Комузчулук өнөр

Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Эгер көөнөрбөс комуз күүлөрүнө кайдыгер болбосоңуз, китеп сатып алууга кызыксаңыз 0770 82 28 32 номерине же elmira.kuchumkulova@ucentralasia.org дарегине кайрылыңыздар.

Өнөр дегениң өжөр нерсе. Ички дүйнөңө ийрилип өзү кирип бербейт. Ал үчүн табигый жөндөм, талыкпас шык, тажабас эмгек тамыр жаюууга тийиш. Комузчулук кесиптен иш козгосок, анын деле ашуу-белдери, аска-кырлары аз эмес окшобойбу.

1. Коломто комузчу. Очок башында жамбаштап жатып, өзү менен өзү кыңгыр добуш салаар, эриккенде ээн жерде эрмекке жараар, чаалыгып-чарчаганда черин жазаар, качан да болсо жүк бурчунда комузу даяр. Мындай өнөр, албетте, коломто комузчуга гана таандык.

2. Жоро комузчу. “Yлпөт” десе, үйүндө тынч жатпаган, отуруш жыйынды эстеп, оолукмасы кармаган, “жоро-бозо” жыйындарында четте калбаган, обон күүлөрдү ойкуштанта чалып, ким ырдаса, ошону жандаган, жалгыз жарым кайрыктарды кураштырып, “менин күүм” деп жарыя салганга чейин барган, бирок, аламан жарышка жарай албаган, арымы кыска аспапчыларды жоро комузчу деп коюшат.

3. Устат комузчулар. Мектептерде, атайын окуу жайларда, маданий мекемелерде, ишканаларда, ийримдерде шакирттерин даярдап, ата мурастарынын өнүгүшүнө салымдарын кошкон комузчулар устаттар аталышат. Албетте, устат-шакирт ортолугундагы алака-катышта “акыл оошмок, өнөр жугушмак”.

Устат-шакирт аралыгы түбөлүктүү эмес. Идиреги бар шакирттер устатынан алгандарын бүкүлү бурдап сугунбайт. Чыпкалап, тандап, чыныгы чыгармачылык электен өткөрүшөт, таразалап-такташат, тазаларын бапташат, өз табылгаларын сыпайы чаптап, жаңыны жаратышат. Эл макалында айтылгандай: “устатынан шакирти өтмөгү” ошондон.

4. Сыпайы-сынаакы комузчулар. Шартылдата күү чалып, шаңкылдата обон созуп, шатыра-шатман отуруш жыйындарда өзүн өзгөчө көрсөтпөйт. Кыл тербөөчүлүк өнөрүн өз чөйрөсүндө гана сыпайы сыртка чыгарат. Калк мурасына кадыркечтик мамиле кылган, талаштуу маселеде калыс турган, аталар салтын аздек туткандар сыпайы-сынаакы комузчуларга жаткан.

Жумуруятка белгилүү болуп калган чоң комузчулардын бири, кесиби – илимпоз Жуман Маамыт уулунун эскерүүсүнөн: “Осокемдин (Осмон Кайбылда уулу) үйүнө тез-тез келип туруу адатым эле. Yйдө дайыма өрүк комуз илинип туруучу. Колум кычышып комузду ала коюп, Молдокемдин “Ибаратын” чертип кирдим. Күүнү аяктап, мактоо күтүп, Осокемди карап турам.

“Карууң келбесе, Карамолдокенин касиеттүү кайрыктарын тек койгунуң” деп, басып кетсе болобу. Өзү чертпей, өзгөлөргө сын такканын карасаң, жарыктык?! Ичимден бушайман болуп отуруп калдым. Дагы бир күнү Осокемдин үйүнө келдим. Илинүү турган комузун алып, баягыда мен будамайлаган кайрыкты таптак келтире чертип, комузун мага сунбай ордуна илип коюп, калдая тартып басып баратбайбы. Оозум ачылып калыптырмын, Осокемдин комуз чертээрин мурда көргөн эмесмин. Сыртынан сыр алдырбаганы менен күү сырын ийне жибине чейин ичтен баамдап, көрүнөөгө чыга бербеген сыпайы-сынаакы комузчулардан турбайбы. Мага көрсөткөн ишаараты: “Күүнү чертсең таза черт” ибараты экен, кийин түшүндүм” (“Чүй баяны” гезити, 1989-жыл, 4-июль).

(Уландысы бар)
“Кыргыз күүлөрү” томдугунун
1-китебинен алынды

Айыл деми” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.