Кытайга сапар

Жамбы Жусубалиева: “Эки тоо жолукту”

Жан дүйнөнү, ааламды аңтар-теңтер кылып, шамалдай шуулдатып, дуулдатып, дирилдетип, бириндетип, чымчыктай чыркыратып, пырпыратып, чырылдатып, сыздатып, ыйлатып ,боздотуп, бирде асманга чыгып, асмандан түшүп, муңкантып, булкунтуп, жулкунтуп жазган Кубат Жусубалиев, рухий изденүүнүн улуу жолундагы Кубат аке, түбөлүктүүлүктүн караанындай болгон Кубат аке, кыргыздар баалай билбеген, барктай албай жүргөн, түшүнбөй жүргөн. Кубат аке, карааны тоодой болгон Кубат аке ушул жайдын аптаптуу күндөрүндө кызы Жамбы Жусубалиева менен бир айга жакын убакыт Кытайда сапарда болуп кайтты. Биз бул сапар тууралуу Кубат акенин кызы Жамбы Жусубалиева менен маек курдук.

– Жамбы эже, Кытайда бир айга жакын убакыт сапарда болуп кайттыңыздар. Сапарыңыздар кандай болду?
– Кытайда Кубат Жусубалиев уламыш болуп айтылып, улуу жазуучу катары баары жакшы билишет экен, баалашат экен. Алгач барганыбызда эле Макелек Өмүрбай баштаган кытайлык кыргыздардын акын-жазуучулар, мугалимдер тобу ушунчалык терең сый менен тосуп алышты. Кашкардан Ак-Чийди көздөй автобус менен жол жүрүүнү суранышып, жолду катар кызыктуу маек куруп барышты. Мени таңгалдырганы, кытайлык туугандарыбыз атамдын “Муздак дубалдарын” эле эмес, бардык романдарын, чыгармаларын жакшы билишет экен. Чыгармалардагы сюжеттерди, каармандарды сурап жатышты. “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учатты”, “Жети сөз жана Конфуцийди”,”О, золотое утро” ырлар топтомун сурап жатышты. Ал адамдардын арасында атамдын орус тилиндеги чыгармаларын кыргызчалаган адабиятчылары да бар экен.

– Кубат акеге Кытайдагы сапары өтө жаккан окшойт?
– Эң сонун маанайда жүрдү. Кытайдын бардык шаарларын жактырды. Жөнөкөй, түшүнүктөрү терең, ойчул адамдарын жактырды. Атамдан эки радио-журналист маек алышкан. Кийин алар менен кайра жолугуша албай калдык. Атам: “Алар менин чыгармаларымды өзүмдөн да терең түшүнүшөт экен. Жан дүйнөлөрү ушунчалык терең экен, тереңдикти түшүнгөн адамдар экен”,- деп баа берди.

– Бул шаардан атактуу манасчы Жусуп Мамай менен жолугуштуңуздар да?
– Ооба, эсте калаарлык улуу жолугушуу болду. Жүзүндө кандайдыр бир байыркылык, сырдуулук, тереңдик, баатырдык көрүнүп турган манасчы Жусуп Мамай атабыз менен болгон жолугушуу менин турмушумдагы чоң окуя болду. Өмүрү мен укпаган илгерки, байыркы сөздөр менен менин колумду кармап туруп ак батасын берди. Бул жолугушуудан кийин ошол учурда болгон Памир кыргыздары жашап жаткан Актоо ооданындагы Боз-Көл айылында өткөн эл аралык “Манас”фестивалына катыштык. Ал чоң фестивалда “Манаска” болгон алардын мамилеси, сыйы өзгөчө болду, улуттук кийимдер, ат үстүндөгү кырк бүркүтчүнүн куш салуу, топоз минип улак тартуу, өлөң айтуу, кыз узатуу салттары шумдуктуудай керемет өттү…

– Коштошуу ирмеми кандай болду?
– Жөн эле атамдын колун кармап калуу үчүн, коштошуу үчүн алыстан сапар карытып келген адамдар болду. Кытайлардан үйрөнгөн шамдагайлыкпы, атамдын китебин чыгарууга далалаттанышып, тез аранын ичинде китепти кандай жасалгалоону бизден сурап жатышты.

 

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: “Өлбөс кул алтын аяктан суу ичет”

Кубат аке Кыргызстандан Кытайды көздөй аттанганда эле “манасчы Жусуп Мамайга жолуксам” деген тилек менен кеткен. Токсон беш жашка толуп, тоодой болуп олтурган манасчыга жолугуп, суроолоруна жооп алып, Жамбы экөө ала барган калпак , чепкенин кийгизип кайтышкан. Төмөндө эки залкардын маектешүүсүнөн:

К.Жусубалиев: – Тээ көптөн бери эле ушу сиз менен, аксакал менен жолугушсам, учурашып кетсем деген тилек жүрөр эле. Ошол тилектин сааты чыкты окшойт, аксакал?
Жусуп Мамай:- Жараткан бешенеге жазганын алдын ала биле албайсың. Жашай берсең, баарын жашоо өзү көрсөтөт. Адам ата, Обо энеден бери эле ушул көрүнүш. Нике кайып деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай кайыптардын түрлөрү бар. Эки адамдын жолугушуусу деле ошол кайыптардын бир түрүнө кирет.

– Кыргызда: “Өлбөс кул алтын аяктан суу ичет”,- деген макал бар. Өлбөс кул – бул бир байдын кулу эмес, кудайдын кулу деген сөз.
– Ошо кудайдын кулу көп жашаса баарын көрөт. Бардык тилегине жетет деген сөз да.

– “Өлбөс кул алтын аяктан суу ичет”. Бул сөздүн маанисин, тереңдигин кыргызың түшүнбөсө, кайдан айтсын. Кыргыздар “дүйнөнүн түркүгү” деген сөздүн да маанисин билсе керек да. Болбосо мындай сөз жөн жерден чыкпайт да. Деги эле өлбөстүккө кандай карайсыз?
– Сен айткандай эле дүйнөгө түркүк боло албайбыз. Бул жарыкчылыгың убактылуу. Көз ирмем. Мөлтүлдөгөн бир тамчы. Дирилдеген жалбырак. Бирок денең эмес, жандын, учкан жандын өлбөстүгү чындыктыр.

– Түкөм, кадимки жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экөөбүз бири-бирибиз менен аябай жакшы болчубуз. Бир жолу экөөбүз маек куруп, ал киши айтты: “Мен өзүмдү миңге чыккандай сезем, мен миң жашка чыктым”,- деп айтты. Сизде ошондой сезим болобу?
– Тирүүчүлүктө, жарыкчылыкта адамдарга жараткан ар кандай тагдыр берет. Сезим берет. Мен бул жашка келгеним менен менде андай сезим жок.

– Журт атасындай болуп аксакалыңыз жайкалып, токсон беш жашка толупсуз. Токсон беш жашыңызды, буюрса, кыргыздар тособуз деп турушат. Кыргыздарга сиздин эки ооз сөзүңүздү жеткире баралы. Ошол эки ооз сөзүңүздү кыргыздарга айтып койсоңуз?
-Бала-чакалуу, бирок ыркырап-чыркырап, үйүндө күндө уруш болгон аксакалдын үйүнүн эшиги тыкылдайт. Чыкса Мээнет турат эшикте: “Үйүңөргө мен керекминби?” – дейт. Аксакал ойлонуп: “Жок, керегиң жок” ,- дейт. Кетип калат. Эшик дагы тыкылдап, аксакал чыкса, Дөөлөт турат: “Сиздин үйүңүзгө мен керекминби?”- дейт. Аксакал дагы ойлонуп: “Жок, керегиң жок”,- дейт. Үчүнчү ирет эшик такылдайт. Ынтымак турат. Аксакал үйгө киргизсе, Дөөлөт менен Мээнет кошо кирет. Анын сыңарындай, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарса” , эл ичинде ынтымак болсо, бардык кыйынчылыкты жеңсе болот.

Жамиля Таштанбекова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.