Шабдан жана кыргыз-түрк байланыштары

1904-жылы Шабдан баатыр ыйык Кабаага сыйынууга барып, Осмон империясынын падышасы Абдулхамид хан IIнин (21-сентябрь 1842–10-февраль 1918-жылдары жашап, 1876-1909 – жж. падышалык кылган) буйругу боюнча Сириядагы Шам шаарынан Хиджаз аймагында (азыркы Сауд Аравияда) жайгашкан Мекке, Мединага жана Жидде шаарларына карай мусулмандардын ажылыкка барышын жеңилдетиш үчүн салынып жаткан тарыхта ”Хамидийе Хиджаз темир жолу” же “Мусулмандардын ыйык жолу” деген аталышта белгилүү болуп, 1901-1908-жж. курулган темир жолго 2000 рубль (алтын тыйын түрүндө) салым кошкон. Бул жардамы үчүн  ал Абдулхамиддин алтын медалына жана аны 8-март 1904-жылы күбөлөндүргөн жарнемесине татыган. Ошол  тарыхый документтин маанилүүлүгүн эске алуу менен анын толук мазмунун берүүнү туура көрдүк:

«Станбул мекемесинен Гази Абдулмежид уулу Абдулхамид-дайыма жеңүүчү-Улуу султандын шаң-шарапатынын жана дүйнөнү ээлегич кагандын жаркыраган мөөрүнүн өкүмү: Ажылардын Хижаз тарапка барып келүүсүн жеңилдетүүнү максат кылып, шарапаттуу Шамдан (Сириядагы Дамаск шаарынан-Д.С.) нурдуу Мединага жана кереметтүү Меккеге чейин темир жолунун курулушу боюнча берген буйругумда жардам көрсөтүп, кызматы өткөндөргө сыйлык катары жана алардын ысымдарынын түбөлүк аталышы үчүн мен тарабынан ар бирине медаль даярдалган. Россиянын Жети-Суу областынан Токмок калаасынан кыргыз бектеринен, жоомарт Жантай уулу Шабдан ханзаада,  Кудай анын атын, наамын, шарапатын арттырсын, ал жогорудагы аты аталган алтын медалдан алууга татыктуу. Медаль берүүгө менден уруксат суралгандыктан, бул документ ага бир алтын медаль берилгендигинин күбөлөндүрүү максатында жазылды. Буйрук хижра 1321 (1904-ж.)- жылы зилхижже (8-март) айынын 20-күнү жазылган.

Станбул мекемесинде бекем күбөлөндүрүлгөн».

Шабдан баатыр мусулманчылыктын эң негизги парздарынын бири болгон ажылыкка зыярат кылып келгенден кийин жана ошол эле учурда мусулмандардын ыйык жолунун курулушуна кошкон салымынын накта белгиси болгон бул Абдулхамидден алган алтын медалын эң жогору баалагандыктан, орус башкаруучуларынын атайын уруксаты менен ар дайым төшүнө тагынып, өтө сыймыктануучу экен. Азырынча Шабдандын Осмон империясынын падышасы менен жолугушуусу жөнүндө бизде документалдык маалыматтар жок. Бирок, өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе – бул даңазалуу баатыр, ажылыктан кайткандан соң төрөлгөн уулун Ажыкабыл – Абдулхамид деп кош ысымда атаганы, чыны менен эле мындай жолугушуунун болгондугунан кабар бергенсийт. Мындан биз Шабдан баатырдын Осмон мамлекетинин эң бир даңазалуу реформатор жетекчилеринен (орустардын Петр I сыяктуу) болгон Абдулхамид IIден чоң  таасирленгендигин баамдайбыз.

Мекке менен Мединага барып келгенден кийин Шабдан баатырдын дүйнөгө болгон көз карашы бир топ өзгөрүлүп, ааламда орус мамлекетинен тышкары кыргыздарга бел боло ала турган боордош мусулман калктары бар экендигине шерденип, өзүнүн Түркстандык мусулман мекендештеринин чөйрөсүндөгү талаптарды чечүүгө болгон аракеттерге да активдүү колдоо көрсөтө баштады. Бул тууралуу Жети-Суунун мусулман калкынын атынан түзүлүп, 1905-жылы Россия империясынын Министрлер Кабинетинин төрагасы П.А. Столыпинге (1862-1911 – жж. жашаган) жөнөтүлгөн 11 пункттан турган жолдомо-кайрылуу да (петиция) мисал болот. Кайрылууда Жети-Суу крайындагы мусулман калкын башкарууда бийликтин укуктук турмуштагы мүчүлүштүктөрү айгинеленген. Бул жердеги мусулман меджелисин (собрания) уюштуруп, анын карамагына жергиликтүү калктын башкаруусунан тартып сот, мыйзам чыгаруу ишине чейин ыйгарууну талап кылышкан. Мындан тышкары мусулман калкына мечит, медресе, мектептерди ачып, өз тилинде газета, журнал жана китептерди чыгаруу укугуна ээ болуп, гимназияда (орус тилдүү окуу жайларда) окуган мусулман окуучуларга христиан диний таалимдин ордуна мусулман таалимин окуу укугун берүүнү, ошондой эле жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жогорку мыйзамдарды чыгаруу ишине катыштыруу менен бирдикте жерге, жеке менчикке ээлик кылууда жана жогорку кызмат адистиктерине ээ болууда тең укуктун сакталышын талап кылышкан. Буларды орус падышасына өз колу менен тапшырууга жол ачкан Шабдан баатырга Жети-Суу калкынын атынан ишеним кат беришкен. Анда ал өзү кандайдыр бир себептерден бара албаган болсо, анда баатыр башка ишенген адамдарга ыйгарым укук берилишинин мүмкүн экендиги жана Орус Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышыш үчүн Жети-Суу областынын мусулман калктарынын өкүлдөрүн жеке өзү дайындай ала тургандыгы да белгиленген экен.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору,
“Эркин-Тоо”,  24.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.