Бурул Сагынбаева: “Түрк элдеринин тилинин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу”

Стамбул шаарында түрк тилдүү элдердин адабиятын, тилин, фольклорун, тарыхын, маданиятын изилдеген түркология илими боюнча Түркологдордун I эл аралык симпозиуму өттү. Аталган жыйынга Кыргызстандын атынан катышкан филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Бурул Сагынбаева менен илимий жыйын тууралуу маектештик. 

– Бурул эже, Түркияга кош келиңиз. Түркологдордун I эл аралык симпозиумуна катышуу үчүн Стамбулда сапардасыз. Сиздин Кыргызстандагы эмгектериңизден улам жакшы тааныйбыз. Окурмандарга өзүңүз жөнүндө айтып бересизби?
– Өзүм жөнүндө кеп салуудан мурда “Кыргызстандан Бурул эже келиптир” деп сый мамилеңерди көрсөткөнүңөр үчүн жана симпозиумдун ишине да кызыкканыңарга чын жүрөгүмдөн ыраазы экендигимди билдирип коёюн. Өзүм жөнүндө айтсам: учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп иштеп жатамын. Биздин илимий багытыбыз – түркологияны өнүктүрүү жана жайылтуу.

– Илимий багыт жөнүндө сөз болуп калды. Илимпоз катары илимий изилдөөлөрүңүз, эмгектериңиз боюнча айтып берсеңиз? 
– Эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай кызматташтыктар улам күч алган сайын илимий байланыштар да тереңдеп, түрк жана кыргыз тилдерин салыштырып, салыштырма пландагы окуу куралдарын жазып, сөздүктөрдү түзүү милдети бизге – тилчи-окумуштууларга бир чоң милдетти аркалады. Ошондой зарылчылыктан улам 90-жылдардан тартып эле кыргыз тили менен түрк тилинин грамматикалык материалдарын салыштырып, алардын өзгөчөлүктөрүн териштирүү максатында иштей баштадык. Ошентип, сүйлөшмөдөн баштап терминдер сөздүгүн, котормо сөздүктөрүн түзүп, түрк жана кыргыз тилдеринин салыштырма морфологиясынын негизинде окуу китептерин, монографияларды жазып, кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргодук.

– Өзүңүз катышкан Юнус Эмре институту тарабынан уюштурулган симпозиумга токтолуп өтсөңүз? 
– “Түркологдордун I эл аралык симпозиумунун” программасын интернеттен окуган элем. Анда Юнус Эмре институтунун түркология боюнча түзгөн долбоору, Түркиядан сырткаркы мамлекеттерде түрк цивилизациясынын таанытылуусу, түрк тилинин окутулуп-үйрөтүлүүсү, магистрант, докторанттарды даярдоо маселеси, эң негизгиси, дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык жерлеринде түркология борборлорунун ачылышы сыяктуу маселелер коюлган экен. Симпозиумдун жүрүшүндө программа боюнча баяндамалар окулду. Юнус Эмре фондунун, “Түрк Дили” коомунун, ТИКАнын башчылары, айрым министрликтин министрлери өздөрүнүн баяндамаларында түрк тилин үйрөтүү үчүн болгон аракеттердин жумшалуусу, кадр, китеп, стипендия менен камсыз кылуу, тил жана маданият аралык байланыштарды чыңдоо сыяктуу олуттуу маселелердин тегерегинде сөз сүйлөштү. Бул жерде көбүнчө түрк тилин үйрөтүү жана түрк тилин дүйнөгө жайылтуу багытындагы ой-пикирлер айтылды. Бул иш-чарага ар кайсы мамлекеттерден элүүгө жакын түрколог өкүлдөр катышты. Алар Япония, Кытай, Монголия, Индия, Пакистан ж.б. өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн болуп, англис, славян, роман, герман, фин, түрк тилдеринде сүйлөгөн түркологдор бири-бирибиз менен түркчө сүйлөшүп, түрк тилинде ой-пикирлерибизди бөлүштүк. Ким кайсы багытта иштейт, эмне кылып жатат, дагы эмне кылсак болот, кандай проблемалар болуп жатат деген маселелер боюнча талкуулар болду. Көптөгөн илимпоздор менен тааныштык. Дүйнөдө эл аралык байланыш тили ангилисче, немисче, французча болуп, төртүнчү эл аралык тил – бул түрк тили болуп бараткандыгы байкалды.

– Бул симпозиумдун жүрүшүндө сизде кандай жаңы пикирлер пайда болду? Эмнелерге таасирлендиңиз? 
– Симпозиумдун негизги темасынын бири – түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин тилин, адабиятын, фольклорун, тарыхын, маданиятын окутуп-үйрөтүү маселеси эле. Симпозиумда сырт жактан келгендерди түркология багыты боюнча белгилүү бир чек менен сынаксыз жана бекер магистиратурага, докторантурага кабыл алып, окутабыз, аларды кайра өзүңөрдүн бөлүмүңөрдө иштей турган кадр кылып даярдайбыз дешти. Ушул маселе боюнча менде мындай ой пайда болду: биз бүтүрүүчүлөрүбүздү бул жакка магистиратурага, докторантурага жиберсек, алар илимий иштерин коргоп, кайра келип, Кыргызстандын университеттеринде сабак беришсе. Анткени, Кыргызстанда айрым университеттерде түрк тили окутулат, бирок кадрлар жетишпейт.

Симпозиумдун эң башкы маселеси болгон тил үйрөтүү проблемасы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде алда качан чечилген. Бизде башка жактарга караганда тил үйрөтүү жаатында кыйынчылыктар, чечилбеген көйгөй жок. Биздин түркология бөлүмү түркологияны тар мааниде – жалаң түрк тилин үйрөтүү маанисинде карабайбыз. Бөлүмүбүздүн негизги максаты – тил, адабият, фольклор жаатында илимий изилдөө иштерин жүргүзө ала турган, билим жана тажрыйбасын келечекте колдоно ала турган кадрларды даярдоо. Бөлүм бакалвр, магистиратура, докторантура программалары боюнча иш алып барат. Мына ушундай маалыматтардан кабардар болгон биздин отурумдагы окумуштуулар: “Сиздерде маселе жок турбайбы”,-деп айтышты.

– Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде түркологиянын жалпы абалы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
– Ар кайсы мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнөн улам салыштырып көрүп, биздин бөлүмдүн окутуу программасы талапка ылайыктуу түзүлгөндүгүн байкадык. Симпозиумдун жеке отурумдарында окуу программасы боюнча, жазгы, күзгү семестрлерде кандай сабактардын окутулары жөнүндө да сөз болду. “Манас” университетинде Түркология бөлүмү ачылгандан бери Ахмет Бижан Эржиласун, Салижан Жигитов, Түнжер Гүленсой, Эсенгул Абдылдаев, Лейла Карахан, Мустафа Качалин сыяктуу белгилүү окумуштуулар иштеп кетишкен. Учурда Лайли Үкүбаева, Осмонакун Ибраимов, Кадыралы Конкобаев, Таалай Абдиев сыяктуу илимдин докторлору бар. Түркология бөлүмүн бүтүргөн мыкты стунденттер PhD докторлугун жактап, университетте иштеп жатышат. Бакалавр дипломдук ишинин, магистратура, докторантура диссертацияларынын материалдары боюнча бөлүмдө талкуу өткөрүлүп турат. Бул – илимде сапаттууларды тандоого болгон биздин аракетибиз.

– Алдыда “Манас” университети тарабынан уюштурула турган “Жаш түркологдор симпозиуму” болгону жатат. Бул илимий иш-чаранын максаты эмнеде? 
– Жакында “Жаш түркологдордун V эл аралык симпозиуму” болот. Бул иш-чара 2007-жылы Хүсейин Өзбай тарабынан уюштурулган. Максаты жаш түркологдорду бир арага топтоп, “түркологмун” деген жаштарды бирин-бири менен таныштыруу, достоштуруу. Экинчиден, илимий жактан байланышта болуусун камсыз кылуу. Буга чейин өткөрүлгөн илимий жыйындар да ушул максатта уюштурулган. Азыр бешинчи жолу болгону турат. Биз мактана турган эң жакшы нерсе – Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган симпозиум өткөргөнүбүз. Болду. Ошол биздин иш-чарага келип катышкандан үч, төрт айдан кийин каза болду. “Жаш түркологдордун биригип, илимий иш-аракеттерин, ой-пикирлерин бөлүшкөндүгүнө абдан кубанамын”,-деп жакшы ниеттерин айткан эле. Жаштарга ушундай бир жакшы жөрөлгөнү баштап бердик деген бир сыймык пайда болду да бизде. Хүсейин Өзбайга азыр дагы да рахмат айтып кетким келет. Жаштарга арналган атайын мындай эл аралык илимий симпозиум эч жерде жок экен. Бул жылы мурункуларынан айырмаланып, Түркиядан он беш чакты, Казакстандан элүүгө жакын жаш илимпоздор келет. Кызыккандар көп. Даярдыктар болуп жатат. Буюрса, жакшы натийжаларды берет деп ойлойбуз.

– Стамбулда кыргыз диаспорасынын борбору “Кыргызстан достук жана маданият коомунда” болдуңуз. Маданият борбору боюнча оюңузду уксак? 
– Стамбулда кыргыздардын “Кыргызстан достук жана маданият коому” уюшулуп, иштеп жаткандыгын көрүп, абдан кубандым, сыймыктандым жана толкундандым. Биздин – кыргыз элинин уучу куру эмес экендигине дагы бир жолу ынандым. Анткени кыргыз жаштарынын патриоттуулугу, эл-жерин сүйгөн, илим-билими жактан мыкты даярдыгы бар жаштардын мындай иш-аракеттерди аткарып жаткандыгы сыймыктандырбай койбойт экен.

– Бурул эже, биз менен маектешип, ой-пикирлериңизди бөлүшкөндүгүңүз үчүн чоң рахмат. Кошумча айта турган сөзүңүз барбы? 
– Кыргыз коомунун жетекчилеринин бири катары сага рахмат айтамын. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздөн максаттуу иштеп жаткан балдарды көрсөң төбөң көккө жетип абдан кубанасың. Мен сени көрүп, мугалимиң катары абдан сыймыктандым. Башка мамлекеттерден келген түркологдордун баары сенин билимиңе, ой жүгүртүүңө, башкаларга кылган мамилеңе баа беришти жана терең урмат көрсөтүштү. Ушул бойдон калбастан, алдыга умтулушуң керек деген жакшы сунуштарын ар бирөө айтып жатты. Мен да сага келечекте жакшылыктарды, ийгиликтерди каалаймын. Чынгыз Айтматовдой залкар адам болушуңду тилейм. Ал эми жалпы тилегим – түрк элдеринин маданиятына жана түрк тилдеринин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу демекчимин.

Маектешкен Өмер Күчүкмехметоглу, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.