«1 000 000 сом байгеге манасчылар ат салышат»

-Шайырбек мырза, сиздер уюштуруп жаткан бул сынак бир эле жолку сынакпы же кийин дагы өткөрүлүп турабы?
-Эми бул сынакты биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Биз эс тарткандан бери мындай чоң конкурска элибиз деле биринчи жолу күбө болуп жаткан болуш керек. Ооба, буга чейин манасчылар арасында майда-чүйдө таймаштар болуп келген. Тандоо туру 20-июлда өткөрүлүп, кыргыздын каймагы болгон адамдар ошол жерде калыс болот. Катышкан манасчылардан 5 гана манасчы калыстар тобу тарабынан тандалып алынат. 1 000 000 сом байге ошол 5 манасчынын ортосунда ойнолот жана 5 манасчынын ар бирине 5-6 сааттан убакыт беребиз түз эфирде. Бул мелдеште заманыбыздын Саякбайын, азыркы заманыбыздын Сагынбайын жана азыркы заманыбыздын улуу залкар манасчысын тандап чыгарабыз деген жакшы ниетибиз бар. Ал эми бул сынак жылда өтүп турабы, кандай болот ал эми мезгилдин иши, келечек көрсөтөт.

– Сынакка катышуучулардын жашы чектелгенби?
– Катышуучулардын жашы чектелген. Менимче,18 жаштан жогорку жаштагылар катышат го. Бул боюнча атайын уюштуруу тобу бар бизде, алар өзүнчө жобосун жазып атышат.

-Кандай адамдар демөөрчү боло алат, мисалы 20 сому бар адам деле каалоосу менен өз салымын кошо алабы?
-Буга Айтыш Коомдук фонду 1000 000 сом берип жатат. Баарыңыздар билгендей, Айтыш Коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык-Шер-Нияз, демилгечиси мен. Бул демилгени 3 жыл мурун көтөргөм. Манасты канчалык көп айттырсак ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болот. Атын атап, ошолордун арбагын сүйүнтүп куран окутуп коюш дагы ниетибиз бар. Анан демөөрчү болом дегендерди чакырабыз. Жардам берели, абдан чоң конкурс өтүп жатыптыр биз дагы демөөрчү болобуз деген ар бир инсанды демөөрчүлөрдү, кызматташтыкка чакырабыз. 1000 000 сом бул байге фондуна гана. А уюштуруу иштерине бир топ чыгымдар болот.

-Өзүңүз Манас айтасызбы, кайсы жерин айтасыз, кайсы жери жагат?
-Мен анча-мынча койгулаштырып, эргигенде кээде айтам. Бардык эле кыргыз жамакчы да, бозокордун да, өзүнүн манасчысы болот деген сыяктуу. Өзүмө ылайык эпизоддорун, өзүм билгендей айтып калам. Айрыкча Каныкейдин жомогун жакшы көрөм, мен ошону Манастан алып балдарыма кээде окуп, кадимкидей Манас айтып жаткан адамдай болуп, обонуна салып айтып берем.

Бурулай САУТКАН кызы, “Эркин-Тоо”, 24.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.