Кыял Мансурова, кыякчы: “Кыргыз кыякчыларынын келечеги алдыда…”

– Кыял эже, алгач маегибизди чыгармачыл жаатта болуп жаткан жаңылыктарыңыздан баштасак…
– Чыгармачылык жааттагы жаңылыктардан айтсам, жакында эле орус тилиндеги “Не обещай” деген сүйүү темасындагы ырыма клип тарттырып бүттүм. Учурда телекөрсөтүүлөргө берип жатам. Кудай буюрса, аз күндө экран бетинен көрүп каласыздар. Мындан сырткары “Эл тиреги” деген патриоттук темадагы ырыма да клип тарттырууну максат кылуудамын. Кыскасы, күндүн ысыгына карабай дагы деле чыгармачылык менен алектенип жатам десем болот.

– Жайдын ысык аптабында элдин баары эс алууга чыгып жатышат. Жайкы эс алууңузду кантип өткөргөнү жатасыз?
– Ооба, учурда көптөр эс алууда жүрөт. Бул туура. Эс алууга да убакыт табыш керек. Биз дагы жыл сайын жайында үй-бүлөбүз менен көлгө барып, жакшы пансионатта 5 күн эс алабыз. Андан кийин жакын туугандарга жана көлдө жашаган теңтуштарга жолугуп, чер жазыша тамашалашып келебиз. Ушундай эс алууга чыкканда мен дайыма скрипкамды жаныма алып алам. Убактым болуп, бошой калганда өзүмчө отуруп, скрипкада ойнойм. Бул менин эс алуума аябай чоң жардамынын тийгизет. Көл жээгинде толкундун шарпылдаган добушун угуп, скрипка чертип ойноп отурсаң, керемет да.

– Сиз башында скрипкада гана ойночу элеңиз. Эми ырдап да жатасыз. Ырчылыкка аралашууңузга эмне себеп болду?
– Кыргыз эли талантка абдан бай. Муну мен көбүнчө айылдагы теңтуштардын арасында отурганда көп байкайм. Ыр кесе болгондо баары эле ырдашат. Ырдай албайм дегендер саналуу гана. Мен дагы башында теңтуштардын арасында созуп калчумун. Ырдаган башынан эле аябай жагат. Сахнада жүргөндүктөн, ырчылык жактан да өзүмдү бир сынап көрөйүн дедим. Менимче, жаман болгон жок. Дагы көп күч жумшасам, менден мыкты ырчы чыгарына ишенимим зор. Бирок скрипка мен үчүн эң башкы орунда турат. Кыягымды аябай жакшы көрөм. Ырдабай калган күндө да скрипкамды колумдан түшүрбөйм.

– Чоң сахнага жаңы ырдап чыгып жатасыз. Ырчы болуу оор бекен?
– Албетте, бардык эле нерсени жаңы жасап жатканда кыйналасың. Анткени кандай гана иш болбосун анын өз түйшүгү, оорчулугу бар. Жандүйнөм ырга жакын болгондуктан ырдагандан көп деле кыйналган жокмун. Бирок үйрөнө турган нерселерим абдан көп. Бул жаатта дагы көп иштешим керек. Ырчылык: опералык, эстрадалык, элдик үн деп үчкө бөлүнөт. Мына ушул үч багытты мыкты өздөштүрүү зарыл. Ар бирин айырмалап билүү абзел. Ошого жараша өз багытыңды, үнүңдүн туура келгенине жара тандап алышың шарт. Дагы айта турган нерсе ырдаганды мен мектептен тарта окугам. Окуучу кезимде атам мени мектепте өткөн ар кандай салтанаттарга катыштырып, ырдашымды талап кылчу. Мына ошол кичинекей нерсе олуттуу кесипке өсүп жетти. А чынында музыканы сүйгөн талантуу адам ырдаганды жана ар кандай музыкалык аспаптарда ойногонду бат эле өздөштүрө алат деп ойлойм. Эң башкысы каалоо анан талыкпас эмгек керек.

– Жаңы жаздырган “Эл тиреги” деген патриоттук темадагы ырыңыздын жаралуу тарыхына токтолуп кетсеңиз?
– Аскер ансамбли менен аскердик бөлүктөргө концерт коюп көп барчубуз. Биздин концерттер аскер кызматкерлерине аябай жакчу. Концерттин соңунда балдар бизге гүл белек кылышчу. Шаардын четинде, гүл сатылбаган жерден алар кайдан гүл табышчу, билбейм. Мына ушул нерсе мени азырга чейин таң калтырып келет. Аскер кызматкерлеринин ушул кадамдары менин ырымдын жаралашына себеп болду окшойт. Мындан сырткары бир жолу түшүмдө, бир айылдын концерттик залында концерт берип жатабыз. Биз концерт берген имараттын төбөсүнөн суу тамчылап, эшикте катуу жамгыр жаап жаткан экен. Залдын ичи толо аскер кызматкерлери. Сахнада үч артист, бири аккордеондо ойноп жатса, бири комузда, а ырчы болсо “Эй таластык жигит” – деп жигиттерди алга сүрөп, артка качпоого чакырган патриоттук багытта ырдап жатат. Эртең менен ойгонсом, жаңылыктардан Таласта бийликке каршы эл көтөрүлүп, М. Конгантиевди кармап алышканын айтып жатыптыр. Менимче, 6- же 7- апрель күнү болчу. Аябай таң калдым. Ошондон кийин эле революция болуп кетти. Андан кийин түшүмдөгү окуяны ыр кылып жазуу идеясы пайда болуп, ал идеяны көпкө чейин жүрөгүмдө жашап жүрдү. Акыры ыр жазууну чечип, акын Кыялбек Урманбетов агайга барып, ырдын тексттин түшүндүрүп бердим. Кыялбек агай, менин айтканым боюнча “Эл тиреги” деген ырды жазып берди. Бул ырымды Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган патриот жигиттерге арнадым. Ырас, биз чакан өлкөбүз. Бирок тарыхка байбыз. Тарыхы бар элдин келечеги да кең.

– Качан жеке концертиңизди берейин деп жатасыз?
– Менин сахнада жүргөнүмө көп эле убакыт болду. Бирок ушул кезге чейин жеке концертимди берүү туурасында чечим кабыл алган эмес элем. Анткени мен жеке концерт берүүгө даяр эмес болчумун. Анын да өз түйшүктөрү бар. Эптеп-септеп эле концерт берип койгум келбейт. Ушул убакытка чейин даярдык көрүп келдим. Кудай буюрса, ушул күздө жеке концертимди берейин деп жатам. Менимче убактысы да келди көрүнөт. Учурдан пайдаланып, өнөрдү баалаган капчыктуу бизнесмен мырзалардын күз айында бере турган концертиме демөөрчүлүк кылып беришин суранып кетет элем.

– Кинодо өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?
– Ооба, киного тартылып, актрисалык өнөрүмдү сынап көрүү кыялымда бар. Бирок актриса болуу абдан оор. Кинодогу каармандын образын көрүүчүгө жогорку деңгээлде ачып берүү бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Бул үчүн биринчиден табият тартуулаган талант болушу керек. Ошентсе да, өзүмдү тасмада сынап көрсөм дейм.

– Чыгармачылыктын түйшүгү оор дешет. Чыгармачылыктын жүгүн көтөрүп кете аларыңызга ишенесизби?
– Албетте, чыгармачылыктын түйшүгү өтө оор. Чыгармачылык – бул өзүнчө бир чоң дүйнө. Андыктан бул жоопкерчиликтүү чөйрөгө аттангандан кийин, ал жоопкерчиликти мойнума алып, чыгармачылыктын түйшүгүн көтөрүп кете алам деген ойдомун. Мындан сырткары бул жашоодо ар бир адамдын алына жараша талант берилет. Ошондуктан Жараткан мага талант бергенден кийин анын жүгүн көтөрүүгө жете турган күчтү да берет деп ишенем.

– Ырчылыкты кесип катары карасак болобу?
– Менимче, профессионал музыкант, чыгармачылыкка, искусствого олуттуу көз караш менен карашы керек. Ырчылык мен үчүн хобби дегендерге кошулбайм. Ырчылык кесип. Болгондо да өтө олуттуу мамиле кыла турган кесип. Анткени сенин чыгармаңды бүтүндөй эл угат. Сен эл үчүн иштейсиң. Ошол себептен, алгач өзүңдү андан кийин сенин талантыңды баалаган элди, талантың сыйлашың керек. Эгер өз талантыңды өзүң сыйлабасаң анда сенин талантыңды эч ким сыйлабайт.

– Кыргыз кыякчыларынын келечегин кандай элестетесиз?
– Тилекке каршы, бизде мыкты, профессионал музыканттар аз санда. А талантуулар аябай көп. Мына ошол таланты ташкындаган жаштарга колдоо көрсөтүп, багыт берген адамдар жок болуп жатат. Бул бир чети биздин азыркы экономикалык абалыбыз менен да байланыштуу. Анткени чыгармачыл адамдарда ашыкча каражат таба турган жумуштары жок. Айлыктары болсо аз. Ал аз айлык менен эл аралык деңгээлге көтөрүлө албайсың. Чыгармачылык чоң каражатты талап кылат. Бир ырды жаздыруу үчүн эле бир топ акча жумшайсың. А мыкты ырчы же кыякчы болууга бир эмес он ыр аздык кылат. Менде кээде чыгармачыл адам болуш үчүн аябай бай болуш керек окшойт деген ойлор пайда болот. Эгер акчаң болсо, өзүңдүн кыялыңдагы клипти тарттыра аласың да. Бирок биз каражаттын жоктугуна моюн сунбай, кыякчыларды тарбиялап, колдоп өстүрө беришибиз керек. Кудай буюрса, кыргыз кыякчылары келечекте дүйнөнү багындырат деп ишенем. Эң башкысы, аракет, каалоо, патриоттук сезим болсо болду.

– Атаандаштык бар жерде өсүү бар дешет. Кимге атаандашасыз?
– Мектепте окуп жүргөн кезимде ар кандай сынактарга көп катышчу элем. Өзгөчө эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышканда мектебиң, окутуучуң, бүтүндөй өлкөң сенин жеңишиңди күтүшүп жатышканын туюп, жеңишти багындырууга, атаандашыңды кандай гана болбосун жеңүүгө күч жумшайсың. Чынында менин да өсүүмө ушундай эл аралык кароо-сынактар түрткү болду десем жаңылышпайм.

– Кандай жанрдагы ырларды ырдоо жагат?
– Негизи Джаз стилин жактырам. Көбүнчө кыякта да жаз жанрындагы музыкаларды, ырларды аткарам. Бирок азыркы учурда элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан эски ырларды ырдагым келип жүрөт.

– Ким менен сырдашасыз?
– Өзүмдүн эң мыкты кеңешчим- өзүм (тамаша). Чынымды айта турган болсом, көбүнчө апама кайрылам. Болгон сырымды апама айтам. Менин сырдашым да, кеңешчим да апам. Анткени жалгыз гана апам эң адилет, калыс сөзүн айткан адам.

– Эмнеден ырахат аласыз?
– Тыным албай иштеп, ошол ишимдин өтөөсүнө чыккандан ырахат алам. Өзгөчө, алдыга бир максат коюп, ошол кыйынчылыкты жеңип, максатыңа жетсең, бул өзүнчө эле бир чоң ырахат. Негизи эле мен жашоодо оптимистмин. Алдыга, алдыга деген ураан менен жашайм.

– Бешбармакты кандай жасайсыз?
– Оо, бул өзүнчө чоң – искусство. Тамак жасаганды мен турмушка чыккандан кийин гана үйрөндүм. Ага чейин апамдын даамдуу тамактарын жеп гана жүрө берчүмүн. Бирок тамак жасоонун кыйынчылыгы деле жок экен. Эң башкысы жакшы маанай менен көңүл коюп, анан фантазияңды иштетип койсоң жетиштүү болот. Албетте, тамак жасоо жагынан укмушмун деп айтпайм. Эң башкысы мен жасаган тамакты менин үй-бүлөм жана конокторум тамшануу менен жешет. Мага ушул жетиштүү.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”) 20.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.