Алыкулдун күйөрманы

Cүрөт http://www.azattyk.kg/ сайтынан алынды

Улуттук китепканада “Аталардан калган сөз, айтылбаса дат басат” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Белгилүү публицист Памирбек Казыбаевдин 60 жашына арналган бул көргөзмөдө залкар акын Алыкул Осмоновдун элеси турат.

Адабият айдыңында залкар акын Алыкул Осмоновдун өмүр жолун изилдегендер беш манжадай саналуу. Алардын бири – Памирбек Казыбаев.

Улуу акындын талантына тизе бүгүп, калеминен жаралган ырларын жумурай-журтка даңазалап келет. Анын эмгеги аркасында акындын “Көл толкуну”, “Аккан суу” ыр жыйнактары орус, англис тилине которулган. Чолпон-Ата шаарындагы үйү музейге айланган. Көлдө сүзгөн кеменин бирине “Алыкул” деген ысым ыйгарылган.

Памирбек Казыбаев аркылуу кыргыз поэзиясынын дөө-шаасы кайра бир төрөлгөнүн акын Бактыгүл Чотурова баса белгиледи:
Памирбек акындын чыныгы күйөрманы. Алыкул агайдын борбордогу үйү колдон колго өтүп сатылып кеткенде кайтарып алыш үчүн канча чуркады. Бийликтеги төбөлдөргө тынбай кат жазып атып, үй кайра музейге айланган. Бирок ошол музейге дагы деле мамлекет тарабынан көңүл бурулбаганы өкүндүрөт.

Кыргыз Эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев Совет доорунда Алыкул Осмоновго пессимист акын катары баа берилип келгенин айтты. Ал көз карашка  чыныгы поэзия күйөрмандары көбөйгөндө чекит коюлганын айтып, акындын ырларын элге жеткирүүдө Памирбек Казыбаевдин эмгеги зор экенине токтолду:
Памир акындын ырларын, чыгармачылыгын, философиясын эл-журка таркатып келген инсан. Бул жайылтуучу, пропогандист катары белгилүү.

Памирбек Казыбаев мындан бир нече жыл мурда Мажар бийлигинен сыйлык алган. Мажарстандан келген түрколог Дауд Шанфай Кара Алыкулду өздөрүнүн улуу акыны Шандор Петөфиге теңеп өттү.
– Шандор Петөфи мажар элинин Алыкулдай чыгаан акыны. Анын ырлары мурда кыргыз тилине которулган. Памирбек Казыбаев кийин аны кайра бастырып, элге таркатканы үчүн Мажарстандын Маданият министрлиги тарабынан сыйлаган. “Мажар маданиятына кошкон салымы үчүн” аталыштагы мамлекеттик сыйлыкты Кыргызстанда эки гана киши алган. Бири чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматов болсо, экинчиси Памирбек Казыбаев.

Памирбек Казыбаев улуу акындын мурастарын сактап, аны жайылтып келатканына сыймыктанып, улуу инсанды өмүр өткүчө туу тутуп жашаарын билдирди:
Алыкул таануу илиминин пайдубалын түптөгөн Шаршенбек Үмөталиев болгон. Андан кийин Раиса Кадырова эжекебиз изилдеди. Ал киши көбүнчө орусча жазды. Камбараалы Бобулов, Кеңеш Жусупов аксакалдар да улуу акынга күйөрман болушкан. Азыр Мундузбек Тентимишов экөөбүз Алыкулдун элге таанытуу үчүн иштеп жатабыз.

Учурда Памирбек Казыбаев Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата анын энциклопедиясын, чыгармалар жыйнактарын чыгаруу, музейин кеңейтүү максаттарын алдыга коюп, чуркап жүрөт. Айтылуу Алыкул акын тирүү болгондо 2015-жылы жүз жашка чыкмак.

Санжи Туйтунова, «Азаттык», 08.09.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Алыкулдун күйөрманы

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.