Premia.kg сынагына катышкыла

Мындан 3 жыл мурда Интернеттен кызыктуу кыргыз тилдүү сайтты табуу кыйын эле. Азыр болсо абал бир кыйла  жакшыра түштү. Улам жаңы пайда болуп жаткан сайттардан баш айланат. Кыргыз тилдүү сайттардын саны гана өспөстөн сапаты да азыр таптакыр башка деңгээлде. Ушуга байланыштуу мен кыргыз тилдүү сайттарды  Кыргызстанда жайгашкан жана Кыргызстан тууралуу жазган сайттар арасындагы Premia.kg сынагына катышууга чакырат элем. Сынактын уюштуруучулар маалымдагандай, “Premia.kg Улуттук интернет-сыйлыгын уюштуруп жатып биз Интернеттеги кыргызстандык сегментти өнүктүрүүнү жана кыргызстандык интернет-коомчулукту бириктирүүнү гана көздөбөстөн, өлкөбүздүн жалпы өнүгүүсүнө салым кошууну ойлонуштурган элек. Premia.kg сыйлыгынын негизги максаты – ата мекендик мыкты интернет-булактарды аныктап көрсөтүү гана эмес, мүмкүн болушунча кыргызстандык бардык долбоорлордун атын чыгаруу жана жаңы, кызыктууларын түзүүгө өбөлгө түзүү.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.