“Мезгил ирмемин кармай бил…”

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан РАЕВ менен маек.

-Султан Акимович, жакында чыгармаларыңыз Кытай Эл Республикасында жогору бааланып, эл аралык “Жибек жолу” сыйлыгын алдыңыз. Биздин окурмандарга Пекинде өткөн сыйлык тапшыруу аземи тууралуу кеңири айтып берсеңиз?
-Биринчиден, бул сыйлык мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Экинчиден, кытай тилине менин чыгармаларым 1991-жылдан бери которулуп келет. Кытайдагы “Улуттар адабияты” басмасы тарабынан бир нече чыгармаларым жарык көрдү. Сыйлык тапшыруу аземи атактуу кытай парламентинде өттү. Бул жерде Президенттерди, жогорку расмий делегацияларды кабыл аларын билчү элек. Мына ушул атактуу имаратта сыйлык тапшыруу аземи өттү. Ага дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келген адабият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл интеллигенциянын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Сыйлыкты КЭРдин мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Дай Бинго мырза жана бул сыйлык тапшыруу аземине сыйлуу конок катары чакырылган Тажик президенти Имомоли Рахмон тапшырды. “Жибек жолу” эл аралык сыйлыгы биринчи жолу тапшырылды. Бул сыйлык илим, адабият, искусство жаатындагы эң көрүнүктүү инсандарга эки жылда бир жолу ыйгарылат. Сыйлыкты ыйгаруу жана тандап алуу боюнча атайын эл аралык комитет түзүлүптүр, ушул комитеттин кароосунан кийин гана лауреаттар аныкталып, лауреаттарга диплом жана алтын медаль тапшырылат. Мага адабият жана искусство тармагы боюнча сыйлык ыйгарылды.

-Драмаларыңыз көп тилдерге которулуп, бир топ эл аралык сыйлыктарга татыганын билебиз, азыркы учурда эмненин үстүнөн иштеп жатасыз?
-Жакында эле “Жанжаза” деген аталыштагы романымды бүткөрдүм. Буюрса жакын арада басмадан чыгарсамбы деген ниетим бар. Ал эми ушул тапта “Топон” аттуу драманын үстүнөн иштеп жатам.

– Сиз мамлекеттик чоң чиновниксиз… Кезегинде маданият министри болуп иштегенсиз. Чыгармачылыкка убакытты кайдан табасыз…
– Бул суроого мурда берген маектеримде да жооп бердим эле… Аны кайра да кайталагым келет… Кызмат менен чыгармачылыкты салыштырып болбойт. Кызмат келет, кетет, а чыгармачылык түбөлүктүү. Чыгармачылык убакытка да, мезгилге да, шартка да, кызмат абалга да баш ийбеген өзгөчө стихия, жан дүйнөнүн жанар тоосу. Эгер мен убакытты же кызматты шылтоолоп, чыгармалар жазылбай жатат десем, өзүмдү чыгармачыл адам катары жокко чыгарган болом. Мезгил бул адам үчүн 24 саатка сыйган рамка эмес, адам мээси тынымсыз иштегендей эле чыгармачылык да жан дүйнө артериясындагы дайыма процессте болуп турган кыймыл, чыгармачыл адамга убакыт душман эмес, биз качан гана убакытка шылтоолоп чыгармачылык менен иштебей, анын аздыгына наалысак, анда биз өзүбүзгө өзүбүз убакытты “душман” кылабыз. Убакыт бу ирмем, ошол ирмемди кармап калуу кыйын, анын кыймылын чыгармачыл адамдар гана өзгөчө сезет болуу керек…

-“Тоо кулаганда” романынын автору Чыңгыз агабыз өзү “тоодой болуп кулап” түштү. Биз үлкөн руханий тообузду кулатып алгандай болдук. Анын орду толукталабы?
-Чындыгында эле Чыңгыз агабызды гана эмес, бул улуу адам менен биз улуу түшүнүктөрүбуздү да жоготуп алгандай болдук. Анткени, ал улуттун акылгөй түшүнүгүнүн, даркан даанышмандыктын, улуттук дүйнө таанымдын улуу символу эле. Мен ойлойм, ар бир инсан ал балким чыгармачылбы, илимпозбу, улуу ишмерби, ким болбосун бу дүйнөдөгү тагдыр буйругу орду менен жаралат. Чыкебиздин орду бул Чыкебиздин орду, ал эч качан кебелбес түшүнүк. Ар бир адамдын дүйнөдө өз миссиясы бар сыяктуу эле, бир Чыңгыз кылыч менен дүйнөнү чапса, бир Чыңгыз калем менен дүйнөнү багынтты. Дүйнө архитектурасынын түзүлүшү ушундай парадоксалдуу. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы бу дүйнөдө эки адам гана түбөлүктүү деп келишет: гений менен тиран деп. Булардын артынан: генийден акыл казына, тирандан аккан кан калган. Чыңгыз агабыз элине кылымдардан кылымга улуу таберик болуп калуучу зор ой казынасын таштап кетти. Анын ысмы, түбөлүктүүлүгү ошол ой казынанын алтын барагына жазылып калды. Бирок, бу дүйнө түзүлүш – улуу мухитти элестетет. Ал бирде тартылат, ал бирде толот, толкун артынан толкун келип, мухиттин кыймылы улана берет… чоку артынан чоку уланат… Адабият да, адамзаттык ой-тааным да ушундай табигый процесс менен уланып келет…Улут уулунун улуу чокусу куласа да, улут өзү кулабайт, демек улуттук көркөм таануу процесси жаңы ысымдар менен улана берет. Эгер биз кайсы бир идеалдын ысмы менен бардыгы токтоп калды десек, анда биздин келечегибиз кайсы, улут экендигибиздин наркы кайсы?..

– Чыгармаларыңыз боюнча кинотасма тартуу оюңузда барбы?
-Жок. Ар бир жазылган чыгарма иралды өзүнүн түпкү жанрында “түпкүлүктүү орду” менен жашайт. Ырас, экрандаштырылган көптөгөн чыгармаларды билебиз, ошол эле Чыңгыз агабыздын канча чыгармалары киного алынды. Бирок, мен үчүн китептеги Айтматовго эч ким жеткен жок.

-Балалык дооруңуз жөнүндө эмнени айтаар элеңиз?
-Мезгил бизди балалык доордон канча алыстаткан сайын, балалык мезгил мага барган сайын улуу жомоктой сезиле берет… Бул жомокто биз качандыр бир убакта жашап өткөндөй туюлат…

-Көркөм чыгарма жазып жатканда саясаттан качып чыккыңыз келеби?
-Эмнеге качып чыгам?.. Эгер мен ага кирбесем, мен өзүмдү саясатчы деп эсептебесем. Туура, кезегинде саясий орунда иштедим, саясатчы эч качан ээлеген орду менен саясатчы деп бааланбайт, бүгүн ордунда турса саясатчы, эртең шыпырылса саясатчы эмес, бу туура эмес түшүнүк деп айтаар элем. Саясатчы – бу кесип эмес, бу иралды – орусча айтканда “призвание”, позиция, мүмкүн бул оюм өтө эле теңирден тескери чыгар, ал – “курмандык”. Адамдыктагы пендечилдик касиетин “курмандыкка чала” алган адам гана чыныгы саясатчы боло алат. Пендечил адам эч качан саясатчы боло албайт. Биздин саясатыбыздагы башкы трагедия да ошол пендечилдикте, анткени, биз ошол деңгээлден өйдө башыбызды көтөрө албай жатабыз. Менин оюмча саясатчы фундаменталдуу түшүнүктөгү адам болуу керек, саясат, демократия илиминин шаасы Алексиси де Токвильдин эмгектерин билбеген адам эч качан саясатчы боло албайт.

-Акыркы мезгилде кайсы дүйнөлүк жазуучунун китебин окуп чыктыңыз?
– Акыркы кезде учурдагы европа жана латын америка адабиятына көбүрөөк кызыгып жатам. Айрыкча, акыркы жыйырма жылдан бери чыгармачыл стагнацияда болуп келген британ адабиятында өзгөчө адабий жанар тоо болуп жатат. Мен аны биринчи кезекте, британ адабиятынын ушул таптагы көрүнүктүү өкүлү Иэн Бенкстин ысмы менен байланыштырат элем. Азыр биз улуу өзгөрүштөрдүн алкагында жашап жатабыз, дүйнөлүк табигый мыйзамдар өзгөрүп жатат, адамзат башка бир өнүгүү ченемине кирди. Дүйнө түзүлүшү козголуп, жер шарынын полюстары климаттык өзгөрүүгө багыт алды. Бул табияттагы жаңы дем болсо, ал адабияттагы бу өзгөрүүнү британ, европа адабияты менен байланыштырат элем. Бул материкте адабий ойдун руханий революциясы болуп жатат, башкача айтканда, көркөм ойлоонун башка бир эстетикасы таңыланууда. Бенкстин “Аары уюгу” романы адамдын бу дүйнөдөгү ролун ашкере көрсөтүү менен, адамдын дүйнөлүк катаклизмден да коркунучтуулугун баян этет. Адамдын маңызы? Адамдын кимдиги? Аны кайсы ой кыймылга салат жана башкарат? деген суроолорго жооп издейт. Жакында эле француз жазуучусу Мишель Уэлбектин “Карта жана территория” деген романын окуп чыктым. Ал бул чыгармасы менен атактуу Гонкур сыйлыгына татыган. Бул роман азыркы дүйнө түзүмдүн автопортрети, метафизикалык лабиринти, көркөм жазуу искусствосунун бийиктиги жана гениалдуулугу. Ал кыял менен чындыктын чек арасын таптакыр чечип салган чыгарма.

-Акын, жазуучулардын көпчүлүгү томдуктарын чыгарууда, сиздин чыгара турган оюңуз барбы? Бар болсо качан?..
-Жазуучу үчүн томдуктарды эмес, жакшы чыгарманы жаратуу башкы маселе болуу керек деп ойлойм. Мына, өзүңүз билесиз, орустун Гавриил Троепольский деген жазуучусу өмүрүнүн акырында, кексе куракка келгенде бир гана чыгарма жазды. “Белый бим, черное ухо” деген. Бир эле чыгармасы менен ысмы түбөлүккө калды. Мен ойлойм, ар бир жазуучу ар бир жаңы жазылган чыгармасы менен гениалдуу чыгарма жарата албайт. Бирок, анын бир гана “бийик нотасы” болушу мүмкүн. Акыркы мезгилде менин “Ханышанын көз жашы” деген проза жыйнагым, Анкарадагы “Бенги” басмасынан түрк тилинде “Аптанын бешинчи күнү” деген китебим, быйыл эле “Mega print” басмасынан англис тилинде “Weeping of the Gueen” деген драмалар жыйнагым жарык көрдү. Ал эми Москвадан “Корона” аттуу китебим орус тилинде жарык көрүп жатат.

– Келечек пландарыңыз кандай?
-Бир топ ойлор бар.”Жанжаза” аттуу романымды окурмандарга жакын арада тартууласам деген ойдомун. Жакында “Европанын адабий күндөрү” аттуу чоң адабий форумга чакыруу алдым. Бул форум Парижде келерки жылдын февраль айында өтөт.

-“Жанжаза” аттуу романыңыз эмне жөнүндө?
– Аны окуганда билгенге…койбойлубу.

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ, “Эркин-Тоо”,  24.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.