Академик Абдылдажан Акматалиев: “Айтматовду Эркиндик деп түшүнгөн…”

– Аалам алпы Айтматовдун арабыздан кеткенине төрт жылдан ашык убакыт болду. Андан бери өлкөбүздө саясий-коомдук өзгөрүүлөр жаралып, элдин аң-сезими ойгонуп, демократиялык жолго багыт алдык окшойт. Ушул көрүнүштөрдү көрсө Айтматов кандай кабыл алар эле? 
– Аттиң десең, өзүң айткандай Айтматов ушул кезде биз менен чогуу болгондо заманыбыздын агымы прогрессивдүү жакка дагы ылдам болоор беле деп ойлоп кетем. Себеби атагы таш жарган жазуучу гана эмес, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары коомубуздун өсүп-өнүгүшүнө зор таасирин тийгизмек. Чет элдик мамлекеттердин, өзгөчө КМШ мамлекеттеринин арасында абройлуу болмокпуз. Түп тамырынан жаңырып келе жаткан эркин мамлекетибизди ар тараптан колдоп турмак. Сүйүнүч, күйүнүчүбүзгө ортоктош болуп турмак.

– Эмне үчүн ошондой деп ойлойсуз. Акаевдин, Бакиевдин заманында Айтматов активдүүлүгүн көрсөтө алган жок го? 
– Ал замандар башка болчу. Бийликтегилер Айтматовдун бийик аброю алардын сыймыгын талашып жаткандай көрүп, көп учурларда аны көрмөксөн, укмаксан болушу, тоскоолдуктар, жолтоолор анын көңүлүн муздатып салган. Ооба, алгач Аскар Акаевге терең ишенген, демократиялык эркин заманды курабыз деп ойлогон. Бирок, кийин ал ойлогондой, күтпөгөндөй болуп чыккан. Президенттин жан-жөкөрлөрү Айтматовду моралдык-психологиялык жактан катуу көзөмөлгө алган. Ал эми Бакиевдин заманын жан дүйнөсүндө таптакыр эле кабыл алган эмес. Бакиевдик алмашууну “төңкөрүш” деп атаган, ал үчүн моралдык куугунтукка, басмырлоого учураган. Өткөн эки заманда тең Айтматовдун айланасына айрым бийлик менен пикир келишпеген адамдар келип-кетишип, топтолушуп, кеңешип турушкан. Оппозициянын лидери болуп берүүлөрүн тымызын суранышкан. “Сизди эл ээрчийт, бир эле сөзүңүз менен жеңип кетебиз. Чет элдиктер сизди колдойт” деген ойлорун айтышканын байкагам. Бирок, Чыңгыз агай болгон жок. Биринчиден, бийликти өзү каалаган эмес, экинчиден, элдин тагдырын ойлогон, кан төгүлүп кетмек, абийирибиз бүткүл дүйнөгө төгүлмөк. Анык көрөгөчтүк кылган экен. Макул дебегендиги үчүн оппозициялык газеталар Айтматовго асыла башташты. Орустар айткандай “иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн эле”! Ал эми бийлик да өзүнчө “иш-чара” жүргүзүп, коомдон Айтматовду сүрө баштаган. “Аятолла Айтматов” деген макала бекеринен чыкты дейсиңерби?! Атайы тапшырма менен жазылган. Кийин ал макала ким тарабынан жазылганы билинип калган. Азыркы Президент Алмаз Атамбаевди илгертеден бери, тагыраак айтканда Жазуучулар Союзунан бери билген, анда Айтматов төрага, Атамбаев Адабий фондунда иштөөчү. Адабий фондунун маселелери боюнча төрагада көп эле болгон, өзүм да күбөмүн. Кийин Атамбаев оппозицияда жүргөндө да алардын карым-катыштары үзүлгөн эмес. Чыңгыз агай чет элден келгенде Атамбаев инилик кылып мейманга Сүйүнбай Эралиев менен чакырып турган, бири-бирин түшүнүшкөн. Анын үстүнө Президенттик шайлоого 2009-жылы түшкөндө Чүйдө чоң жыйын өткөрүп, “бийлик маркум Айтматовду унутуп калды”- деп чыкпады беле! Мына ушундай себептерден улам азыр Айтматов тирүү болгондо бүгүнкү коомдук өзгөрүүлөрдү колдомок деп айтып жатам. Балким, жаңылып жатаармын.

– СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачевду да колдободу беле! “Жаңылып калыптырмын” – деген оюн билдирген эмес беле?! 
– Жок. М.Горбачевду СССР Жогорку Советтин съездинде эң алгач сүйлөп, кандидатурасын алып чыккан. Ошондо ошончо делегаттардын ичинен биринчи сөз кыргыз Айтматовдун тагдырына туш келгенине кубанганбыз, сыймыктанганбыз. Экөөнүн мамилесин өзүнчө сөз кылууга татыйт.

– Ошол мезгилдеги оппозиция деп жатпайбызбы?! Өзү лидер болбосо кимди лидер катары көрчү эле? 
– Эми оппозиция катары эмес, тажрыйбалуу деп Апас Жумагуловду, Насирдин Исановду келечектүү деп Феликс Куловду, Өмүрбек Текебаевди, Юруслан Тойчубековду деп айтып калар эле. Феликс Кулов менен Юруслан Тойчубеков Президенттик шайлоого катышып, мамлекеттик тилден экзамен берип калышты. Мен комиссиянын мүчөсү элем. Мен жактаган күндө да, ар кандай кырдаал менен Тойчубеков экзаменден өтпөй калды. Ошондо агай комиссиянын чечими туура болбой калгандыгын айтты эле. Ал эми Феликс Куловдун мамлекеттик тилден экзамен бербей калышын жобонун туура эмес экенинен көргөн.

– Биздин Президенттерге караганда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Турциянын Президенти Сулейман Демирель чакырып, мейман кылып, кеңешип турушкан эмеспи?! 
– Туура айтасың. Алар Айтматовду чын дилдеринен сыймык тутушчу. Эгерде алардын мамлекеттеринде турууну кааласа, бардык шартты түзүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Ал эми Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Алма-Атадан жөн эле командировкага келип-кетүү үчүн үч бөлмөлүү үй бөлүп берип, турмуш-тиричилигине керектүү маселелерди чечүү үчүн “БТА” банкынын кеңешчиси кылып дайындаган. Бизде андай болгон жок. Бир күнү агай экөөбүз жашоо шарт тууралуу сүйлөшүп калдык. “Агай – дедим, – мына, Калмыкстандын Президенти Кирсан Илюмжанов Эл жазуучусу досуңуз Давид Кугульдиновго атайы жер бөлүп, үй сарайын салып берди” – деп сөздүн кыйабын келтирдим. Менин эмне айтарымды илгирлетпей, дароо түшүнүп, “Биздин Президентке андай ой кайдан келсин, алар такыр башка”- деп койгон. Айтматовдун 80 жылдык мааракесин да коңшу өлкөлөрдүн Президенттери баштап бербеди беле! Баса, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов “Борбордук Азия элдеринин маданият ассамблеясын” түзгөнгө атайы Чыңгыз Айтматовду чакырган болчу. Менин бактыма ар кайсы жылдары Президенттер С.Демирель, М.Горбачев, Н.Назарбаев, И.Каримов менен Чыңгыз агайдын кездешүүсүн көрүүгө туура келип калды. Алардын урматтоосу, сыйлоосу өтө башкача эле.

Чыңгыз Айтматов Казанда же Германияда ооруп жатканда биздин мамлекет башчыларыбыз ал-абалын барып көрүүгө көңүлдөрү келбегендиги таң калтырат. Жек көрүшсө да сөзсүз барып дүйнөлүк жазуучунун өмүрүн сактап калууга милдеттүү болушчу. Кыргызстан алдында гана эмес, Аалам алдында. Алар антпей, тойлордо сайран куруп жүрүштү. Теле-радиодо, басма сөздөрдө Айтматовдун абалы жакшы болуп калды деген жалган кабарларды беришип, окурмандардын көңүлүн жоошутуп жатышты. Ал гана эмес Айтматов кофе ичип отурат деп да жиберишти. Биз, окурмандар жалган кабарды кайдан билдик, ошондо Ош педагогикалык институтунда жазуучунун 80 жылдыгына арналган конференцияга республиканын туш тарабынан келген окумуштуулардын сүйүнгөнүн айтпа!

Ал мезгил дагы такталар. Көп түшүнүксүз жагдайлар бар.

– Сиз Чыңгыз Айтматовдун саясий көз карашына кандай карайт элеңиз? 
– Өзү жазуучу болсо да башынан эле саясаттын чордонунда жүрдү. Эгерде Советтер Союзу мезгилинде Жогорку Советтин, республиканын да депутаты болуп келген. Кайра куруу мезгилинде СССР Президентинин Кеңешчиси катары саясатка катуу аралашкан. Өзгөчө 90-жылдардагы Ош окуясына баа берүүдө Айтматовдун зор ролун баалабай, көрмөксөнгө салып, кээде бир беткей, тескери карап келебиз. А чындыгында каалайбызбы, каалабайбызбы Ош трагедиясынын басылып, кыргыз-өзбек элинин достугунун сакталып калышына, тынчтык жашоонун орношуна Айтматовдун атак-даңкы, кадыр-баркы чоң мааниге ээ болгон. Саясий көз карашы менен Президенттер эсептешип турушкан. Анын НАТОго Кыргызстандын өкүлү болушу көп нерсени айтып турат. “Ысык-Көл форуму” дүйнөлүк саясатка да өз таасирин тийгизген болчу.

– Эгемендүүлүк мезгил Чыңгыз Айтматовго эмне берди? Балким, ал улуу державанын улуу жазуучусу болуп жүрө берсе болбойт беле?! Атак-даңк дагы далайга кетмек эле… 
– Айтматов эркиндикти сүйгөн жазуучу болгон. Ал чыгармачылыкта гана эмес, мамлекетибиздин эркин болушун каалаган. Өзүнүн кызыкчылыгынан мамлекеттин эркиндигин жогору койгон. Бирок, ушул эркиндикти сактап, коргоп калууга тынчсызданган. Эгемендүүлүк Айтматовго элинин эркиндигин берди. Ыр саптары менен да айтып берейинчи:

Биз жүргөндө кошоматтап, дардактап,
Бийлигинен саясаттын жалтактап,
Совет заман чектөөсүнө моюбай,-
Келдиңиз Сиз Эркиндикти саксактап.

Айтматовду Эркиндик деп түшүнгөн,
Элчи барса ишин тездеп бүтүргөн,
Ысымыңыз Символ болду кыргызга,-
“Манастын” да тою болуп күтүлгөн.

– Эгемендүүлүктүн жыйырма бир жылдыгы да келип калды. Сиздин мааракеге айта турган сөзүңүз барбы? 
Кыргыз элим, табиятың Эркиндик,
Жан дүйнөң да турат эңсеп бийиктик,
Эгеменге жеттик оңой, а бирок…
Сенден күтөм Ынтымактык, Биримдик…

– Маегиңизге рахмат! 

Маектешкен Эрнис Балбаков, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 31.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.