Өчпөгөн өнөр

Элибиз эгемендүүлүккө жетип, мамлекетибиз өз алдынча көз карандысыз өнүгүү жолуна түшкөнүнө быйыл жыйырма бир жыл болду. Элибиздин башынан бул жылдары көп эле окуялар өттү. Кыйынчылыктар болду, анткени эгемендүүлүк менен ээрчишип жашоо-турмушубузга кирип келген базар экономикасы элибизди ары-бери чайкап, жакшы эле майыштырды. Бирок, канткен менен уюткулуу журт экенбиз, алды-артыбызга карап, тырмалап оокат кылганга, изденгенге көндүк. “Кыбыраган кыр ашат”, “Сабырдын түбү сары алтын” демекчи, чыдамкайлык менен чымыркана бел байлап, кан-жаныбыз менен кошо жаралган көкүрөктөгү өчпөгөн өнөрлөрүбүздү өөрчүтүүгө бел байладык. 

Кыргыз эли жаралгандан боор эти мал менен бир, көчмөндүү калк болгондуктан, ар дайым табият менен жуурулуша жашоо үчүн өжөрлөнө күрөшүп келгенин билебиз. Энелерибиз койдун жүнүнөн кийиз, шырдак, боз үйдүн жабууларын, көркөм жасалгаларын жасашып, малдын терисинен түркүн буюмдарды даярдашкан. Көөкөр, көнөк, чанач, сабаа жана башка буюмдар кымыз үчүн эң таза, ыңгайлуу идиш болсо, койдун терисинен ашатылып жасалган саксак көлдөлөңдөр коноктор отуруучу төрлөрдү кооздукка бөлөгөн. Ошондой эле атайылап согулган чийлер боз үйдүн чыгдан тарабын көрккө бөлөсө, жез оймок энелердин колунан жаралган түркүн түстүү буюмдар көз жоосун алып, чет элдиктерди да кызыктырып келет. Анда өзөктөгү өчпөгөн мындай өнөрлөрүбүздү дагы да өөрчүтө берүүгө жол ачыла берүүсүн көздөп, эл-журтуна кызматы өткөн уз айымдардын ишмерчилиги менен окурмандарды тааныштырмакчыбыз.

Узчулук

Талас районунун Көккашат айылынын тургуну, жетимиштен эбак өткөн Сапира Иралиеваны облустагылар жакшы билишет.

Анткени ал Баатыр эне, төрт уул, алты кыздын бактылуу энеси. Абышкасы Сакебай ата экөө балдарынын келечек жашоосу үчүн жаштайынан иш дегенде ичкен ашын жерге коюшкан эмгекчил түгөйлөрдөн. Уул-келиндери, кыз-күйөөлөрү бүт ишмерчилик кылышат. Бала-бакырасынын баары ыймандуу, эч кимиси арак ичпейт. Бардыгы жогорку билимдүү, бирок замандын талабына, жашоо-турмуштун оош-кыйышына жараша бир топ жылдардан бери ишкерликке оошуп, чогуу-чаран өздөрүнчө ынтымактуулук менен алга жылып келатышат.

Сапира апа кыз-келиндери менен курактын түрлөрүн көркөмдөтө курап, төшөктөрдү жасайт. Сайма жаздык, көлдөлөңдөрдү, шырдак, боз үйдүн үзүк-туурдуктарын, ички жасалгаларын даярдашат. Элечек жасайт, ангор терилерден кооздолуп жасалган төшөктөрү боз үйүнүн ичин көрккө бөлөп, көргөн адамды өзүнө тартып турат.

Уулдары устачылык кылып сандыктарды жасап, аң терилерин (түлкү, карышкыр, суур, суусар, кундуз) даярдашат. Келиндери Алмагүл, Кундуз кооздоп секичек, аяк кап жасап, чийден чыгдан чырмашат. Облустагы бардык той-мааракелерде, “Манас ордодо” өткөн салтанаттарда алардын боз үйү дайыма тигилип, келген меймандарды тосууда өз кызматын көрсөтүп келет.

Сапира апа менен анын 112 баш боз үйүндө отуруп, керегеге тартылган курак килемчелер жөнүндө сураганыбызда ал төмөндөгүлөрдү айтып берди:

– Бул курак умай энебиз Батма, Зууранын курагы деп аталат. Илгерки энелерибиз муну ыйык курак деп эсептешип, жерге салынган төшөккө уруксат беришчү эмес экен. Ошондуктан тушка тартылган гана килемчелерге колдонобуз. Силер көрүп турган мынабул килемчеге 7 метр тукаба ( кызылы -3,5 м., көгү – 3,5 м.,) 2 м. сары парча кетет. Килемченин узундугу 3,6 м., туурасы 1,70 метр. Узчулуктун эске ала турган үч касиети бар: тазалык; стандарттуулук; аракет. Талыкпай, эрикпей, жалкоолонбой эмгектенүү керек. Ушул үч касиетти бекем сактаганда гана жакшы уз, ишмер боло аласың. Мен өзүм он жети жыл УОСто моторист болуп суу чыгарып иштеп, пенсияга чыккам. Ошондон бери жалаң ишмерлик кылып келатам. Өтүнмөлөрдү да кабыл алабыз.

Тери ашатуу

Койдун терисинен жасалган сүлкүлдөгөн көлдөлөңдөр кимдин болсун көңүлүн бурбай койбойт. Анткени алар, биринчиден, жылуу-жумшак болсо, экинчиден, кооздугу, көркөмдүгү менен көз жоосун алат.

Тери ашатып, көлдөлөң жасоо боюнча устат Кундуз Мамбетова Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында жашайт. Кесиби боюнча медик, аймактык депутат, АРИС­тин төрайымы. Жакында райондун ардактуу атуулу болду. Өмүрлүк жолдошу Жолдошбек экөөнүн эки уул, эки кызы, төрт небереси бар.

Тери ашатуу боюнча Кундуз айым мындай дейт:

– Койдун терисин үч жол менен ашатса болот: 1) Айран+туз. 2) Айран+туз+уксус+кир жуучу порошок. 3) Солярка+туз+айран+кир жуучу порошок. Ушул үч түрдүн кайсынысы сизге ыңгайлуу болсо, ошонусун колдоно берсеңиз болот.

Биринчи ыкма менен илгертен биздин энелерибиз тери ашатып келишкен. Муну бардыгы  билишет. Буга токтолбой эле коёюн. Үчүнчү ыкма бир аз ыңгайсызыраак. Ошондуктан экинчи ыкманы эң ыңгайлуу жол деп эсептейм. Анткени убакыт үнөмдөлөт, тез бүтөт, тери да жакшы кирет. Мен ушул экинчи түрүн айтып берейин.

Терилерди чогултуп ашатса да болот. Маселен, беш терини ашатуу төмөнкүдөй: 5 териге – 5 чака суу (1чакасы ысык + 4 чакасы муздак) + 1 пачке туз + 1 пачке кир жуучу порошок + 0,5 л. (250 г.) уксус кетет. Чоң идишке бардыгын аралаштырып чылап, бир сутка үстүн  жаап коёт. Эскертүү: терилерди жуубастан чылайт, анткени шакмарлары эзилиши керек. Бир сутка өткөндөн кийин эртеси муздак сууга таза жууп, андан кийин терилерди суусу кеткиче силкет. Силкип бүткөндө жүнүн өйдө каратып көңдөйчө жерге (астынан аба кирип турсун үчүн) жаят. Эгер астынан аба кирбесе тери жыдып кетиши мүмкүн. Коңур кургап баратканда териге бир чымчым туз + 1 чыны айран + 1 чай кашык уксус + 1 аш кашык кир жуучу порошокту кошуп аралаштырып, теринин бетине сыйпайт. Муну териге өң берүү деп коёт. Тоборсуп баратканда эки киши терини эки жагынан кармап бурайт чыгы кургагыча. Андан кийин жүнүн сыртка каратып бүктөп коёт. Күнүгө эки маалдан бир жумага чейин бул ыкманы (бураганды) кайталап туруу керек. Ошондо тери жумшак болуп кургайт. Бул тери ашатуунун биз үчүн эң оңой, ыңгайлуу жана тез ыкмасы болуп саналат.

Андан кийин ашатылган терилердин бетине борду майдалап, бир аз ун кошуп сыйпайт да, түрүлгөн чийдин үстүнө коюп, эски мокок чалгы менен кырып, терини өңдөйт. Өңдөлгөн тери апакай болуп, чыгы кургап, көлдөлөң жасоого даяр болуп калат. Анан алардан каалагандай өлчөмдө кооздоп көлдөлөң жасап алса  болот.

К.Мамбетова узчулук менен узанып, көлдөлөң жасоо боюнча алдына киши салбайт дешет аны таанып-билгендер. “Жок эле дегенде жүз терини ушул ыкма менен ашатып, көлдөлөң жасадым. Бир канчалары тартууга кетти. Турмушка чыккан кызыма бердим. Ар бир балама, неберелериме арнап жасап койдум”, – дейт Кундуз өзү.

Чий чырмоо

“Кызга кырк өнөр аздык кылат”дегендей, канчалык көп өнөр билсек, ошончолук өзүбүзгө пайда экени маалым. Кыргыз аялдары боз үйдүн чийлерин илгертен кооздоп чырмаганга үйрөнүшкөн.

Эмгекчил аялдын эч качан жаны тынбайт эмеспи. Илгери Маасылкан деген уз аял айткандай, Маасылкандын эс алганы – чокой көктөгөнү болгон экен. Анын сыңарындай, жайында эл жайлоого эс алууга чыкса, Шекин Касиева жайлоодон көп жумуштарын бүтүрүп алууга шашат. Жумгалдын “Килемче” жайлоосунда Шекиндин чий чырмап жатканына күбө болгон элек. Ш. Касиева да Жаңы-Арык айылынын тургуну. Өзү ушул айылда туулуп-өсүп, турмушка да ушул айылга чыккан.

Шекин бээлерин, уйларын саап, сүтүн тартып, майын сызгырып, курутун жасап бүткөндөн кийин чий чырмап “эс алат” экен. “Боз үйгө сөзсүз ашкана керек. Ашкананы чийден согот. Чийди болсо кеч күздө талаадан тартып (жулуп) алат. Кабыгын кылдаттык менен аарчып тазалайт. Андан кийин эки жерге эки баканды орнотуп, алардын ортосуна үчүнчү баканды горизонталь боюнча жаткыра байлап бекитет да, он же он эки катар кылып чийди байлайт. Буга 20-24 таш керек. Чийди улам каршы-терши байлап отуруп, узундугун 3-4 метр кылса болот. Бир боз үйгө эки канат чий керек. Күнүгө кармаса бир жумада бир чийди бүтүрүп алууга болот. Бош отурбай талаада өскөн бекер чийди чырмап алганым пайда эмеспи”, – дейт Шекин  айым.

Азыр чийге түстүү жиптер менен чырмап сүрөт түшүрүп, ар кандай паннолорду жасап, аларды көргөзмөгө алып чыккандар да, тартуу кылгандар да элеттик уз айымдар. Андыктан элибиздин экономикасынын көтөрүлүп, жашоо шартынын жакшырышына өз салымын кошуп жатышкан уз айымдарга ийгилик каалайбыз.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 17.08.2012,
Сүрөттөрү автордуку

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.