Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Ар бир доордун өзүнө жараша логикасы, кан кызыткан талаш-талаштары, конфликттери болот тура. Маселен, байыркы Грекияда Сократ менен Платон философиянын өзөктүү маселелери боюнча талашып-тартышканы жакшы белгилүү. Ѳз оюнан, ишениминен эч качан кайтпаган Сократ акыры жалган жалаага кабылып, дарга асылган. Маданият тарыхында Амадео Моцарт менен Антонио Сальеринин ортосундагы татаал мамиле көп сөз кылынып келет. Александр Пушкиндин пикири боюнча, атактуу композитор Сальери Моцарттын ташкындаган талантына ич күйдүлүк кылып, уу берип тындым кылган. Ал эми илимде болсо улуу немис окумуштуусу Готфрид Лейбниц менен Исаак Ньютон бир чети атаандашып, бир чети кадимки эле кызганычтын айынан нечен жыл кырчылдашкан душман болгону тарыхтан белгилүү.

Касым менен Аалынын кармашы
Кыргыз тарыхында да ошол сыяктуу кан кызыткан талаштар илгертен боло келген. Ошондой  атактуу талаштардын бири, улуттук тарыхыбызга терең таасирин тийгизген идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башындагы Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин кармашы, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосундагы бүт Кыргызстанды уйкудан ойготкон катуу талашы десек туура болот го.

Бул талаштарды эскерип отурганыбыздын себеби – мында өткөн тарыхыбыздын дагы бир жандуу элеси, ХХ кылымдын драмалуу тарыхынын дагы бир маанилүү штрихи жатат. Баарынан кызыгы, бул үч инсан биздин улуттук тарыхыбыздагы нака титандар, лөктөр эле; үчөө тең ары таланттуу, кудай эч нерседен кур кылбаган ишмерлер, абройлуу  адамдар болгон. Ошону менен бирге булардын ар кимисинин өз чындыгы, өз ишеними, карманган позициясы бар эле.

Бирок бири да өз пикиринен кайткан жок; акыры жүрүп Тыныстанов репрессиянын курманы болду; кылым соңундагы Токомбаев – Айтматов талашында Аалыке катуу ооруга чалдыкты; Чыкебиз болсо Бишкектеги жазуучулар союзуна төрагалык ишин  таштап, Москвага кызмат которуп кетти.

Бул атактуу талаштардын чыныгы чоо-жайын билгендер бар, билбегендер бар, ошондуктан ал эмне деген талаштар эле деген суроого келели. ”Манаста” “Көп чырдын башы – Көкөтойдун ашы” деген сөз бар эмеспи, анын сыңары Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин ортосундагы чыр негизинен идеологиялык көз караштардын эки башкалыгынан чыккан  чыр эле.

Бир чети жашы улуу, экинчи жагынан билими да терең, жазуучулук тажрыйбасы да ал кезде көбүрөөк Касым Тыныстанов андагы баштооч акын Аалынын “Ленин тууралуу” деген кошок иретинде 1924-жылы жазган чыгармасын сындап койгон, сындаганда да өз заманынын логикасына салып, туура эле сындаган. Токомбаев Ленинди Мухаммед пайгамбарга теңегени, партиянын уставын Куран менен Инжилге салыштырганы чындыгында да атеисттик коом болуп эсептелген Совет бийлигинин идеологиясына туура келген эмес. Ошону менен бирге Касым Тыныстанов саясий жана чыгармачылык көз караштары боюнча Аалы Токомбаевдин чыныгы антиподу эле.

Алсак Тыныстанов Ленин жөнүндө башка калемдештериндей эргип жана эзилип эч нерсе жазбады; ашынган алаш-ордочул, туранчыл болду, өткөн заманды башкаларга окшоп караңгы түнгө салыштырмак тургай, мактап, чын эле ностальгия менен эңседи.

Тамшанткан, такылдаткан, таң калтырган,
Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,
Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган,
Бакыттуу бир күнсүң го түштөкүдөй,
Жаңылдай ири жандуу кыз урунган,
Ал өңдүү жыргал күндөр жылас болду,
Күнгүрөн, долу комуз, муңкан, муңкан!.. – деп жазган  эле Касым атактуу “Жаңыл-Мырза” поэмасында. Ошол жазгандары, атактуу “Академия кечелери”, Совет бийлигине салкын көз карашы акыры анын түбүнө жетти.

Касымдын Алаш-Ордочул, Түркестанчыл болгондугу – бул өзү мойнуна алган тарыхый чындык, ал эми Аалыке болсо Совет өкмөтүнүн анык жоокери, кылыч чапкычы, жаңы замандын идеологиясына жан-дили менен берилген Чалкары, ишенген жарчысы эле. Касым чыгаан окумуштуу, жазуучу жана тилчи, котормочу, эң биринчи профессор, коомдук ишмер болсо, Аалыке кыргыз адабиятынын кышын кынаган залкары, чоң акын, чебер прозаик катары тарыхка кирди.

Ырас, Касым Тыныстановдун Аалыкени сындаганы негизинен чыгармачылык  маселелерге байланыштуу болсо, Тыныстановду сындоо терең идеологиялык негизде болуп, ага Совет бийлигинин душманы, кайнаса каны кошулбаган каршылашы деген өтө оор айып коюлду. Деникин менен Колчакты колдогон, кыргыз менен казакты Советтер Союзунан бөлүп кетүү аракети бар деген саясий айып тагылды.

Жалаң эле Аалы Токомбаевдин сынына эмес, чоң саясий жана идеологиялык  компаниянын тегирменине кабылган Касым акыры 1938-жылы атууга өкүм болду. Аты-жөнү, китептери  жарым кылымдан ашуун тыюуда болуп, кайра куруу жылдарында, 90-жылдардын башында гана толугу менен реабилитация болду.

Аалы менен Чыңгыздын талашы
Эми Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун “Манас” эпосу жана кыргыз тили боюнча 1987-жылдагы талашына келели. Чатакты адегенде Аалыке баштады. Бүт Советтер Союзу окуган “Комсомольская правда” гезитинин 29-ноябрдагы (1987-жыл) номуруна берген интервьюсунда ал киши Айтматовго бир катар оор идеологиялык айыптарды койду. Атап айтканда, Айтматов эпосту ыксыз көкөлөтүп жатканы, “Манаста” кошуна Кытайдын территориясына басып кирүү жана кол салуу эпизоду бар экендиги, Манастын “канкор” деген аты болгондугу, ошондуктан этиет болуу керектиги, эби менен мактоо зарылдыгы айтылды.

Баарынан да Аалыкебиз Айтматовдун кыргыз тили колдонуудан чыгып баратат деген оюн жалганга чыгарып, кыргызча бала бакчаларын ачуунун зарылчылыгы жок, бул улуттук менменсинүүгө, бөлүнүүчүлүккө алып келет деген ишенимин билдирди. Буга жооп кылып “Кыргызстан маданияты” гезити “Токомбаевге жооп” деп редакциянын атынан Аалыкеге абдан катуу жазылган жоопту басты. Андан соң Чыкебиз бир чоң жыйында кыргыз адабиятынын аксакалын жерине жеткире сындады, кийинчерээк жазуучулардын чоң чогулушунда бул маселе талкууланып, Аалыке аёосуз ур-токмокко алынды. Кыргыз адабиятынын аксакалын аз жерден эл душманы, маданиятыбыздагы бардык балакеттердин башы дегенге чейин жеткендер болду.

Бирок баары бир Чыңгыз Айтматов жазуучулар союзунун төрагалык кызматын таштап, Москвага “Иностранная  литература” журналына башкы редакторлук кызматка которулуп кетти. Ошо чатактан көп өтпөй ансыз да жашы карыялык курактын туу чокусунда турган Аалыкебиз а дүйнө салды…

Албетте карама-каршылыксыз коом өнүкпөйт, прогресс болбойт эмеспи. Бул тарыхтын диалектикасы го. Бирок жогоруда белгиленгендей, бул кыргыздын эки титанынын таймашы кайсы бир деңгээлде эски менен жаңынын, жаңы муун менен эски муундун таймашы эле. Моюнга алышыбыз керек: Аалыке менен Чыкебиздин тартышы кайсы бир деңгээлде регионализмдин да чырагына май тамызды; эки залкарыбыздын тегерегинде ар түрдүү “жарма патриоттор” топтоло баштады, бир канчасы Чыкебиз мындан төрт жыл илгери көзү өткөнгө чейин ар кандайынан улуу жазуучубузга асылганын койбой, макала уюштуруп, ушактарды чыгарып, айтор, мындан чейрек кылым мурунку талаштын резонансы далайга токтогон жок.

Ошол эле мезгилде Аалыкенин жазуучу катары маанисин төмөндөткүсү келгендер да бир топ болду, бирок Токомбаевдин поэзиясы менен прозасын, улуттук маданиятыбызга сиңирген зор эмгегин тануу – Чыкебиз айткан манкуртизмдин эле дагы бир көрүнүшү болмок.

Бирок мезгил деген эң адилет сот тура – тарых акыры үчөөнү тең өз ордуна койду. Үчөө тең азыркы убакта кыргыз эли ардак менен оозанган, сый жана сыймык менен атын атаган инсандар. Турмуш болсо өз жолу менен уланууда.

Касым Тыныстанов кылаасында көз жарган касиеттүү Ысык-Көл дагы эле ордунда, Аалыке менен Чыкебиздин заманында буркан-шаркан түшкөн Нарын менен Көкө-Мерен, шүгүрчүлүк, дале калыбынан жаза элек.

Мезгил учат канаты бар немедей,
Айлар сызат кербен тарткан кемедей,
Жылдар жылга куюулушат токтобой,
Кайда барат дөңгөлөнүп ченебей? – деп Аалыке жазгандай, баарыбыз пендебиз, тирүүлүктө кээде дүйнөгө түркүк боло тургандай талашып-тартышып, кырчылдашып кармашат экенбиз да, бирок баарын орду-ордуна коё турган, ким чын, ким жалган экенин тактай турган Тарых менен Мезгил экен.

Ал эми биз атын атап, арбагын эскерген үч залкар укумдан-тукумга аңыз болуп айтылып, аттары кыргыз тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калаарына эч бир шек жок.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 27.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.