Сүйдүм Төлөкова, КРнын эмгек сиӊирген артисти: “Атаӊ көрү, залкарлардын бульвардагы керемет басышы элесимде гана калды…”

“Бакайдын жайыты” кинотасмасында тебетейлерин баштарына кондурушкан үнү жок, сөзү  жок аталарыбыз көз алдыдан көч сыяктуу чубап өтөт эмеспи. Мына ошол көч сыяктуу эле, кыргыздын залкарларынан турган бир мууну да көз ирмемде көчүп кетти. Өмүрдүн ысыгы, суугу, кызыгы коштолуп – баардыгы теӊ болгону бир көз ирмем экен. Саякбай, Сагымбай, Карамолдо, Ыбырай, Барпы, Жеӊижок, Атай, Осмонкул, Калык, Чалагыз, Токтосун, Алымкул, Ысмайыл, Шаршен, Муса, Мыскал, Бүбүсайра, Мейликанга окшогон залкарларыбыз көчтү. Кийин Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай атабызга окшогон жана башка улуу адамдарыбыз өтүп кетти. Ошол адамдардын жанында жүрүп, ар биринин үнүн угуп, көзүн көргөн, таланттуу адам, темир ооз комузчу  85 жаштагы Сүйдүм Төлөкова апа менен өткөн-кеткендер жөнүндө, азыркы турмуш жөнүндө сүйлөштүк. “Ден соолугуӊуз кандай?” десем, жакында эле жүрөгү ооруп, ооруканага жатып чыкканын айтты. “Оорубаӊыз, апа, дагы далай жакшылыктарды көрүӊүз” дедик.

– Сүйдүм апа, 85 жашты багынтып олтурасыз, тээ секелек кезиӊиздеги алгачкы чыгармачылык учкундарыӊыз тууралуу эскерип берсеӊиз?
–  Акын Нуркамал Жетикашкаеванын атасы менен менин апам бир тууган. Экөөбүз чогуу чоӊойдук. Анын атасы Украинага айдалып кеткен. Менин атам да “кулаксыӊар, манапсыӊар” деген жалаа менен айдалып, түрмөдө өлдү. Таенем сөзмөр, жакшы киши болчу, Ормон хандын небере-чөбөрөлөрүнөн болуп кетчү. Нуркамал эжем экөөбүз таенемдин эки жагында жатчубуз. Төшөккө жатканда эле өткөн-кеткенден кеп салып, жомок, ыр, табышмак, жаӊылмач айтып, келме, куран үйрөтчү. Нуркамал эжем кичинесинен жаза баштады. Эӊ биринчи жеӊелери жөнүндө жазып мага үйрөтүп коёт. Мен мектепке бара элек кызмын. Обонго салып ырдадым.  “Жаман катын” деген ыр үйрөтүп койгондо  Саргалдак деген башкарма ал ырымды угуп калып, кырманда иштеп аткан аялдарга мени көтөрүп келип, дөӊ жерге тургузуп,  “Сүкөш,  ырдап кой” дейт.  Мен “Жаман катынды” ырдайм, тартынбай ырдайм. Келин-кесектер уялышып, каткырышып, сүйүнүшүп калышат.

4-5-класс окуп жүргөнүмдө согуш башталды, окуду деген эле атыбыз бар. Колхоздун ишине жардам беребиз. Түшкү тыныгууда пьеса, оюн коюп беребиз. Ошондо эл-жери менен коштошуп, согушка бараткан жигиттин ролун аткарчумун.

Жоону жеӊип, жеӊиш күнүн көргүчө,
Кош, аман бол, эли-журтум, келгиче!
– деп кол булгалайм. Эс алып отурган аялдардын баары жоолуктарынын учу менен көз жашын сүртүп калышат. Көрсө, бирөөнүн баласы, бирөөсүнүн күйөөсү согушка кетип, баарынын жүрөктөрү жаралуу экен. Ошондон баштап чыгармачылыкка кызыгуум ойгонду. Кийин мектепти бүтүп Нуркамал эжемдикине келдим. Кошуналары Калык Акиев, Токтонаалы Шабданбаев, Муса Баетов, Атай Огомбаев жана башка атактуулар экен. Мен да музыкалык окуу жайда окуп калдым. Бир күнү кыздар айтышты, “филармонияга ишке кыздарды кабыл алып жатышат, иштегендерге күнүнө 500 гр нан берилет экен” дейт. Согуш жүрүп аткан учур, жокчулук. Мен да барып өтүп кеттим. Кийин билсем акапельный хорго кабыл алыныптырмын. “Беш ыргай”, “Кантыӊ бар” деген ырларды ырдашат экен. Мени арт жакка тургузуп, “пом-пом деп кошулуп турасыӊ” дешти. Ошентип, “пом-пом” менен хордо 18 жыл иштедим, хордун аркасы менен көп өлкөлөрдү кыдырдык.

– Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиевдин бригадаларына кошулуп, көп залкарлар менен иштешип калдыӊыз эле…
– 1962-жылы хор жоюлуп кетти. Мени болсо Бүбүсайра Бейшеналиеванын күйөөсү Акмат Аманбаев (филармониянын көркөм жетекчиси болчу) “Операнын хорунда эмне бар, бизде эле кал, айлыгыӊды көбөйтүп беребиз” деп болбой атып кыргыз бригадага алып калды. Көрсө, кыз-келиндер өтө эле аз экен. Биздин мезгилде ырчылыкка кыз-келиндерди оӊой менен жиберчү эмес. Ошентип, О.Бөлөбалаевдин бригадасында иштеп калдым. Ыбырай Туманов, семетейчи Акмат Рысмендиев, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев, Бурулча Какишева, Мыскал Өмүркановалар бар эле. Эӊ жашы мен. Айылдарга концерт коюп барышып, кечинде өздөрүнчө отурушчу да, ырдап-чордошчу. Мени Бөлөбалаев эркелетип, “Сүкөн бучук, сен уктай бер” деп, кетирип жиберчү. Өздөрүнчө  өйдө-төмөн сөз сүйлөшүшөт окшойт, ыймандары бар да, мени укпай эле койсун дешкени го. Бир жолу шаардын четиндеги бир колхозго концерт коюп бардык. Артисттерди күтүп аткан үй куда-сөөк күтүп аткандай бака-шака, эл толтура, казандарда эт бышып, самоорлор шаркылдап кайнап атат. Ал кезде свет деген жок. Айылдын чырагынын баарын чогултуп келип, кырка тизип күйгүзүп коюшуптур. Чиркейлүү жер экен. Ошон үчүн бак ичине өзүнчө канча бир метр марлиден чоӊ машакананы артистер үчүн белендешиптир. Баягы чырактар ал жерде да тизилет. Бөлөбалаев адатынча “Ай, Сүкөн бучук, сен жата бер” деп койду. Мен ары өтүп барып, терезе жактан карап, алардын ырдагандарын угуп олтурдум.  Мен жак караӊгы, алар мени көрүшпөйт. Ошондо Алымкул Үсөнбаев “Лүлү мамажан” деген сүйүү жөнүндө ыр ырдады. Анан “Шекербек, сен да комузуӊду колго ал” деп калышты. Ошондо Шекербек:

Жети жылы пияда, жөө кайтардым Гүлгаакы,
Жетемин деп өзүӊө, төө кайтардым Гүлгаакы,
– деп төктү. Ал эми Бөлөбалаев болсо барган жерден нөшөрдөй эле төгөөр эле. Колхоздун алдыӊкы эмгекчилеринин, жаман иштегендеринин тизмесин алдын ала алып, жаттап, ырга кошуп айтчу.  Эл тим эле жыргап угат. Ал убактын угуучулары да өзүнчө бир башкача эле.

– Мыскал Өмүрканова, Нинакан Жүндүбаева, Мейилкан Козубекова ж.б. апаларыбыз менен учурунда чогуу жүрүп калган экенсиз.
– Нинакан Мыскал жөнүндө минтип жазган:
Мыскал деген ким эле.
Мыкты ырчынын бири эле.
Көмөкөйдө көлкүлдөп,
Көөдөнү толо үн эле.
Алымканды созгондо,
Апкаарчубуз тим эле.

Чындыгы Мыскал ошондой  таланттуу, ак көӊүл жан болчу. Нинакан анан кыздардан чыккан биринчи комузчу Мейликан Козубекова тууралуу да:
Мейликан деген ким эле?
Мелжиген тоонун күнү эле.
Чертип турса комузун,
Таӊшыган булбул тил эле,
–деп жазган.

-Кыргызстандык ырчылар согуштун кайнап турган жерине барып, концерт берген күндөр болуптур, кимдер барышчу эле?
– Асылбек Эшманбетов, Мыскал Өмүрканова, Муса Баетовдор барып келишкен. Тынар Эралиева, Асипа Исмаилова, Сексенбай Айманбетов, Асипа Өмүрзаковалар согуштун аягына чейин жүрүштү. Мыскал эже “согуштун өлчөсү курусун, ырдап атып качан келип ок тиет экен деп  зырылдап отурасыӊ” деп калчу. Тынар Эралиева, Асипа Исмаиловалар жарадар аскерлерди көрүп аяшканбы, айтор, санитарка болуп калып кетишиптир. Эралиева ошол жакта ок тийип өлүп калды. Исмаилова аман-эсен келген.

– Калык Акиевдин бригадасында кимдер бар эле?
– Адамкалый Байбатыров, Абдырашит Бердибаев бар эле. Эки көзү көрбөгөн Бердибаев “Көзсүзмүн мен, көрбөймүн, көрсөм го деп дегдеймин” деп ырдап калчу. Ал эми мага темир ооз комузду үйрөткөн Адамкалый Байбатыров болчу. Калык ата үчөөнө мен өйдө карабай, көйнөк-кечеси кирдесе жууп, чок салган үтүк менен үтүктөп берчүмүн. Калык ата “кө-өп жаша, көп жашасаӊ көптү көрөсүӊ” деп бата берчү.  Заӊкайып керилип баскан өӊдүү-түстүү киши эле. Ошолордун батасы тийдиби, айтор жашап атам.

Калык Акиевдин сакалы ак эмес, бирок сахнага биринчи чыкчу. Артынан сакалын аппак кылып Бөлөбалаев чыгат. Бою кичине, көздөрү күлмүӊдөгөн киши эле.

Калык буура, мен тайлак,
Качып турам жантайлап.
Каарына калсам Какемдин,
Жутуп коёт бир чайнап,
– дегени бар.

– Калык ата Осмонкул атадан улуу бекен?
– Жок. Калык Осмонкулдун устаты болчу, аны эл астына алып чыккан.  Анан устатка болгон сый-урматын көргөзүп, сахнага Калык Акиевден кийин чыкканы ошондон.  Дайыма Калык атаны өзүнөн өйдө коюп ырдап, өйдө коюп сүйлөчү.  Улуу муун ошондой эле. Артистерди тоскон үйлөргө киргенибизде да Ыбырай, Осмонкул, Калык, Акмат Рысмендиев келип орун алмайынча, Ш.Шеркулов, Т.Шабданбаев, Ы.Борончиевдер отурчу эмес. Алар ырдап бүтүп уруксат бермейин, беркилер ооз аччу эмес.

Атай Огомбаев, Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов, Молдобасан Мусулманкулов (манасчы болчу, Калый Молдобасановдун атасы) Осмонкул Бөлөбалаев, Ыбырай Туманов, Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев ж.б. залкарлар Дзержин бульвары менен чогуу басып калышчу. Ак жоолуктарын аркаларына таштап, 10-15 метр артта алардын байбичелери басчу. Мага алардын  басып бараткан күчүнөн тал-теректер ыргалып, жер солкулдап кеткендей сезилчү. Атаӊдын көрү, камера болуп,  тартып калганда го деп өкүнүп калам. Ал залкарлардын бульвардагы керемет басышы менин көз алдымда гана тартылып кала берди.

– Сүйдүм апа, ошол мурдакы залкарлар менен кийинки Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай аталарды салыштырып, эки заман жөнүндө ойлоносузбу?
– Менин өзүмдүн түшүнүгүмдө, мурдакы залкарларга караганда, орусча айтканда кийинкилери “балованный” болушту.  Элдин сыйын көтөрө да билиш керек экен. Айрымдары эрке болушту, элге эркелешти Ошолордун катарындагы Жапар Чабалдаев, Төлөш Турдалиев деген  кандай гана ырчылар, Гүлжан Сейиткулова, Жумагүл Исакова, Шайлоо Мукашова деген кандай кыздар бар эле. Баардыгы таланттуу, өӊдү-түстүү. Бирок, өтүп кетишти.

Жылдан жылга жылып барат катарым,

Жыл-жыбытым, жакын калды сапарым, – деп, мен да моюн сунуп күтүп отурган чагым.

– Бүбүсайра Бейшаналиева да сиз курактуу беле?
– Ооба, абдан назик, сулуу аял эле. Кайын энеге өйдө карабаган жакшы келин, күйөөсүн сыйлаган жакшы жубай, баласына жакшы эне болду. Сахнада ак куу көлдө сүзүп бараткандай бийлечү. Ал кезде азыркы көп кабаттуу үйлөрдөгүдөй шарт жок.  Бүбүсайра сыртка казан асып, суу ысытып, кир жууп, калонкага көтөрүп барып муздак сууга таптаза кылып чайкайт. Күйөөсүнүн, кайын эне, кайын ата, кайни, кайын сиӊди, баласынын кирин өз-өзүнчө жипке тизип, кыпчуур менен кыпчытып коёр эле. Биз үстүнкү кабатта жашачубуз. Баягыны карап таӊ калам. Өзүнө, кылган ишине, адамга жасаган мамилесине суктанам. Кийин мен да турмушка чыгып кеттим. Кир жуугунда эле баягы Бүбүсайраны эстейм, ошондой кылып жууп, кыпчуур менен кыпчытып коём мен дагы. Айылдык кызмын да, кирди куурай башына жая коюп көнгөн элек.

– Нуркамал Жетикашкаеванын күйөөсү, сиздин жездеӊиз Өмүркул Жетикашкаев кандай адам эле?
– Жездем кыргыз жаштары дегенде ичкен ашын жере койгон адам эле.  Нарындан Муса Баетов менен Мыскал Өмүрканованы таап, түз эле үйгө көчүрүп келген. Мыскалдын күйөөсү Сагынаалы, иниси Жапарбек, баласы Бектурсун жана сиӊдилери менен кошо баарысы биз менен эле. Кыштын күнү отун жогунан үйдүн ичи кыроо болуп калчу. Сагынаалы согушка кетип келбей калды. Мыскалга болсо жездем бир комната үй алып берип, бөлүп чыгарды. Алар чыккандан кийин “жатаканада жатышкан кичинекей балдар экен, ачка тоӊуп калбасын” деп, Сейдаалы Медетов, Эркин Мадемилованы үйгө алып келип койгон. Сейдаалы кийин чоӊ композитор болду. Согуш маалы, кыйынчылык эле. Ошентип ынтымакташып, биргелешип оокат кылчубуз. Азыр да элиме ошондой ынтымакты, биримдүүлүктү каалайт элем.

Динара Бейшеналиева, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

One thought on “Сүйдүм Төлөкова, КРнын эмгек сиӊирген артисти: “Атаӊ көрү, залкарлардын бульвардагы керемет басышы элесимде гана калды…”

  • 23.06.2012 at 07:23
    Permalink

    Atting ai, Syidym apanyn aityp bergenin okup, bir jylmaiyp, bir kozymo jash ailandy… Kyrgyzymdyn zalkar talanttary otyp ketishti. Menin ymytym jana tilegenim osholor syiaktuu talanttar dagy chygaar beken? Kyrgyzdyn madaniaty jana taryxy bilinbei akyryndap, jogolup ketebi dep korkom…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.