай жаман кылышпасын, Мелис эч качан аларга жамандык кылбастыгын, артынан жаман сүйлөбөстүгүн баары жакшы билишчү. Ошентсе да, чочулап, азыркы бийликтегилер өз даректерине жаман айтылган макала же коллаж чыкса эле Мелистен көрүп туруп алышты. “Мелистин кулагы көрүнүп атат, Мелистин жасаганы, Мелистин стили” деп, журналистикадан түшүнүктөрү жок саясатчылар журналистиканын жанр, стилдерин талдап киришти. Бирок, азыр да андай макала, андай коллаждар чыгып келатат. Ошондо баарын Мелис жаздырып келген болсо, анда азыр ким чыгарып атат?!

– Мелис ага түшүңүзгө кирип, аян берген учурлары болобу?
– Түшүмө неге кирбейт деп жүргөнүмдө Мелисти түш көрдүм. Үйгө түндө келет экен. “Тирүү экениңди сезгем. Неге ушунча убакыт кабарыңды билдирген жоксуң. Бирөөдөн деле айттырып койбойт белең?” – десем: – “Андай болмок эмес, эч ким билбеши керек болчу. Мен көргөндү эч ким көрбөсүн. Кийин шашпай айтып берем, мага ок атышты” дейт. Тынчын алып, сурабайын деп, аман-эсен келгенине сүйүнүп, эс алсын дедим. Аны карап жатам да, түшүмдө да бул түшүм эмеспи деп кооптонуп коём. Ойгонсом, тилекке каршы түш экен. Жерге берилгенин көрсөм деле башында ишенбей күтүп жүрдүм.

– Жакында басылмалардын биринде жолдошуңуз өз ажалынан кетпегендиги, анын өлүмүнүн себептери ачыкталган экен. Буга эмне дейт элеңиз?
– Чынында мен деле шектенем. Себеби, мурда жүрөгү ооруган эмес, дайым профилактикадан өтүп турчу. Анын үстүнө үйдө олтуруп калгандан бери ден соолугун аябай карай баштаган. Өз ажалынан эмес деп мен да күмөн санайм. Кимиси, эмне кылса да, казып, изилдебейм, “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. Өч алам деген да оюм жок, Кудайга койдум!

– Көбүнесе кайсы ирмемдер көз алдыңызга тартылат?
– Ар бир кыймылы, баскан-турганы бүт көз алдымда. Балдарым айткандай, атабыз клоун сымал, дайыма жаркылдап турчу. Мектептен башка балдардын аталарына салыштырышат экен да.

– Балдар азыр түшүнүп, көнүп баратабы?
– Адику (уулу Адам – ред.) башында атасы туурасында сөз болсо же бирөө куран окутуп келип калса, кадимкидей качып турчу. Кийин мени: “Кара кийбечи, мама!” деп урушуп жүрдү. Балдарга ачык айтпай, “Атаңар асманга учуп кетти, бизди көрүп турат” деп койгонбуз. 23-февралга карата мектепте балдар аталарына белек кылышыптыр. Мектептен келип эле: “Менин атам жок болсо, мен кимге белек берем” деп жиберди. Таятасы, байке-таякеси бар экенин түшүндүрсөк, Аваз таякесин издеп: “Мен сизге белек берейин, папам өлүп калбадыбы” дейт. А биз аны жашырып, асманга учуп кеткен деп жүрсөк… Мику (кенже кызы Миэлла – ред.) атасы туурасында сураса, такалып, не деп айтаарымды билбей туруп калсам, Адам менден мурун ага: “Папам экинчи келбейт” деп жооп берет. Мику кайра: “Алыс кеттиби?” деп сурайт, Адам ага: “Асмандан сени көрүп турат. Тентек кылганыңды, мамамдын тилин албай атканыңдын баарын көрүп турат” дейт. Мику бизге кичине таарынса эле, “Папа, Мелис ата” деп бөлмөлөрдү аралай ыйлап чуркайт. Мику жакшы түшүнбөй атат окшойт, Адику го кадимкидей чоң киши болуп калды. Мурда элес албаса керек, эскерүү тасмасы теледен көрсөтүлгөндө, мени көрүп: “Мама, сен эмне журналистсиңби?” деп сурайт. “Ооба” десем – “Папамдайбы?” дейт. Сен да депутат болосуңбу папамдай” деп сурап аткан. Мектепте эжейине: “Мамам жакында депутат болот” деп коюптур. Үйдөн да залдагы олтургучтарга оюнчуктарды тизип алып, Адам жыйын өткөрө берет. Не кылып атканын сурасак, оюнчуктарды көрсөтүп: “Бул Текебаев, бул Атамбаев, Сариев, Айбек Осмоналиев, мен чогулуш өткөрүп атам” деп калат.

Кээде туруп: “Мама, өткөндү кайрып келишимди каалайсыңбы?”- дейт, – Ошондо папам биз менен болот да. Азыр бул мүмкүн эмес. Чоңоюп, окумуштуу болом, ошондо кайрып келем” дейт. Ыйлаганымды көрүп калса, кантип менин маанайымды көтөрөрүн билбей айланчыктап, атасын туурап, жүзүн бырыштыра, кыйшайта, клоун болуп берет. Ушундан улам көз жашымды балдарга көрсөтпөгөнгө аракет кылчу болдум.

– Улуу уул-кызы менен байланышып турасызбы?
– Жылдыз менен Төлөгөн азыр Америкада. Телефондон, интернеттен кабарлашабыз. Жасап жаткан иштердин баарын кеңешип турабыз. “Алыс жүрсөк да, силер мененбиз” деп дайым моралдык жардам көрсөтүп турушат. Буюрса, Жылдыздын да фонддун ишин илгерилетүү боюнча ойлору арбын. Быйыл каникулда атасы жөнүндө маалымат, пикирлерди топтоп, англис тилинде китеп жазсам деген тилеги бар. Баары шартка жараша болот.

– Каза болоорун алдын ала сезип, сизге өлүм туурасында ойлорун айткан эмес беле кетерге жакын?..
– Андай болгон эмес. Болгону Мухтар каза болгондо аябай кейип, көпкө жаман болуп жүрдү. Ошондо гана: “Керээз кат жазып койсомбу” деп ойлонгон. “Кайдагы ойлорду ойлой бербечи” деп урушуп койгом. Жакшы эле сезгич, сезимтал эле. Бирок, мындай болорун сезген жок болсо керек. Себеби, мурда баарын алдын ала айтып, дайындап турчу эле. Журналисттер акыркы бир жылдагы аракеттерин көрүп, алдын ала сезиптир деп жазып, айтып калышат. Бирок, Мелистин алдыда ири пландары бар эле, жасай элек иштери али көп болчу.

«Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.