2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган

Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы берген маалымат боюнча, 2011-жылы Кыргызстанда 1070 аталыштагы китеп 1 млн. 705 миң даанада басып чыгарылган дейт “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты. Айта кетчү жагдай, сөз Китеп палатасынан эл аралык китеп номурун (ISBN) алгандар тууралуу болуп жатат.

Салыштыра кетсек, 2010-жылы 800 аталыштагы китеп 730 миң даанада басып чыгарылса, ал эми 2009-жылы 820 китептин нускасы 699 миңди түзгөн. Байкалгандай, 2011-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу китептин нускалары 233%га өскөн.

Басып чыгаруучулар жана китеп таратуучулар ассоциациясынын билдиргенине караганда, мындай өсүш 2010-жылдан кийин коомдогу социалдык, коомдук жашоонун, анын ичинде руханий жана чыгармачыл процесстердин активдөөшүсүнө байланыштуу. Ошондой эле Утурумдуу өкмөттүн китеп чыгаруу маселесине көңүл буруусу да өз салымын кошкон.

Андан сырткары 2011-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу окуу китептери 2 эсе көп басып чыгарылган.

Бул жерден 2011-жылы басып чыгарылып, Китеп палатасында катталган китептердин тизмеги менен тааныша аласыздар.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.