Унутта калган үч маселе

“Манас” чыгармасы эпоспу же жомокпу? Эпос менен жомоктун айырмасы болобу? Сагынбайдын варианты боюнча жакында жарык көргөн эпостун кириш сөзүндө “чоң жомокчу” деп аталып берилген. Чын-чынына келгенде бул эпос жомокпу? “Манас” эпосун ушундай кайдыгерлик менен байыркы тарых алдында, байыркы эл катары өз беделибизди өзүбүз түшүрүп алып жаткан жокпузбу? Каныкей эненин жомогубу же арманыбы? Алманбет баатырдын жомогубу же арманыбы?

Грек элинин “Иллиада”, “Одиссей” сыяктуу байыркы дүйнөлүк тарыхый окуу китебине сунуш кылууга болобу? Албетте, болот!

Андыктан ылдамыраак кыймылдап, эмгектенүүгө туура келет. Бул илимий макала ушул газетага 1998-жылы жарыяланган эле, ошондогу текстти эч өзгөрүүсүз кайрадан бастырууга туура келди.

“Манас” эпосу боюнча үч маанилүү маселеге кыскача токтолгубуз келет. Мына ушул аталган элдик оозеки улуу чыгарма өз алдынча жыйынтыкталып, том-том болуп жарык көргөндөн бери жарым кылымга тете убакыт өттү. Мына ошол узак жылдан бери “Манас” эпосу орто мектептин окуу программасына киргизилип, орто мектептерде окутууга сунуш кылынып келе жатат. Бирок, ошол узак мезгилден ушул күнгө чейин кыргыз орто мектептери үчүн “Манас” эпосу боюнча анын бөлүктөрү кыскартылып, хрестоматия түрүндөгү атайын түзүлгөн окуу куралы (учебное пособие) даярдалып бериле элек. Бул абдан өкүнүчтүү. “Манас” эпосунун мазмуну менен мугалимдер да, окуучулар да жакшы жана толугу менен тааныш болбой, аны окуп чыкпай, көркөм тексттин үстүндө ар дайым талдоо жүргүзүү менен өтүлбөгөн сабак окуучулардын тигил же бул чыгармага болгон массалык кызыгуусун арттырбайт. “Манас” эпосу жөнүндө окуу китепке кыскача берилген маалыматтарды класста кайталап айтып берүү менен чектелүү, жогорку окуу жайларында өтүлө турган сабак сыяктуу ар дайым лекциялык метод менен өткөзүү (көркөм тексттин үстүндө талдоо жүргүзбөй) азыркы учурдун, программанын талабына толугу менен жооп бербейт.

Анын үстүнө “Манас” эпосу, анын бөлүктөрү (“Семетей”, “Сейтек”) 1959-жылы басылып чыккан, аларды ар бир мектеп китепканасынан, ар бир мугалимдин китеп текчесинен толугу менен табуу кыйын. Ушунчалык зор көлөмдүү “Манас” эпосун окуучулар өзүлөрүнүн папка-сумкаларына сыйдырып алып жүрө албайт. Бул адабий китептер кээ бир мектеп китепканасында болгон күндө да мугалимдер кайсы бөлүктөн, кайсы главаны же эпизодду окуу программасында бөлүнгөн саатка ылайык материалды тандап алалбай, көп убакыт кетирип кыйналышат. Ошондуктан мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен окуу программасында көрсөтүлгөн убакытка ылайык окуу куралын-хрестоматия түзүү керек. Китепке киргизилбей калган көркөм тексттин мазмунун окуянын уландысы катары кара сөз түрүндө түшүнүк берүүнүн олуттуу мааниси бар, анткени окуучулар бүтүндөй бир көлөмдүү эпостун сюжети жөнүндө толук маалымат алышат. Чыгарманын текстинде кездешилген түшүнүксүз сөздөргө түшүнүк берилиши зарыл. Манас атанын миң жылдыгына карата ар түрдүү түстүү сүрөттөр чыгарылды. Маселен, акылман Бакай атанын Манас баатырга жөлөк-таяк болуп, кеңеш берип кол баштап бараткан учуру, Манастын көз тайгылткан ак кар, көк муздун үстүндө Коңурбайдын сунулган найзасын кагып жиберип, анын капталын булуп өткөн учуру ж.б. Мына ушул сыяктуу көркөм түстүү сүрөттөр менен жабдуу окуу куралынын абдан кызыктуу болуп, басылып чыгышына зор өбөлгө түзөт. Бул окуу куралын даярдап чыгарууга мектеп турмушун жакшы билген, окуу программаларын түзүүгө катышып, окуу китептеринин автору болуп жүргөн тажрыйбалуу окумуштуулардан Манас секторунун илимий кызматкерлеринен, көркөм ой жүгүртүүсү алда канча терең, көркөм сөз чеберлери жазуучулардан тартуу керек. Маселен, Ч.Айтматовдон кеңеш сурап, аны менен акылдашып туруу да максатка ылайыктуу болоор эле. Алтургай 2-3 беттен турган кириш сөз жазууну ошол кишиге сунуш кылуу да ойдогудай болмокчу. Кириш сөз албетте, “Манас” эпосунун сюжетин жөн-жай эле супсак, кайталап айтып берүү маанисинде эмес, байыркы кыргыз элинин тарыхынан учкай болсо да маалымат берүү менен бирге элдик баатыр Манастын, Алмамбеттин, акылман Бакай ата менен Каныкей эненин образына кыскачы токтолуп өтүү да маанилүү. Ар бир окуучунун акыл-сезимине жетерликтей мазмундуу жазылышы жакшы натыйжага ээ болору баарыга белгилүү. Көркөм текстке карата берилген дидактикалык материалдар б.а. суроо, тапшырмалар, окуучуларды өз алдынча ойлонууга, ой жүгүртүүгө дуушар болгудай кылып, алардын текстти туура талдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүгү келээрлик мааниде, проблемалык жагдайда тигил же бул маселеге байланыштуу мазмундуу, так түзүлүшү өзгөчө маанилүү. Анткени, суроо менен тапшырма окуучуларга туура түшүнүүгө багыт берип, туура жана ойдогудай орун-олуттуу өбөлгө болот. Мына ушул окуу куралын кыргыз мектептери үчүн көп санда массалык тираж менен чыгарып, бир тууган коңшулаш республикаларга, ошондой эле чет элден келип иштеп жаткан элчилер аркылуу ар кандай чет мамлекеттерге да сунуш кылууга болот. Коллективдин демилгеси менен түзүлгөн бул окуу куралы коңшу республикалардын окуучулары менен окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынып, колдон-колго өткөн мазмунга бай китеп болуп, эл аралык аренада арзырлык-кубанарлык сөз болуп калса, анда биринен-бири угуп дегендей көпчүлүк мамлекеттердин мектеп окуучуларынын эне тилине тез арада ылдамдык менен которулушу мүмкүн. Көпчүлүк мамлекеттердин мектеп окуучулары ушул чакан көлөмдөгү окуу куралы менен тааныш болгондон кийин, алардын эстетикалык табити артып, массалык кызыгууну пайда кылса, жакшы тилек менен айтканда, зор көлөмдүү “Манас” эпосун толугу менен которуу маселеси да колго алынып, көптөгөн дүйнө элдеринин идеялык-эстетикалык көркөм байлыкка болгон умтулуусу массалык кыймыл аракет менен коштолуп кетиши ыктымал. “Манас” эпосун чакан китепче аркылуу дүйнөлүк элдердин тилдерине ылдам-ыкчамыраак которуунун жана аны кеңири жайылтуунун маанилүү жана ыңгайлуу жолу мына ушундай.

Экинчи бир маанилүү маселе, “Манас” эпосун иликтеп-изилдеген илимий кызматкерлер да, “Манас” эпосунун томдорун даярдап чыгарган, ага кириш сөз жазган ири окумуштуулар да көркөм сөз чеберлери – көрүнүктүү жазуучулар да “Манас” эпосу жөнүндө сөз болгондо эле бул элдик оозеки улуу чыгарманы “жомок” деп атоо менен сөз кылып, улуттук сыймыкка ылайык келбеген калпыс-чоочун маанидеги ойго келишет. Мен мындай чындыкка ылайык келбеген өкүнүчтүү пикирге так эмес айтылган тайгылтмалуу түшүнүккө такыр кошулгум келбейт. Анткени, анда социалдык чыныгы турмуштун көп кырдуу, ар түрдүү көп жактары сүрөттөлүп көрсөтүлөт. Эл-жерди, Ата-Мекенди коргоо, элди кулчулуктан сактап калуу, эр-азаматтардын эркиндик үчүн болгон тайманбас күрөшү сыяктуу улуу маселеден, башкы темадан баштап элдик баатыр Манастын эрдиги менен шердиги толугу менен баяндалат. Чалкып жаткан океан сымал зор көлөмдүү эпосто кыргыз элинин байыркы турмушу, үрп-адаты, каада-салты, диний-илимий дарыгерлик түшүнүгү, үй-бүлө, турмуш-тиричилиги, жоокерчилик-көчмөнчүлүк заманга байланыштуу эл аралык өз ара маселелери кенен чагылдырылат. Ошондой эле жоого аттануунун даярдыгы, жортуулга, чабуулга өтүүнүн түрдүү ыкмалары, жол-жоболору, курал-жарактары, найза тешип өткүс жоо кийимдери, ат жабдыктары ж.б. жөнүндө толук маалымат берилет. Албетте, анда пейзаж темасы тоо-таштын, жердин, суунун көрүнүшү, түрлүү жаныбарлардын, аргымак-тулпарлардын сын-сыпаты, сылык-сыпаа илбериңки элпек, сыр билги мүнөздүү, жылдызы жанган кыз-келиндердин, айымдардын сымбаттуу мүчө-келбети, баатырлардын айбаттуу сүрү, чоюн булчуң алп мүчөлүү күч-кайраты эң сонун элестүү сүрөттөлөт. Талчыбыктай солкулдаган тээ жаштык кезиңди эске салып, акыл-сезимиңди, делебеңди ээликтирип козгогон сүйүү ырлары өткөн күндү эске салып, көкүрөктөн көк буу чыгарып, каңырык түтөткөн, кадыр көңүл черин козгогон, учкул ойлор менен жуурулушкан жүрөк сыры, жүрөк муңу, жүрөк зары – арман, керээз, кошок ырлары да бар.

Айталык анда: акылмандык менен даанышмандык, айкөлдүк менен кең пейилдүүлүк, кыраакылык менен алаңгазарлык, кайраттуулук менен коркоктук, ак ниеттүүлүк менен кара өзгөйлүк, марттык менен сараңдык, жоомарттык менен ичитарлык, боорукерлик менен ырайымсыздык, шалаакылык менен чыйрактык, кайгы менен кубаныч, күлкү менен ый да ж.б. ушул сыяктуу турмуштун көп түрлүү жагдайды канча сансыз жыл, канча кылым мурун өтсө да, күнү бүгүн өтүп жаткандай жандуу элес менен ар кандай тарыхый окуялар алда канча көргөзмөлүү болуп, көз алдыңан чубап өтөт.

Мына ушундай көп кырдуу социалдык турмушту, көп түрлүү жагдайга байланышкан окуяларды кенен сүрөттөп көрсөткөн зор көлөмдүү улуу эпосту чакан көлөмдүү жомоктордун катарына коюп (маселен, “Алтын куш”, “Акылдуу дыйкан”, “Чокчолой баатыр” ж.б.), кош көңүлдүүлүк менен “жомок” деп атоо, кайдыгерлик менен жомокко окшоштуруу таптакыр ылайыксыз. Ушунчалык көлөмү зор, залкар улуттук рухий көркөм сөз байлыгыбызды, тарых алдында анын дүйнөлүк эң бийик баасын өтө эле кемитип, төмөн түшүрүп алышыбыз мүмкүн. Бул маселеде улуттук сыймык менен патриоттук аң-сезим менен элдик-татыктуу ой жүгүртө билүү гана талап кылынат. Баарынан да ушул калпыс айтылган ойдун, туура эмес, орунсуз пайдаланылган сөздүн кесепетинен башка мамлекеттин элдери, башка улуттар көлөмдүүлүгү гана болбосо, биздин элде айтылып жүргөн кадимки жомоктордун бир түрү турбайбы дегендей ойго келип, өз эне тилине кадырлап-урматтап которуп алуу аракети мындай турсун, анын тескерисинче кол шилтеп кайдыгер мамиле кылышы да ыктымал. Жомоктордо өтүп жаткан турмуш-тиричиликтин, окуялардын ордуна байланыштуу тарыхый географиялык жердин аттары аталып көрсөтүлбөйт. Маселен, илгери бир заманда кемпир-чал болгон экен… Илгери бир бир убакта акыл Карачач деген кыз жашаган экен… делип гана башталат да айтылат…

Ошентип, “Манас” эпосу – кыргыз элинин байыркы элдик адабий улуу мурасы, тарыхый-маданий улуу эстелиги, элдик улуу оозеки чыгарма, элдик улуу эпос (фольклор), жандуу энциклопедия деп аташыбыз абзел. Жандуу энциклопедия деп аташыбыздын жөнү бар. Анткени “Манас” эпосу Совет бийлигине чейин ооздон-оозго, муундан-муунга, атадан-балага жазуу түрүндө кагазга түшүрүлбөй, оозеки айтылып келди. Эпостун көркөм саптарын, ар бир сөзүн жерге түшүрбөй кылымдан-кылымга жеткизген С.Орозбаков, С.Каралаев өңдүү көзү эбак өтүп кеткен атактуу манасчыларыбыз болду. Эл-жерди, мекенди коргогон тарыхый инсан, элдик баатыр Манасты даңазалап ырдап, улам кийинки төкмө акындар талант-жөндөмүнө жараша чыгармага алымча-кошумча киргизип, көп тармактуу бүтүндөй бир окуялардын системасы түзүлүп, көп тармактуу татаал сюжеттик түзүлүшү улам арбып, азыркы учурдагы бизге келип жеткен көлөмү зор улуу эпоско өсүп жетилген. Качандыр бир байыркы мезгилдерде Манас баатырдын болгондугу, анын тарыхый инсан экендиги чындык, бирок кагазга түшүрүлүп, тарых барагына тиркелип, жазылып калбагандыктан, сансыз мезгил өткөн сайын, кылымдан кылым өткөн сайын Манас баатыр ооздон-оозго, муундан-муунга, атадан-балага оозеки даңазаланып айтылып, качанкы бир байыркы инсан, тарыхый чындык элдик оозеки чыгармага (фольклорго) айлынап кеткен. Аны “Манас” эпосунун көркөм тексттери жана анын мааниси да далилдүү айгиленелеп айтып турат.

“Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду.
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жылда болуп жер жаңы,
Бабаңардан уруктап,
Биз экенбиз бер жагы”.

Албетте, андан бери канча көп кылым өттү, канча көп уруу эл жоокерчилик заманда тарыхта изи калбай жок болуп кетти, андан бери канча алаамат-кыямат болуп, жер титиреп, тоо бузулуп сай болуп, нечен-нечен көлдөр соолуп, таңгаларлыктай зор өзгөрүштөр болбой койбоду.

Ал эми “Манас” эпосунун алгачкы кириш көркөм текстинде да байкоосуздан кетип калган калпыстык байкалат. Маселен, “жомок башы” деп атап алынбастан, “Эпос башы” деп атап алынышы зарыл эле. Ошондой эле анын текстиндеги айрым сөздөрү да:

“Э…э…э… байыркынын жомогу,
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу,
Эстесе келер оролу”
-дегендей эмес (алды сызылган сөздөрдү эске алып жатабыз).

“Э…э…э… байыркынын эпосу,
Баштаса келер оболу,
Эзелкинин эпосу,
Эстесе келер оролу”
,-дегендей мааниде аталып калынышы алда канча маанилүү болмок. Анткени, манасчы төкмө эл акындарынын көркөм адабияттын жанрларга бөлүнөөрү, көлөмү чоң элдик оозеки чыгарма эпос деп аталары жөнүндө кабардар болгон эмес. Эгер илимий маселеден анча-мынча түшүнүгү болгондо “жомок” деген сөздүн ордуна “эпос” деген сөздү өз ордуна коюп, туура атамак. Демек, бул атайын оңдоо киргизип, өзгөртүү эмес, болгону орундуу сөздү өз ордуна коюу дегендей эле аракет. Эгер коңшулаш республикадан же чет мамлекеттен өкүлдөр келип, өз эне тилине которуу жөнүндө сөз кылса “жомок” деген сөздү сызып, анын үстүнө “эпос” деген сөздү жазып, кошумча түшүндүрмө берилсе, максатка ылайыктуу болор эле.

Качанкы бир байыркы учурда өткөн тарыхый чындык, эл тарабынан даңазаланып айтылган тарых инсаны жөнүндө элдик эпостун мазмунунда толугу менен көрсөтүлүп, тарыхый географиялык жерлердин аттары менен да ишеничтүү түрүндө далилденип, айкын маалымат берет. “Манас” эпосунун көркөм текстинен жана анын мазмунунан кездешилген тарыхый географиялык жер аттары ушул бүгүн да байыркы аталышы менен аталып турат. Маселен, Талас өрөөнүндөгү Манас бабабыз жердеген айтылуу Кең-Кол жери, Манас күмбөзү, андагы Кароол-Дөбө, анын жанында Каныкейдин, Айчүрөктүн ж.б. айымдардын ардактуу аттары менен ушул бүгүн да аталып турган чөөт-булактар бар. Көкөтөйдүн ашы тээ алыскы Алайда эмес, Ысык-Көлдүн башындагы көз мелжиген кенен Каркыра жайлоосунда өткөндүгү тууралуу ошол байыркы тарыхый географиялык жер аттары эч өзгөрүлбөй байыркы тарыхый чындык жөнүндө дал бүгүн да далилдүү кабар берет. Мына ушул “Манас” эпосундагы тарыхый окуяга байланыштуу илгерки эски шаар “Ташкендин бери жагында, Чыйырчыктын тоосунда жашаган кыргыздардын ичинде Көкөтөй деген белгилүү карыя болгон. Манас Алтайдан кол менен келип, ата-бабасынын жери – Ала-Тоону ээлеп алган калмак, маңгул, кара кытайдан аны бошото баштаганда, Көкөтөй өз кошууну менен Манасты тосуп чыгып, жоону жеңүүгө көмөк көрсөтөт. Көкөтөй бул кызматы аркылуу кыргыздарга белгилүү болот. Манас баш болгон кыргыз баатырлары ошол кызматы үчүн Көкөтөй карыяны дайым сыйлап калышат. Ошол Көкөтөй карылыгы жетип, дүйнөдөн кайтканда уулу Бокмурун төгөрөктүн төрт бурчунан эл чогултуп, аш берүүгө камынат эмеспи”.

Ошондой эле боордош Казак Республикасынын кенен аймагында Манас баатырдын атынан аталган тоолор бар. Манас Алтайдан келе жатып, жер соорусун жайлуу жер чабытын иликтеп жүрүп, ошол тарапка бир кыйла мезгил туруп калган болуу керек. Ошол себептүү Манас атанын атынан аталып калган да. Ал эми Кытай мамлекетинин территориясында Манас шаары, Манас көлү, Манас дайрасы бар. Мына ушул илгерки эски шаардын аттары, дайранын, көлдүн, тоолордун ж.б. жерлердин аттары Манас баатырдын тарыхта болгондугу тууралуу, ал чынында тарыхый инсан экендиги жөнүндө толугу менен ынанымдуу күбө боло алат, дагы улам кийинки кылымдарга да айкын күбө өтүп, далилдеп турат. “Манас” эпосун жөн-жай эле кайдыгерлик менен “жомок” деп атаган сыяктуу опсуз зор көркөм текстин, төө жүгүндөй салмактуу көркөм саптарын жараткан гений чыгармачыл төкмө акындарды да “жомокчулар” деп аташтын өзү өтө эле өкүнүчтүү, бери эле болгондо алардын элдик сүйкүмдүү образын барктап, баалап, асырап, урматтай албагандык болор эле. Күндүр-түндүр кирген дайрадай күпүлдөп, айлап-жылдап сел болуп агылып, нөшөрлөтүп куюлган жаандай төгүлүп Манас айткан, ар кандай татаал жагдайга жараша түрлүү окуялардын системасын түзүү менен, көп тармактуу сюжет куруп, көптөгөн каармандардын көп кырдуу образынын галереясын түзүү менен, миллион көркөм сапты жатка билип Манас айткан, диапазону опсуз зор, ченемсиз кенен, чыныгы таланттуу төкмө акындарды элдик улуу төкмө акын, элдик атактуу манасчы деп өз орду менен атап айтсак алда канча жүйөлүү, алда канча маанилүү болмокчу. Ушул атактуу манасчылар Манас айтканда эл Манас баатырдын эрдиги менен шердигине шыктануу менен таңгалып, андан күч-кубат, кайрат алгандай болуп, тымтырс кыймылсыз терең ойлуу абалда болуу менен берилип тыңшашкан. Ал эми жүрөк титиреткен кайгылуу окуяларга келгенде эл, угуп отургандар тарыхый кайгы-муңдан чогулган көз жашын токтото албай, тымызын сызылып сел болуп агылган көз жашына ээ боло албай, арадан нечен жыл, нечен кылым өтүп, жедеп жүрөккө сиңип катып калган элдик тарыхый ый эми минтип өткөндөгүсүн эске салып айтып жатса, кайрадан көлкүлдөп эрип, жан дүйнөсүн кайсы жерге коёрун биле албай тынчы кетип, өзүлөрүнүн көз жашына өзүлөрү ээлик боло албай, бүткөн бою бошоп, аябай жашып, эс-акылын жоготуу сыяктуу нес болуп, телмирип, муңканып угушкан.

“Манас” эпосуна жана анын айрым темаларына тиешелүү эпизоддорду, үзүндүлөрдү салтанаттуу ар кандай жыйындарда, аш-тойлордо төкмөлүк мааниде эмес, артисттик жөндөм-ыкма менен жаттап алып (эпостун көркөм тексттерин оозеки жат билип деп айтса болот) эл алдында оозеки көркөм айтып берген адамдарды да илгертен бери келе жаткан салт боюнча манасчылар деп атап келишкен. Бирок, биз жогоруда белгилеп айткандай, жумалап, айлап айткан төкмө акын манасчылардай болбосо да, Манасты кадырлап, жан дили менен берилип сүйгөн эл шайырларын, эл жогору баалап, урматтап кабыл алышкан. Алар Манас айтканда идеялык-эстетикалык көркөм дөөлөткө – жан дүйнөсүн эргиткен ырахатка батышып, үн чыгарып, сүрөөнгө алып, кубаттап угушкан. Ошондуктан ушул аталган эл шайырларын жомокчу-манасчы деп атоо өзүнүн маани-маңызы боюнча да толугу менен ылайык келет.

Улуу “Манас” эпосунун ооздон-оозго, атадан-балага, муундан-муунга айтып жеткизген, андагы төө жүгүндөй салмактуу ойлорду-сөздөрдү жерге түшүрбөй, көпүрө болуп көтөрө билген, бизге чейин көзү эбак өтүп кеткен атактуу манасчылар да, С.Орозбаков да, С.Каралаев да – ар бири өз алдынча көз мелжиткен көркөм дүйнө, учу-кыйрына көз жетпеген улуу жаратылыш көрүнүшү. Ушул аты аталган атактуу манасчыларга табигат тартуулаган ушунчалык төкмөлүк таланттуулугуна жана алардын керемет-касиетине баш ийип, таазим кылабыз. Анткени, ал даанышман адамдар айкөлдүүлүк менен кыргыз элинин байыркы тарыхый маданиятын, рухий көркөм байлыгын анын эчтекесин коротпой, чайпалтып төгүп албай, түгөлү менен элибизге, калың окурмандарга толугу менен кайтарып берди. Ал китептерден окурмандар турмуштун көп кырдуу жактары менен кеңири тааныш болуу менен бирге, кыргыз элинин байыркы тарыхынан, элдин илгерки каада-салтынан кенен маалымат алат, акылга-акыл кошулуп, билими артып, таалим-тарбия (мазмундуу окуу китептериндей эле) алып дегендей идеялык-эстетикалык көркөм-рухий байлыкка (өзгөчө лексикалык сөз байлыгына), турмуштук бай тажрыйбага ээ болот. Баарынан да баа жеткис көкүрөк толтура, сезим толтура элдик философиялык акыл-ойго канык болот, элдик акылман эс-акылга эгедер болот.

Үчүнчү маанилүү маселе манасчылардын музейин куруу маселеси эске алынбай келе жатат. Ушул элдик тилек, элдик талап кабыл болуп, келечекте манасчылардын музейи улуттук орнаменттин негизинде курулуп калса, анда ага ар кайсы жерден табылган эстеликтерди алып келип, өз тартиби боюнча иретке келтирүү менен бизге белгилүү манасчылардын кол жазмаларын да, чыккан китептерин да витриналарга, көргөзмөлөргө коюп, алыстан келген меймандарга эпостун түрлүү варианттары жана анын көркөм текстеринин мааниси менен тааныштырып, кеңири түшүнүк берип туруу да максатка ылайыктуу. ХХ кылымдын Гомери С.Каралаев жөнүндө фильмди көрсөтүп, Манас жөнүндө кызыктуу тартылган ар түрдүү түстүү сүрөттөр менен музейди жабдып, жасалгалоо да алда канча маанилүү. Анткени, мындай көлөмү опсуз зор чалкыган океан сымал эпос дүйнө элдеринин эч биринде учурабайт. Миллион сапты жатка билген (“Эр Төштүк” ж.б. эпосторду эске алганда) атактуу манасчы С.Каралаев сыяктуу гений дүйнө элдеринин эч биринде кездешпейт. Биздин көрсөтө турган байыркы тарыхый маданиятыбыз да, көркөм сөз рухий байлыгыбыз да, байыркы музейибиз да, байыркы тарыхый театрыбыз да – ушул залкар эпос. Музейге райондон, мектептерден келген адамдарга, коңшу республикадан келген меймандарга билет алып кирүүнү сунуш кылуу керек. Ошентип, музейди куруу үчүн жумшалган каражаттар акырындык менен төлөнүп, өзүн-өзү толугу менен актай алат.

Манас да, комуз да – кыргыз элинин илгерки турмушунан кабар берип, байыркы менен азыркыны, өткөндөгү менен бүгүнкүнү рухий жактан көпүрө болуп байланыштырып турган, жан дүйнөдө опол-тоодой ой менен түнөгөн, жандуу элес менен дайыма эсте каларлык элдик-эстетикалык, маданий улуу мурасы.

Акмадзия САДАБАЕВ, эмгек ардагери, 7 окуу китебинин ав тору,
“Эркин-Тоо”, 04.09.2012 ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.