«Аруу Дуйнө» адабий клубунун сынагы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата «Аруу Дуйнө» адабий клубу «Эгемен элимдин бүгүнкү абалы» деген теманын астында төмөнкү жанрлар боюнча конкурс жарыялайт:

  1. Поэзия (12 строфадан (куплеттен) ашпаган 1 ыр, шрифт 14)
  2. Прозалык чыгармалар (5 беттен ашпаган 1 аңгеме, шрифт 14)
  3. Сатиралар (2 сатира, шрифт 14)
  4. Анекдоттор (5 анекдот, шрифт 14)

Конкурска катышуу шарттары:

  • катышуучу жөнүндө толук маалымат,
  • конкурска катышуучулардын жашы чектелбейт,
  • чыгармалар кыргыз тилинде кабыл алынат,

Чыгармаларды кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-августуна чейин жүргүзүлөт

Конкурстун катышуучусу чыгармалардын электрондук вариантын, өзү жөнүндө толук маалыматты жана сүрөтүн aruudujno@mail.ru электрондук почтасына жибериши керек.

Конкурстун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:

Поэзия жана проза жанрлары боюнча:

1- орун — 1-даражадагы Диплом жана 5000 сом. (1 жеңүүчү)

2- орун — 2-даражадагы Диплом жана 2000 сом. (2 жеңүүчү)

3 – орун — 3-даражадагы Диплом жана 1000 сом. (3 жеңүүчү)

Ал эми сатира жана анекдоттор боюнча 4 жеңүүчү атайын баалуу белектерге ээ болот. Окурмандардын купулуна толгон чыгармалардан 3 авторго демөөрчүлөрдүн  атайын белектери ыйгарылат. Ошондой байгеге ээ болгон чыгармалар 2012- жылдын октябрь айында чыга турган «Аруу Дүйнө» аттуу жыйнакка акысыз жарык көрөт.

«Аруу Дүйнө» адабий клубунун конкурсту уюштуруу комитети.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу телефону: 8(925) 830-85-90

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.