“Сенин атың-Дөнөнбай!”

Былтыр “Манас” мыйзамы кабыл алынган. Ошого ылайык, 2012-2017-жылдары “Манас” эпосун сактоо, окуп-үйрөнүү жана жалпыга жайылтуу максатында атайын программа иштелип чыгып, быйыл бюджеттен 9 миллион сом гана бөлүнмөк.

Бирок тилекке каршы, премьер-министр Ө.Бабанов 6-августтагы токтом менен “республикалык бюджеттен” деген сөздү “өз каражаттарынан” деп өзгөрттү. Демек, ыраматылык Сагымбай менен Саякбай өз каражатынан өз CD жана DVD-дисктерин чыгарышы керек экен да. Демек, “Манас” мыйзамы толук иштебейт экен да.Бюджетте акча тартыш экендигин башкалар түшүнсө да, “Манас” мыйзамы кабыл алынганда да өтө кубанып, обдулуп манас айтышкан жаш манасчыларыбызга, айрыкча беш жашар залкар Үмөт манасчыга кантип түшүндүрөөр экенбиз?

II
Манас – элибиздин эч бир душманды өткөзбөй турган урабас сепили. Чеби. Улуу Кытай сепили сыңары. Манас – кыргыздын өзүнө өзү берген анты. Жер жүзүнөн жок болуп кетпес үчүн. Манас – кыргыз элибиздин эң байыркы эл экенин даңазалаган бүтпөс ыры. Руханий гимн. Манас – эртеңибиз, кечээкибиз, бүгүнкүбүз. Анан түбөлүктүүлүк. Манас – элибиздин генеалогиясы, географиясы, философиясы, этнопедагогикасы, психологиясы. Деги эле бүт баарысы.

Түстүү металл, кыймылсыз мүлк, банктагы акча үчүн жанын берген бир да кыргызды билбейт экенмин. Бирок “Манас” үчүн не бир мыктылар жанын аяган эмес. Маселен, Тыныстанов менен Поливанов. Же ошол кездеги премьер-министр Б.Исакеев. Ал эми азыркы өкмөт башчысынын азыркы аракетин кантип түшүнсөк болот? Экөө эки башка. Бешик жасаган менен табыт жасаган устанын ниети эки башка болгон сымак.

III
Адамзат эң негизги озуйпасы, адамдык касиетинен ажырап бараткандай. Дүйнөдө 7 миңге чукул тил болсо, ар эки жумада бир улуттук тил жок болууда. Европада эркек-эркекке үйлөнүп, аял-аялга баш кошуп, шумдуктуу окуялар болууда. Төрт мамлекет муну мыйзамдаштырды. Жапонияда 28 жаштагы токиолук тургун атайылап жасалган “аял-жаздыкка” (робот сымал жасалган) үйлөнүп, той берип, ага бийлик өкүлдөрү катышыптыр. Араб өлкөлөрүндө болсо кечээ эле Каддафини пайгамбар тутуп, сыйынгандар, эми анын өлүгүн мазактап, рахат алышты. Америкада болсо, эми ал өлкөнүн өзүн жок кылабыз деген 150дөн ашык куралдуу топ бар экен. Азыркы замандын эң коркунучтуу оорусу, жүрөк же кан-тамыр оорусу эмес, “компьютерден көз карандылык оорусу” деп окумуштуулар бүтүм чыгарыптыр. Күнүнө 6-8 саат компьютерде отурган жаш өспүрүм акыры барып реалдуу турмуш эмес, виртуалдык өмүр менен жашап калат экен.

IV
Кыргызстанда окуучулардын 41 пайызы гана картадан Ысык-Көлдү таап, көргөзө алат экен.…Мектепке барбаган окуу жашындагылардын саны 60 миңден ашып кетиптир. Ар түрдүү диний секталарга киришип, өзүнүн дининен баш тарткандар күн санап өсүүдө. Арактын кесепетинен өлүмгө дуушар болгондордун саны сегиз эсе өсүптүр. БУУнун эсеби боюнча 2011-жылы өлкөбүздө эң жакыр жашагандардын саны 37 пайызга жетиптир.Бүткүл дүйнөлүк банктын айтымында автокырсыктан кайтыш болгондордун саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыгыптыр. Эми мунун баары аз келгенсип, Лондон Олимпиадасында эң соңку орунду ээледик.

…Мындан да артка кайда барабыз?

V
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 350 эле илбирс калыптыр. Мындай ыргакта азайып отурса, 2020-жылы бир да илбирс жок калат экен. Анда биз келечек муундун жана Улуу тоолордун астында эмне деп жооп беребиз? Чокуларды, бийиктикти кайсы жүзүбүз менен карайбыз.Дүйнөнүн жарым-жартылай байлыгын ааламдагы 500 миллиардер эле кармайт экен. Бирок алардын эч кимисинин байлыгы Ысык-Көлдү сатып алууга жетпейт… Эгер өзүбүз сатылбасак.

Экология коопсуздугу – бул руханий коопсуздуктун бир бөлүкчөсү гана. Руху алсыз эл кубаттуу өлкө кура албайт. Руху таза элдин жери да таза. Пейили, тили, дили да. Келечеги да. Кубаттуу өлкөлөр, эң ириде руханий байлыкка көп көңүл бөлгөн мамлекеттер. Финляндияда ар төртүнчү адам чыгармачыл ийримге катышат. АКШда маданият министрлиги жок, бирок маданиятка 40 миллиард акча кетирет. Англияда ар бир улуу адам тууралуу фильм тартылат. Орусиянын киного бөлгөн каражаты бизден бюджети көп. Өзбекстан акыркы жылдары эле мамлекеттин эсебинен 150 фильм тартыптыр.

VI
Экономикалык коопсуздук жөнүндө айтсак, көмүскө экономиканын көлөмү акыркы беш жылда он эсе өсүп, дээрлик ички дүң продукциянын 60 пайызын түзөт. “Дүйнө фонду” эл аралык институтунун баасы боюнча 178 өлкөнүн ичинен келечеги бүдөмүк 40 өлкөнүн катарына Кыргызстан да кирет экен. Мурдагы бийликтин көп мүлкү улутташтырылды дейт. Бирок андан улутубуз эмне утту? Мурдагы жер байлыктарын иштетүүгө берилген лицензиялар азыр кимге берилди? Кимге? Качан? Кантип? …Бирөө чала кызымтал абалда жолдун кесилишине туруп алып: “Мага 200 грамм инвестиция берсеңер, мен деле кыймылсыз мүлк болуп бере алам” дейт экен. Азыркы өкмөт канча грамм инвестиция апкелгенин ким билсин, бирок Максимдин кыймылсыз мүлктөрүн кимге сатып, баасын кантип бычканын сурай турган убакыт келди.

VII
Улуу жазуучу Ф.Достоевский “Дүйнөнү сулуулук сактап калат” десе, дагы бир даанышман Николай Рерих “Дүйнөнү руханий байлык гана сактап калат” деп атпайбы.

Экономикалык жана экономикалык коопсуздук. Аскерий жана маалымат коопсуздугу. Чек ара жана азык-түлүк коопсуздугу, ж.б.у.с. Эң негизгиси, бул руханий коопсуздук. Ар бир адам үчүн. Үй-бүлө жана улут үчүн жана мамлекет үчүн. Кыргыз тарыхын иликтеген хакас окумуштуусу В.Бутанаевдин айтымында байыркы кыргыз, азыркы хакас тилинде “руханий эркиндик” деген сөз – мамлекет деген маанини түшүндүрөт экен. Рух болбосо өлкө да, улут да болбойт. Жетим жетилет. Бөксө толот. Ачка тоёт. Бирок жоголгон рухту эч ким кайрып бере албайт.

Эми ушул токтомдон кийин ушул эстеликтин жанынан өтүп баратып, өкмөт башчысы, өкмөт мүчөлөрү деги эмне ойлонот болду экен?.. Тигине, өкмөт үйүнүн үстүнөн бир чымчык учуп, сайрап баратат:
…”Сенин атың – Дөнөнбай!”,
“Сенин атың – Дөнөнбай!” – дегенсип.

Каныбек Иманалиев, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.