“Карачы, Шаршендин бетинин баары эле мурун”

Залкарлар арасындагы оригиналдуу талант Шаршен Термечиковдун көркөм дүйнөсүн, аткаруучулук бөтөнчө өнөрүн “бир актердун театры” деп атасак болот. Шаршен Термечиков дегенде биз көркөм сөз өнөрүнүн зор өкүлүн, көп кырдуу талантты көз алдыбызга келтиребиз. Шаршен виртуоз чебер комузчу жана мыкты домбурачы, анын обончулук өнөрү да болгон. “Мен – Шаршен Термечик уулу” аңгемесинде балалыгын мындайча эскерет:

“Мен – Шаршен Термечик уулу. Атам жыгач уста, боз үйдүн жыгачын, түндүгүн жасайт. Ал казан-аштуу киши. Чоюн кашыкка тамак жасап, балдарына сыр кашык менен сузуп берчү.

– Ата, башка үйгө барсам, тамакты казанга жасайт, биздики эмне үчүн чоюн кашыкка жасалат?- десем, анда атам:

– Балам, мен 73төмүн, илгери үй жасап, мал таап, уй, эчки союп, мен да тамакты казанга салчумун. Азыр ал жок, тарапыраң сатып, силерди араң багып отурам дээр эле.

– Ата, башкалар катыны менен жатат, сиз эмне үчүн бөлөк жатасыз? – десем:
– Ээ, балам ай! Баласың да, энеңди чанып жүрөм. Бизде жууркан-төшөк барбы? Тон эки кишиге жетпейт экен,- дээр эле.

Мына атамдын үй турмушу ушундай. Энемдин аты Каз. Карындашым Ырысбүбү. Мен тогуз жашар элем. Атам мени тилдеп:

– Түсү ийгиден түңүлбө, кызым аппак болот. Шаршенимдин иреңи суук, өңү жаман, жүргөнү коң каргадай. Эки үйдүн бирине барса конуп калат. Кайсы айылда болсо да иттерди чуулдатып, малды үркүтүп жүрөт, колу туткак деп атам сүйбөй сүйлөшөт.

Анда апам байкуш мага болушуп:

– Ой уста, сен баланы көпсүнтпө! Өлүп-өлүп, өлгөндөн калган немени көп тилдебе, баягынын баласы дедиртип жүрсө болду,- дээр эле.

– Жок, мен баланы көпсүнбөйм. Шаршениң баягы маң соодагер кана, нак ошонун өзү, карачы бетинин баары эле мурун. Мына, атам мени “жаман көрөт”, себеби эки үйдүн бирине барсам конуп калам жана майда буюмдарды уурдайм: камчы, шибеге, орок ж.б. көргөндө кыя өтпөйм.

Бирок уурулугум кармалып калат. Анда мен:

– Өлүп кетейин! – деп карганам. Анда атам коркуп жакасын карманып: “Сактайгөр, кудай. Өзүң кечирегөр!” – деп жиберер эле. Атамдын мага кейигенин көрүп, Маркабай деген жакын туугандарыбыз:

– Термечик, ушул иреңи суук эмеңди өлтүрүп эле койсоңчу,- десе атам жактыра бербей:

– Мага ушул эле жетет, ушунум аман болсун, аман болсо болду дегени,-али кулагыма угулуп тургансыйт.

Анткени менен көп урат: балта, орок, керки, кетмен, казык менен урат. Бирок бардыгы эле тийбейт, астыман же үстүмөн кетет. Көрсө атам мени опузалап, тарбиялап жүргөн экен…

Ошентип жүргөн кездерде чоңоюп калдым, ырды, жомокту, комузду, сөзмөр кишилерди жакшы көрөөр элем. Эл арасында шайыр болгум келет. Мага эч ким тийбейт, өңү суук деп. Ошентип жүргөндө, бир шайыр жеңем менен тойго бардым. Чынымды айтайын ошол тойдон кийин билиндим…

* * *
Абдыашым Көбөгөнов мындайча эскерет:

– “Оюндан кийинки отуруштарда да, тамак жеп жатканда да боорду катырып күлдүрүп, тамакты да жакшылыктуу жей албай калчубуз.

Шакемдин турган-турпаты күлкүгө ширелген. Сөзүн айтпай сахнага чыкканда эле эл күлүүчү. Кээде мостоюп, бир нерсени тыңшагандай элейип, кайра муңая түшүп, жаагын сыйпап тамшанып, сөзүн баштай электе эле элдин боору катып калуучу. Кыскасы сөзүнөн да жөн турганда өзү кызык…”

Бүгүнкү күндө да анын жоруктарын элден уккандар:

– “Шаршен дайыма велосипед тээп, аны камчылап ат мингенсип дыр деп токтотуп, “чү” деп минип, камчы менен куйрукка чаап, жайдын ысык күнүндө башына көрпө тебетей кийип, сахнада эмес мындай жүргөндө да көргөндү таң калтырып, күлкүгө батырган инсан экен. Анын комузунун бир жагы домбура, комузда да, домбурада да кол ойнотуп, сахнаны күлкү-шаңга толтурчу экен”,- дешет.

Шаршендин акыркы күнүн Осмонкул Бөлөбалаев мындайча эскерет:

– “1934-жылдан тартып, Шаршен катуу ооруга чалдыгып, бирде төшөккө жатып, бирде туруп артисттерден калышпай иштеп жүрдү.

Мен командировкадан келип, саламаттыгын суроо үчүн байбичемди ээрчитип алып Шаршендикине бардым. Анда артисттердин көпчүлүгү олтуруптур. Керебетте эки ийнинен араң дем алып жатып :

– Мага топурак салбай кала турган болдуңар. Алдагы Адамкалый силерди жөн коймок беле? Эртең эле кууп жөнөөр! Мени ит өлгөндөй кылбай, чогуу көмсөңөр,- деди муңкана.

– Койчу жок шумдукту баштабай. Соо туруп биз өлөрүбүздү, ооруп жатып сен өлөөрүңдү ким билсин. Аман-эсен айыгып кетесиң. Эски оору да сенники… – деди Карамолдо.

– Антип көңүлүмдү көтөрбөй эле койгула. Эки-үч күндүк жашым калды. Жакында эле Кетмен-Төбөгө барганда эл баштагыдай кабыл албай, жадырап күлбөй калганда эле өлөрүмө көзүм жеткен. Бирөөңөргө ага, бирөөңөргө ини болуп, араңарда жүрдүм. Кимиңерди капа кылсам кечирип койгула,- деди көзү жашылданып.

Биз маңдайынан өөп:

– Кайгырбагын, айыгып кетесиң, -деп үй-үйүбүзгө тарадык. Жалал-Абадда оюн коюп жүрүп, Шаршендин өлгөндүгүн 1942-жылы газетадан окудук. Ыйладык. Кайгырдык. Ал күнкү концертибизди жалгыз Шаршенге арнап, анын ырларынан аткарып, күлкүлүү тамашасын айтып элди күлдүрүп, маркумду терең эскердик. Мен жарым сааттан ашык коштум. Кыргыз ССРинин Эл артисти, элдин сыймыктуу уулу, куудулу, ырчысы эл жүрөгүндө. Анын өмүрү өчпөс өмүр”.

Шаршен Термечиков 1939-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1942-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наамга татыктуу болгон. Анын өмүрү – кайталангыс, кызык окуяларга бай болгон.

Эрнис Турсунов, Дарика Жалгасынова,
“Триумф жана трагедия” китебинен кыскартып даярдалган,
Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.