Жаңы адабий сынактар

 

Махмуд Кашгари атындагы II Эларалык прозалык чыгармалар боюнча сынак жарыяланды

Махмуд Кашгари атындагы II Эларалык проза чыгармалары боюнча сынак жарыяланганын «24.kg» МАга «Турар» басмасы менен «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналынан маалымдашты.

«Жаңы Ала-Тоо» журналынын баш редактору Тилек Мураталиевдин айтымында, темасы – эркин. Аймактар боюнча чыгармаларды акыркы тапшыруу мөөнөтү: 30-август, 2012-жылга чейин. Ал эми жеңүүчүлөрдү аныктоо 30-сентябрга белгиленген.

Аймактарда сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрында. Эларалык жыйынтык ноябрда чыгарылат, тапшыруу аземи: 2012-жыл, декабрь.

«24.kg» MA, 13.07.2012-ж.

“Мага жакын” адабий сынагы

Сынактын уюштуруучусу “Ковчег” жаш калемгерлер чыгармачыл уюму. Демөөрчүсү – “Сорос-Кыргызстан” фонду

Сынактын максаты: жаш калемгерлердин бир-бири менен таанышуушусуна жана алардын чыгармачылыгын өсүп-өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

Сынактын номинациялары:
— Поэзия
— Кара сөз

Кыргыз жана орус тилиндеги чыгармалар кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү: 13-июлдан 13-августка чейин.

Эң мыкты чыгармалар “Мага жакын” альманахында жарыяланат.

Сынакка катышыш үчүн чыгарманы жана толтурулган анкетаны lit.network.kg@gmail.com дарегине жөнөтүш керек.

Анкетанын формасы бул жерде.

Чыгармалар жана анкета төмөнкү форматта болушу абзел: MS Word (.doc же .docx), шрифт Times New Roman, өлчөмү: 12пт 1,5 интервал менен.

Чыгармалардын көлөмү:
— кара сөз — 20 миң белгиге чейин (пробелсиз)
— поэзия — 50 сапка чейин.

Катышуучулардын жашы: 16дан 35 жашка чейин.

Толугураак маалымат бул жерде.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.