Тарых Кожомкулдай алп көрө элек

Кыргыз элинен илгертеден эле баатырлар, балбандар көп чыккан. Биз бүгүн тарыхый инсаныбыз Каба уулу Кожомкулду эскермекчибиз.

Өмүрү жана өнөрү кийинки муундарга өрнөк боло турган Кожомкул балбан 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан. Бала кезинде байларда койчу болгон. 1921–29-жылы Суусамыр болушунда кедейлер комитетинин, андан кийин Суусамыр айыл кеңешинин төрагасы, 1950–55-жылы Сокулук районундагы «Победа» колхозунун кой фермасын башкарган. Кожомкул элге балбандыгы менен таанымал болгон. Анын эрдиктери бүткүл Орто Азияга белгилүү болуп, ар ким өз көзү менен көрүп, колу менен кармап көрүүгө боло турган мурастары сакталуу. Кылымда бир жаралган кыргыз алпынын бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 215 килограмм болгон. Совет доорунда анын балбандыгы, бою, салмагы азайтылып көрсөтүлүп келген. Адамдардын арасында турганда Кожомкул көкүрөгүнөн өйдө чыгып, алыстан көрүнүп турчу дешет. Колунун манжаларынын узуну эле 25 см., бутунун өлчөмү 56 см. болгон.

Кожомкул 635 килограмм салмактагы ташты так көтөрүп, 100 метрдей басып барган. Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 1247 кг. ташты тээп жылдырган. 15 жашында 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө, эңиште эч кимге жеңилген эмес. Казак элинен чыккан далай балбандар менен да күч сынашып жеңишке жетишкен. Казак балбаны Балуан-Шолакты жыккан, казакка даңазасы тараган. Жаш кезинде салмагы 400 кг. өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см. ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Эл аны азыр «Кожомкулдун ташы» деп аңыз кылат. Суусамырда Кожомкулдун мындай таштары Бөйрөк, Кең-Суу, Жоо-Жүрөк жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөнүндө бар. Чүйдөн Суусамырга баратып аты баспай калганда аны Төө-Ашуудан (ашуудан) өзү көтөрүп өткөн.

Атасы Каба баласынын ар бир кыймылын, келбетин байкап, анын балбандыгын арттырууга кеп-кеңешин берип турган. Кожомкул жаш кезинен эле аш-тойлордо өткөрүлүүчү эңиш-күрөшкө катыша баштайт. Кайсы бир тойдо күч сынашып көргүсү келген мактанчаак бир байдын сунушуна макул болот. Көйрөң немени көтөрө чаап, аны эл алдында уят кылат. Ошондон тартып, ал баатыр, балбан атыга баштайт. Бай ага көп жолу асылып, ал тургай жаңы тон, калтар тебетей кийгизип, он кой тартуу кылайын бир ирет жыгылып бер деп жалынат. Кожомкул мындай соодага макул болгон эмес. Анткени, ал өз күчү менен “соода кылууну” ойлобогон карапайым адам болгон.

Кожомкул бир адам менен кер-мур айтышып калат. Ал адам өтө чыр мүнөздүү болгондуктан, Кожомкул ага теңелбей атын бура тартып, бастырып кетет. Анда тигил чыр киши арданганынан турган адамдардын кой-ай дегенине болбостон байлануу турган атын минип, Кожомкулдун аркасынан чаап жетет. Атайылап чыгарып алган өзүнүн жез үзөңгүсү менен Кожомкулду төбөгө чаап өтөт. Ал адам дагы – “Кожомкулду жыга чааптыр” – деген атагым калсын деп ойлосо керек. Жерге түшкөн тебетейин алыш үчүн Кожомкул атынан түшүп ылдый эңкейгенде үзөңгүнүн урчугу тийген куйкасы томуюп чыккан экен. Кожомкул башын сыйпалап: – Жамандын жини да жаман, – деп кобурап, тебетейин баса кийип, атына минип бастырып кеткен экен. Бул окуядан ар ким өз-өзүнчө жыйынтык чыгарса болот. Кожомкулдун денеси эле эмес, анын адамдыгы да алп болгон.

Кожомкулдун 2 уул, 1 кызы болгон. 1962-жылы Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал байге үчүн жыл сайын эл аралык мелдеш өткөрүлөт. 1990-жылы «Каба уулу Кожомкул» деген документалдуу-хроникалык фильм тартылган. Ал жөнүндө бир нече китеп чыккан. Ысымы Бишкектеги Спорт сарайына берилген. Суусамырда 1989-жылы анын атындагы музей ачылган.

Кожомкулдун 3 арманы болуптур. Биринчиси – казак балбаны Чолоктун колун айыкпас кылып сындырганы. Аны менен эңишип жатып колун ээрге такап, сындырып салган экен. Натыйжада, казактар арданып, Кожомкулду сабашмакчы болушат. Ошондо балбан Чолоктун өзү: “Баатырга тийбегиле, аны мен баары бир жеңе албайм. Ал куугунтукка эмес, мактоого татыктуу” дептир. Ошентип, эңишке түшкөн эки балбан ажырагыс достордон болуп калган экен. Экинчи арманы болсо, өзүнөн кийин балбан тукум калбаганы. Анын Алымбек жана Турумбек деген уулдары оорунун айынан бир күндө каза болуп калышкан. Кожомкулдун ошол балдарынан үмүтү чоң болгон дешет. Алар 5-6 жашында торпокту көтөрүп ойношчу экен. Алардын мезгилсиз каза табуусуна көзүккөндүгү себеп болуптур. Ал эми кийинки балдары Муктар менен Амантай алптыгы менен айырмаланбаган катардагы эле балдардан болуп чоңоюшкан. Ошондуктан, Кожомкул: – “Мүмкүн мен баатыр кызга үйлөнсөм, балдарымдын баары ата-бабаларымдын жолун жолдомок”,- деп айтып калчу дешет. Ал эми 3-арманы болсо, ошончолук баатыр болсо да, эл аралык мелдештерге катышып, тарыхта чемпион спортчу катары атын калтыра албаганы болуптур.

1930-жылдардагы массалык репрессияга Кожомкулду да тартууга аракет кылышкан. Бирок, ишинен эч кандай кынтык таба албай, партиянын мүчөлүгүндө калтырышкан. Балбан Кожомкул Каба уулу 1955-жылы 67 жаш курагында өмүрдөн өткөн. Анын күмбөзүн 1956-жылы Очобай уулу Исабек салган.

Гүлбарчын БЕКМАТОВА, “Эркин-Тоо”, 03.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.