Айтурган Темирова, Кыргыз Республикасынын эл артисти: “Мен азыр турмушумда бактылуу чоң эненин, таененин ролун жаратып жатам”

КРнын эл артисти, белгилүү киноактриса Айтурган Темирова өтө жаш кезинен кыргыз кинолоруна тартыла баштаган. “Кыргыздын кереметинде” өз орду, өз салымы бар кино жылдыздарыбыздын бири. Алгачкы тартылган “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминен баштап “Эрте жаздагы турналар”, “Ак кеме”, “Бөрү зындан” “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Көзгө атар” , “Он үчүнчү небере” фильмдеринде эң сонун образдарды жараткан. Ошол эле учурда Айтурган эже кубулжута ырдаганда үнүнүн мукамдуулугу, тунуктугу сезимдериңди алыска жетелейт. Тагдырдын буйругу менен учурда чех улутундагы адамга турмушка чыгып, алыста жашап жаткан Айтурган эже саналуу күндөргө өз Мекенине келгенинде жолугуп, сагынычтуу маек курдук.

-Айтурган эже, аптаптуу жай күндөрүндө Мекениңизге куш келипсиз. Кыргыз кереметтеринде супсулуу элеси менен жүрөгүбүздө жашаган кино жылдызынын азыркы күндөрү, азыркы турмушу кандай өтүүдө?
– Жолдошум чех улутунан. Аты – Паул. Кесиби – геолог. Мен азыр кинодо, сахнада эмес, турмушта, жашоодо бактылуу жубайдын, бактылуу чоң эне, таененин ролун жаратып жаткан учурум. Өзүм режиссер болуп бир фильм тартсамбы деп сценарийин дайындап жүрөм. Бирок тартууга жүрөк даабай, улам жылдан-жылга жылдырып келем. Тез аранын ичинде эле эптеп-септеп фильм тарта койгон азыркы жаштарга капамын. Мейли, каалагандай тарта беришсин. Бирок кийинки муун ошол фильмдерден тарбия алып жатпайбы. Мени ошол көрүнүш кейитет. Кыргыз керемети десең эстеп жатам. Ошол фильмдер тартылган учурда деле бизде коңшулаш өлкөлөрдүкүндөй шумдуктуудай шартыбыз жок болчу. Бирок бир жылда үч эле фильм тартылса да дүңгүрөп, башка элдердин ондогон фильмдерин басып кетчү. Кыргыз кинолору конкурстарга катышканда башка элдин киноочуларынын маанайы түшүп, чочуркап турушчу.

-Кыргыз киносунун, кыргыз сахнасынын жылдыздарынын тагдырлары эмне үчүн тайкы болуп калган… Мисалы Бакен, Таттыбүбү эжелердин?
-Туптунук тамчыдай, шүүдүрүмдөй, гүлдөрдүн үлбүрөгөн таажыларындай болуп чыгармачыл адамдардын жүрөктөрү өтө эле назик келет. Ишенчээк келет. Алардын турмуштан кетирген каталары ошол мүнөздөрүнөн башталат. Ошого мажбур болушат. . . Мисалы, Чайковский, Достоевский, Эйнштейндин тагдырлары эмне болду? Бактылуу өлүм жок деңизчи, бирок жер каймактагандан бери эле таланты өтө ташкындагандардын, атагы таш жаргандардын көпчүлүгүнүн өлүмү өтө трагедиялуу аяктайт. Уу ичип, асынып, акылынан ажырап жинди болуп, жол кырсыгына кабылып, аракка, баңгизатка берилип кайгылуу өлүмгө туш болушат.

-Таттыбүбү менен мами­леңиз кандай эле?
-Таттыбүбү эже менен аябай жакшы мамиледе болчумун. Абдан сулуу, ак көңүл, ишенчээк, аруу жан эле. Экөөбүз чогуу дүкөнгө кирип калып, бир буюм алууга акчам жетпей калса, “Айтурган алып ал” деп дароо төлөп салчу. Алгач жакындан таанышканыбызда Тбилисиде өткөн фестивалга чогуу барып калдык. Эркектердин баары бир чогулушка кетип, Таттыбүбү эже экөөбүз эле калдык. Мени менен сүйлөшкүсү келип: “Айтурган, жүр ресторандан тамактанып келели”,- деп суранып, экөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук. Ал учурда мен өтө эле жаш болчумун. Эже мага суктанып: “Айтурган, сен бактылуусуң. Сенин турмушуңда коргоочуң, колдоочуң бар. Менин ар бир фильмдеги ролдорум жөн эле келбейт”,- деди. Бул сөзгө учурунда түшүнө бербесем да, кийин түшүндүм.

-Сиздер Болот байке экөөңүздөр көпчүлүктүн көзүн суктандырган жубайлар элеңиздер? Азыр мамилеңиздер кандай?
-Бул ажырашууга Болот да, мен да күнөлүү эмесмин. Бул жөн гана тагдыр. Азыр мамилебиз жакшы. Балдарыбыздын, неберелерибиздин туулган күндөрүн үй-бүлөбүз менен чогуу белгилеген күндөр өтөт.

-Учурунда Чыңгыз Айтматов менен да жакшы мамиледе болсоңуздар керек?
-“Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” дейт кыргыз. Чыңгыз ага атамды көргөн киши, апамды көргөн киши. Экөө тең каза болгондо, тоодой болуп келип, аркамдан жөлөгөн киши. Кызым Сүйүүтайдын ысымын татарлардын ханышасынын аты деп Чыңгыз ага өзү койгон. Кызым чоңойгончо эле Сүсүпай деп эркелетип коер эле. Уулум төрөлгөн күнү да “Эрте жаздагы турналардын” “Жеңиш күнү” деген сюжети тартылып жаткан, дал ошол күнү Чыңгыз агабыз Москвадан “эмгектин баатыры” деген диплом менен сыйланыптыр. “Уулуңдун атын Чыңгыз кой, кандай улуу күндө төрөлүп жатат”,- деп Керез эже өзү койду. Алардын үй-бүлөсү менен биздин үй-бүлө катташып, үйүнө алыстан коноктор келсе: “Айтурган, баягы тамагыңды жасап берчи”,- деп Чыңгыз ага өзү суранып калчу.

-Улуу жазуучубуз каза болгондо кайда элеңиз?
-Мен Кыргызстанга келип, жаңы эле самолеттон түшкөнүмдө аэропорттон айтышты. Көзүмө жаш тегеренип өткөн күндөрдүн баары элестелди. Улуу жазуучуну узатуу аземине барып, өз парзымды аткардым. “Фудзиямадагы кадыр түн” тартылганы эсимде. Болот мени өзүмдөн он беш жаш улуу Гүлжан деген аялдын ролун аткар деп жатат. “Өзүмдөн ушунча жаш улуу аялдын образын кантип жаратам, баары бир жарашпайт”,- деп мен көнбөй жатам. Бир күнү кино тартылып жатканда көңүлсүз олтурсам, Чыңгыз ага келип: “Айтурган, мен сага ушул ролду белекке бердим. Сенин колуңдан баары келет”,- деп мени колдоп, шыктандырып кетти. “Көзгө атар” фильминин бет ачары болгондо да көзүнө жаш тегеренип, үйүнө баргандан кийин телефон чалып, фильмде мен айткан ыр саптарын окутуп: “Айтурган, сен улуу актрисасың”,- деп трубканы коюп койду.

– “Бөрү зындан” фильминде айтылуу Талгат Нигматулиндин сүйгөн кызы болуп роль жаратасыз. Ал фильмге тартылып жатканда кандай кызыктуу окуялардын күбөсү болдуңуз?
-Талгат Нигматулиндин ал учурда бир сектага кирип кеткен учуру экен. Жайында тартыла турган сюжеттер кышында тартылып калды. Мына сьемка башталат дегенде эле Талгат сүкүт чалып олтуруп алат. Мен көйнөкчөн калчылдап аны күтүп турам. Жиним келет. Ар бир сюжет Талгатка байланыштуу эле. Тагдыр да. Фильм сыяктуу эле өзү да сектанын зынданынан чыга албай каза болду.

Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.