Жай айлары аба ырайы кандай болот? Саратан качан түшөт?

Быйыл жайында аба ырайы кандай болот? Илимий божомолдор боюнча кандайча боолголонуп атат жана кыргыздардын элдик тогоол айнаамасы боюнча кандай?

Торон Жумаев, Кыргыз элинин Ай-күн календарынын түзүүчүсү
– Жалпысынан, быйылкы жай ысык болот. Кыргыздын ай-күн календары боюнча караганда: аба ырайында олуттуу өзгөрүү болбойт. Жай чилдеси ар жыл сайын 8-июлдан 18-августка чейин. Жай саратаны 40 күнгө дейре созулат. 13-июнда тогоол болгондуктан аба ырайы өзгөрүлүп,жаан-чачын болот. Ал эми 19-июнда ай жаңырат.

Бердибек Жумабаев, доцент, «Кыргыз дүйнө таанымы» илимий монографиялык китептин автору
– Быйылкы жай былтыркыдай эле ысык болот. Себеби суук 15 күнгө арыкарай жылып кетти. Жылып кетти дегеним, быйыл кыш кеч түшөт. Тактап айтканда, 1-декабрда. Ал эми жай айларында бир жумага созулган ак жаандар болбойт. 18-19-июнда аба ырайы өзгөрүлүп,жаан жаашы мүмкүн.

Бир нече ай алдын ала божомолду тогоол негизинде берсе болот. Анткени тогоол ай жылдыздын тогошконуна, алардын жайгашканына жараша эсептелет.

Ал эми кыргыз жыл санактары менен көптөн бери алектенип келаткан коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жай айлары абдан ысык болорун белгилейт. Анын ырасташынча: 28 миң жылда бир келүүчү окуянын таасири күч болот. «Май айы да кургакчыл болуп, күн 30+ даражага чейин ысыды. Тоолордо чөп аз болуп атат, мал-жанга бираз кыйынчылык алып келди» – дейт ал.

Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл жай айларында абанын температурасы нормадан жогору болбойт. Агенттиктен билдиришкендей: үч айга алдын ала божомол жасоо мүмкүн эмес. Андыктан алар бир айдыкын гана жасай алышат. Ошол божомолдордун 60 пайызы дал келет экен. Июнь айына жасалган илимий божомолдорго ылайык өлкөнүн 7 облусунда тең орточо температура климаттык нормага жакын болот. Чүй облусунда айдын биринчи жарымында күндүзү 23…28 градус ысыса, айдын экинчи жарымында 29…34 градус ысык болушу күтүлөт. Жаан-чачын нормадан аз жаайт. Ал эми Ысык-Көл облусунда июнь айында абанын орточо температурасы 18…23 градус ысыкка чейин жетет.

Ош жана Жалалабат облустарында айдын биринчи жарымында 24…29 градус ысык болсо, июндын 15инен баштап күндүзү 30…35 даражага чейин ысык болот жана жаан-чачындын жаашы кээ бир аймактарда нормадан ашышы күтүлөт.

Нарын облусунда июнь айынын орточо температурасы 15 градустан 27 градуска чейин ысык болот. Талас облусунда 26…31 даражага чейин ысыйт.

Расул Мурат, «24.kg» MA, 07.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.