Кыргыз ӨҢҮнүн компьютердеги орду


Өлкөбүз эгемендик алганына жана кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 20 жылдан ашуун убакыт өткөнү менен компьютерди кыргызчалаштыруу маселеси, айрыкча компьютер бардык тармактактагы жумушту аткаруудагы негизги куралга айлангандан баштап көтөрүлүп келет. Алардын ичинен кыргыз тамгаларын, тагыраак айтканда биз көнгөн орус тамгаларынан сырткаркы “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларын компьютерде колдонуудагы маселе түйшөлтүп, аны чечүү жолдору чар-жайыт жүргүзүлүүдө. Жумушунун көбү компьютер менен байланышкан, керели кечке “Бишкекчанка” журналында редакторлук менен алектенген Назира Абдиева, алигече биздин 3 өзгөчө тамгабыз орусча клавиатурага “багынып”, кошумча түймөлөрдү басканда гана чыга тургандай болуп атканын айтып, “бул жагдай кыргыз тилинде жазууну компьютерге кийирүү ылдамдыгын бир кыйла азайтат” дейт ал.

Толугу менен

Posted in БилимТил | 3 Comments »

Комуздун канча түрүн билесиз?

Posted by kmb3 on 27th Июнь 2012

Кыргыз эли сөз менен айтып бүтүрө албаган тарыхын, кубаныч-кайгысын, муң-зарын, ой-тилегин күү менен беришкен. Жакшы-жаман кабарды комуздун коштоосунда айтып, дастанды төгүп, күүнү сыздаткан комуз «Манас» эпосунда эң жакшы айтылган. Комузду кытайлык тарыхчылар 2300-2500 тарыхы бар деп баалашууда.

Комуздун түзүлүшү

Бирок заманга жараша комуз да өзгөрүп, кеңири калк билбеген түрлөрү бар экен. Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайында альт комуз сабагынан берген мугалим Нурсалкын Жусурованын билдирүүсүндө, сырткы көрүнүшү, үнү боюнча айырмаланган дагы 5 түрү бар дейт.

Толугу менен

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.