Бурулкандын селкинчек… “Жашооңду а дүйнөдө урганым жок,/Бу дүйнөң көркү чыгат күнөө менен”

Оригиналдуу жашоосу, өзгөчөлөнгөн чыгармалары, стандартка чектелбеген элде жок ээнбаш эротикалык ырлары менен айырмаланган Бурулкан КАРАГУЛОВА деген акын айым бар. Анын сүйлөгөнү да, жазганы да элди эриктирбейт. “Кыял кемеси”, “Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө”, “Селсаяк”, “Токтогул көлү – көз жашым” деген чыгармалары өз окурмандарын таап, коомчулукка сиңип кеткен. 

– Чыгармачылыгыңыз кантип атат?
– Азыр китеп сатып жүрөм. Мурда китеп базарга берип, ал жерден качан өтөт деп күтүп отурчу элем, эми болсо тааныштарга кирип эле жакшы баага сатып атам. Китебим чыкканын уккандар өзүмө келип алып атышат. Себеби Токтогул көлү тууралуу жазгам. Районубузду көл басып, анын алдында биздин ата-бабаларыбыздын сөөктөрү, эң кооз жерибиз, балалыктын издери калды. Биз атамдын сөөгүн гана араң алып чыкканга үлгүрдүк. Ушул чоң трагедия камтылган китебим чыкканда элдин кабыл алуусу абдан жакшы болду. Буга чейин “Бу дүйнөң көркү чыгат күнөө менен” деген китебимди чыгараарга жакын түп нускасы менен жоготуп алгам. Ошол китебимдин азасын төрт жыл тарттым, кайра жазайын деп жазалбай койдум. Ал китебим чыкса абдан жакшы болмок, башкача ырлар эле.

– Бул ырыңыздын мааниси кандай, аты өзгөчө экен?
– Ушул ырды “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” деген китебиме киргизгенде өзүнчө чыгарсам болмок деп ичим ооруп калган. Бир чети киргизип койгонум деле жакшы болуптур, антпесе жоготуп алмакмын. Ал ыр мындайча башталат:
“Кеп угам акылы улук акылмандан,
Сак болгун кызым калпыс жаңылгандан.
Жаңылуум санап бүткүс жабыркагам,
Жарат күч, жүрөк жүзгө жарылгандан.
Кеп угам акылы кем Апендиден,
Сүйүшүү а дүйнөдө макүрөө деген.
Жашооңду а дүйнөдө урганым жок,
Бу дүйнөң көркү чыгат күнөө менен”.

Ушул ырдагы бир сапты китептин атына койгом. Бирок кол жазмамдан бери жоготуп жибердим. “Токтогул көлү – көз жашым” деген кол жазмамы карасам бир китеп болуп калыптыр. Жоголгон ырларыма өмүр бою эле аза күтүп жүрө бербей муну чыгарып жибердим. Жакында дагы бир ыр жыйнагым чыгат. Ага кеткен чыгымды ноокаттык Маматжан Анарбаев деген бир ишкер үкөм төлөп берип атат. Жакшы адамдардын бар экенине абдан ыраазы болуп, жашоодон үмүтүм үзүлбөй келатат..

– Эже, сиз жаш күйөөгө тийип алгандан бери артыңыздан ар кандай сөздөр ээрчип жүрөт го? 
– Чындыгында бул тагдыр. Жолдошум Нурбек жазуучу Көчкөн Сактановдун баласы. Бирок мен аны көчөдө калган жеринен таап түгөй кылып алгам. Ага арнап “Чөнтөгүңө костюмуңун эскирген, Жүрөгүмү салып алып жүрөсүң” деп жазган ырым бар. Ал мага жолукканда эски, сүзүлгөн костюмун кийип жүрчү, ошол ырдан кийин өрттөп салган. Нурбектин тагдыры оор, кичинесинен талаада чоңойгон. Анын апасы Орозбек Кутманалиевдин балдызы болчу. Орозбек агай сегиз жашында балдарымды багышсын деп багып алган. Ал супсулуу болуп бой жеткенде Сактанов аны Алайга алып кетиптир. Кутманалиев балдызын шойкомдуу жазуучуга бербейм, эгер сен ага тийе турган болсоң “через мой труп” деп айтканын Орозбек агай мага өзү айтып берген. Кайненем абдан сулуу, узун чачтуу аял болуптур. Жазуучуга турмушка чыккандан кийин О.Кутманалиев балдызына таарынып катташпай койгон. Бирок кийин кайненем көз жумганда аябай кейип, жаман болгонун айтып берип жашыган. К.Сактановдун кийинки аялынан Мирад, Мидин деген балдары бар. Нурбек инилери менен катташып турат. Менин “Селсаяк” деген чыгармамда Нурбектин өмүр баяны толук жазылган.

– Ал белгилүү жазуучунун баласы болсо кантип анан көчөдө жашап калат? 
– Ата-энеси ажырашкандан кийин Нурбекти тайлары багып калат. Ал 5-класста окуп жүргөндө атасы алимент төлөйсүң деп партияга өткөрбөй атат деп келип Нурбекти тайларынан алып кеткен экен. Ошол кезде Нурбектин өз энеси да турмуш куруп кетиптир. Ал Нурбекти Фрунзедеги №5 мектепке окутам дечү экен, ошол тилеги орундалып атасы окутсун деген экен. Бирок атасы №2 интернатка алпарып, “бул бала жетим, жалгыз кемпирдин баласы” деп айтып өткөрүптүр. Нурбек ошондо атамды жалт карап, бул эмне кылганы деп таңгалгам дейт. Ошол бойдон атасы келбей коюптур. Дем алыш күндөрү үйүнө барса кетиргенче шашчу экен. Ошентип ал атасыныкына батпай таптакыр талаада калган. Энеси да ошол жылдары аварияга кабылып, оорулуу болуп калыптыр. Аскерден келгенден кийин да Нурбек Ош базарынын жака-белинде күн өткөрө баштаган. Бир күнү айылдаштары жолугуп ага “мамаң өлүп калды” деп айтышыптыр. Суук кабарды укканда ыйлап атасына “мамам каза болуп калыптыр, жүрүңүз” деп келсе, “энең менен сенин тилиң чыга электе ажырашкам” деп эшигин жаап алыптыр. Ошол боюнча ал Шалта айылына чейин жөө барып, үйүнө батынып кире албай, апасынын мүрзөсүнө барып ыйлап, гүл коюп кетиптир. Нурбектин кайсы көчөдө жүрөрүн таякелери билишчү экен. Алар бир күнү Нурбекке келип, “сен апаңын мүрзөсүнө барып гүл коюп кетипсиң” дешиптир. Эмне үчүн Нурбекти көчөдөн алып кетишкен жок деп тайларына да таңгалам. Ошол кезде Нурбек ыр жазып жүрүптүр, ал менин А.Токомбаев атындагы чыгармачылык ийримиме ырларын көтөрүп келип, анан таанышып калганбыз. Кароосуз калган бала арактан күчүн чыгарып, далай ырларын аракка сатып жибериптир. Качан гана арактан эки көзү жакшы көрбөй калганда ичкилигин токтоткон. Ошол арагын токтоткон кезде чыгармачылык ийримге келип катышып калды, агезде ал 28 жашка чыгып калган. Бир жыл менде окуду, абдан көңүлү жумшак, эч кимди сен деп катуу айтпаган, сыпайы жигит экен. Кийинчерээк үйүмө келип үй-тиричилигине жардам берип, огородумду карап жүрчү. Бир күнү курбум келсе, Бурул эжеге айтчы, ага үйлөнөйүн деп айтыптыр. Курбум болсо “мени эле алчы, сага тийейин, экөөбүз баш кошуп алалы” деп айтса, “жок, мен сени албайм, алсам Бурул эжени эле алам” деп баш тартыптыр. Ошол курбум азыркыга чейин Нурбекти жакшы көрүп, ага арнап обон жаратып жүрөт.

– Азыр кайнатаңыз менен байланышасызбы?
– Илгери ага жолугуп, Нурбек кимиңиз болот десем, “уулум болот” деди. Мен уулуңуз менин үйүмдө жүрөт, эмне кылайын же алып кетесизби десем, ал “ой, ал апасын таштап, кемпир энесин таштап карабай кетип калган” деп аябай жамандады. “Анда эмне кылайын, тийип алайынбы?” десем, ал “мына, айнекти карап айтайын, менин тилегим ак, ак батамды берем, тийип ал, Нурбек абдан жароокер, жакшы бала” деп кайра тескери сүйлөгөндө аябай таң калгам.

– Анда жолдошуңуздун атасынан көңүлү калган турбайбы?
– Ал эч кимден көңүлү калбайт, эч кимге, атүгүл чымынга да жамандыгы жок. Болгону “атам мени наристе кезимде жылуу ордуман козгоп эмнеге минтип талаага таштап койду экен” деп калат.

– Курбуларыңыздан жаш күйөөңүздү кызганбайсызбы?
– Бизде кызгануу деген түшүнүк жок. Ортобузда бир уулубуз бар. Аны 48 жашымда көргөм. Ага чейин балалуу болбойм деп сактанып жүрчүмүн. Менин төрөгөнүмдү эч ким деле көргөн жок. Уулум кичинекей төрөлүп, үч ай айнектин (вакуум) ичинде жатты. Уулумду көргөндөр бул небереңби деп сурай беришет. Ошондо кыздарым намыстанып, кыздары эле төрөп салды деп элдер ойлойт болуш керек, жакшылап сактанбайт белеңиз деп урушуп жүрүштү. Бирок инисин аябай жакшы көрүшөт. Мен аялдар 45 жаштан кийин төрөбөйт го деп ойлоп жүрчүмүн. Азыр уулум алтыдан ашты. Эки кызым Москвада жашашат. Нурбек экөөбүз Москвага барып иштеп келдик. Быяктагы эки кабаттуу үйдү Мээрим кызым акча жиберип, ошого салып атабыз. Учурунда гезит-журналдарга эң кембагал акын менмин деп маек берчүмүн, азыр үйүмдү көргөн журналист кыздар жашооңуз ошондогу маегиңизге төп келбей калды го деп күлүп калышат.

– А эмнеге эң кембагал деп айтчу элеңиз?
– Анда үйүм тар болчу.

“Тар кепеде кенен ойлор төрөлүп, 
Көңүлүмдүн өлкөсүнө сыйбадым.
Бар бактымдын баркын билбей
ташка чаап,
Чогулталбай канча жылдар ыйладым” деген ырымдай тар үйдө жашап эки кызымды чоңойттум.

– Сиз кыздарыңыздын атасы жөнүндө эч нерсе айтпайсыз го?
– Ал жөнүндө эч качан сөз кылбайм. “Сүйбөгөн күйөөдөн, сүйрөлгөн бирөөдөн, сүймөнчүк кыздарды төрөгөм, төрөгөм…” деген ырларым ошого жазылган.

“О, Кудай ай, кимге мени кошконсуң, 
Миң кабаттап чынжыр менен тосконсуң.
Бар пендеңе бакты бөлүп жатканда,
Мага чымчым бак бөлгөндөн коркконсуң.
Айлуу түнгө арман айтып узаттым,
Эки кызым жетимдери Сузактын.
Бир кезекте көктө сызсам, а азыр,
Чыкпай келем чеңгелинен тузактын.
Күндө, түндө атың менен сыйынам,
Тоону бөгөп көл курадым ыйыман.
Белди бүгүп төрт бүктөлүп калбастан,
Белди байлап бекем жүрөм тыңыман”
деген сыяктуу ырларым жазылган. Ошол ырды окуган Сузактын кулуну Марат Кайыпов үкөм министр болуп турганда “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” деген китебимдин бир чыгарылышын көтөргөн эле.

– Сиздин ырларыңыз башка акындардыкына окшобойт, стандарттан тыш, эротикалык саптар менен чындыкты чымчып кетет. Сизге сын айткандар абдан көп болсо керек…
– Ар бир ыр өзүнөн өзү эле жазылып калбайт. Бир учкун жүрөгүңө кирип, дем менен жазылат. Мисалы, менин бир ыр саптарым бар:
“Денеме денең сүрүлүп,
Күчөгөн кезде ысыгым.
Аңдабай туруп кетесиң,
Аялдын билбей кызыгын.
Колтукка бекем кысканда,
Таркабай жатса ысыгым.
Таркыйып туруп кетесиң,
Катындын билбей кызыгын”. Ушул ыр саптарды канчалаган гезиттерге жазып шылдыңдашты. “Аялдын өрттөй ысыгын айттырбай сезсең болбойбу…” деген уландылары да бар. Эротик акын дешти, жолуккан жерден шылдың кылышты. Бирок бул турмуш, чындык! Чындыкты моюнга алып, эркектер чычалабашы керек. Эмне үчүн эч ким айтпаш керек? Акыры бирөөбүз айтышыбыз керек да.

– Сиздин эротикалык ырларыңызды жолдошуңуз окуп эч нерсе деген жокпу?
– Эч нерсе дебейт. Мен ага кандай ишенсем ал да мага ошондой ишенет, бул толук далилденген. Ал тескерисинче ошондой ырларыңды окутчу деп калат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 31.08.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.