Накыл кептер

* * *

Атаңдын көзүнчө балаңды өппө, эркелетпе.

* * *
Атаң тирүү кезинде сакал-мурут койбо.

* * *
Атаң тирүү кезинде өзүңдү “ата” деп айттырба.

* * *
Саламдашпай туруп сөз баштаба.

* * *
Өзүңдөн улуу кишиге бөйрөк таянып жооп бербе.

 

* * *
Улууга акаарат айтпа, улуулардан сөз талашпа.

* * *
Капталдан качырып сөз сүйлөбө.

* * *
Карыптарга күлбө.

* * *
Бирөө менен урушсаң, аны “чочко” дебе.

* * *
Улуу адамдын жолун кесип өтпө.

* * *
Отурган ордуңду, конгон журтуңду тазалап кет.

* * *
Жарым жолдон артка кайтпа.

* * *
Малды теппе, томаяк болуп каласың (“Мал боор эт менен тең”).

* * *
Итке суу чачпа, бети-башыңды сөөл басат.

* * *
Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

* * *
Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак же маки менен чийип кой.

* * *
Чоң жолдо жаткан буюмду, жолдун четине коюп койсоң сооп табасың.

* * *
Эркек кишинин үстүнөн жана кийимдеринен аттаба.

* * *
Адамга бычак кесебе, шерти болот.

* * *
Эшикти тээп ачпа.

* * *
Эшик түбүнөн жүгүнбө.

* * *
Келин алган тарапка баш (малдын) тартпа.

* * *
Келинди отко киргизгенде май жедир.

* * *
Адамды айланып чуркаба.

* * *
Эки кишинин ортосунан өтпө.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.