Кутман Султанбеков, “Устат-шакирт” ансамблинин музыкалык жетекчиси: “Кыргыз аспаптарына бөтөн элдер таасирленет”

Сүрөт http://www.time.kg/ сайтынан алынды 

Бүгүн биз сөз кыла турган адам – кыргыздын улуттук аспаптары болгон темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, сыбызгы чоор, чогойно чоорго жан киргизип, кыргыз деген улутту дүйнөгө таанытып, аны менен бирге өзү билген өнөрдү жаш муундарга үйрөтүп келаткан Кутман Султанбеков.

-Кутман мырза, алгач өзүңүз эмгектенип аткан “Устат-шакирт” ансамбли тууралуу айтып берсеңиз?
-Устат-Шакирт 2004-жылы Агахан фондусунун колдоосу менен ачылган. Максаты – улуттук аспаптарды көтөрүү болгон. Азыр ошол максатыбызга жетип келатабыз. Мен дагы ушул жерде сабак алгам. Устатым – Нурланбек Нышанов. 2004-жылдан бери окуп келаткан балдар кеңешип, “ушул эле ысымды сактап калалы” деп “Устат-шакирт” деген ансамбль түзгөнбүз. Башында балдарды кабыл алууда үйрөтүү ыкмасы бар болчу. Башкача айтканда, устаттар шакиртке үйрөтчү. Азыр ал ыкма жоюлуп, ансамблдин ичинде кыргыздын музыкасын өнүктүрүү лабораториясы, “Устат-шакирт плюс” деген бөлүмдөрдү ачканбыз. Ансамблдин негизги курамында 20га жакын музыкант бар.

-Бул ансамблге кандайча келип калдыңыз?
-1998-жылдан баштап М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, профессор Тентимиш Мураталиевичтен плектр (домра деп коебуз) аспабын үйрөнгөм. 2000-жылдан баштап, Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде, “Арашан” фольклордук ансамблинде эмгектендим. Ал учурда Консерваторияны бүтүрдүм, анан “Устат-шакиртте” билимимди тереңдетип, акыры бул ансамблге музыкалык жетекчи болдум.

-Үйлөмө аспаптарды, темир ооз комуз, жыгач ооз комузду үйрөнүшүңүзгө кандай себеп болду?
-Жалгыз плектрде гана ойносом, ансамлде эле жүрө берээриме көзүм жетти. Анан “башка кошумча аспап үйрөнбөсөм болбойт” деп өзүмө катуу талап койдум. Айылга барып калсаң деле, “музыкант болуп жүрөсүң, комуз чертип берчи, балам” деп сурап калышчу. “Комуз черткенди билбейм, плектр чертем” десем, плектр эмне экенин эч ким түшүнбөйт. “Илгери Чоро Кожомжаров черткен аспап” десең, кичине эстерине түшөт. Анан устатым Нурланбек Нышановго барып, “кыргыздын аспаптарын үйрөнөм” деп, колумдан келген аракетти жасадым. Алгач чопочоор жана анын түрлөрүн үйрөндүм, анан темир ооз комузга өттүм, аларды үйрөнгөндөн кийин сыбызгы чоор, чогойно чоорду үйрөнө баштадым. Башында “темир ооз комузду кантип нотага салып чертип атат” деп таңгалчумун. Аны дагы көгөрүп жүрүп үйрөнүп алдым. Кыргыз музыканттары үчүн кыргыздын ар бир улуттук аспабын ойной билүү чоң милдет. Себеби, классикалык музыка менен фольклордук музыканы айкалыштыра билмейинче, профессионал музыкант болуш өтө кыйын.

-Аспаптарды көтөрүп жүргөнүңүздө “бул эмне деген аспап?” деп сурагандар көппү?
-Ооба. Бирок, мен аспапты билбей аткандарды күнөөлөбөйт элем. Себеби, мектептен музыка сабагын ырдоо деп түшүнчүбүз. Ырдаганга шыгы бар окуучулар ырдашчу, билбегендер отура беришчү. Анан эзели көрбөгөн, укпаган аспаптарды кайдан билели? Ушуну эске алып, мындан үч жыл мурда “Устат-шакирт” борбору музыка сабактары үчүн атайын программа жазып чыкканбыз. Анда кадимки музыка сабагын улуттук аспаптар менен өтүүгө басым жасалат. Мисалы, бир класста отуз окуучу болсо, отузуна комуз таратканбыз. Максатыбыз, баардык окуучуларды комузчу кылыш эмес. Алар комузду колго алганда сүйүнүп аткандарын байкайбыз. Айрыкча, шаар жеринде киргиз болуп калган окуучулар көп. Алар комузду кармаган соң, сөзсүз түрдө баштарына калпак кийишет. Мындайча айтканда, музыка сабагында дисктердин жардамы менен улуттук аспаптардын жасалышынан бери көрсөтүп, аларды ойногонду үйрөтүп атабыз. Буюрса, бул программа менен бүткүл республика музыка сабагын өтөт деген ниетибиз бар.

-Профессионал ансамбль катары сиздерди чет өлкөлүктөр байма-бай чакырып турушаарын билебиз. Кыргыз аспаптарына бөтөн элдер таасирленээрин байкайсызбы?
-Көп учурда биз кыргыздар, “баланча өлкөгө барып катуу таасирлендим” деп айтабыз. А бирок башка чет өлкөлүктөр биздин өнөргө, биздин аспаптарга таасирленип, кызыгышаарын айтпайбыз. Чындыгында кыргыз аспаптарына арбалып калган башка улуттар чекеден чыгат. Бул нерсени мен Францияга, Швейцарияга барганда байкагам. Биз барган фестивалдын башкы уюштуруучусу биз чыкканга чейинки кайсы бир өлкөнүн ансамблин мактоого алып, мыкты баа бериптир. Алардан кийин биз “Теңир-Тоо” ансамбль деген аталышта алтообуз чыкканбыз. Биздин өнөргө ого бетер таңгалганын, мыкты номер болгонун жашырган эмес. Бизге бөлүнгөн 45 мүнөт аяктаганда, эл ордуларынан туруп кол чаап, сахнадан кетирбей коюшкан. Ошондо уюштуруучу сөз сүйлөп суроолор боюнча бизге кайра 15 мүнөт убакыт берген. Ал эми Сан-Франциского барганда индиялык музыкант менен сахнага чыгып, “айтышып” калдым. Мен темир ооз комузда ойнодум, меникинен нота чыгат, ал эми индиялыктан ритм чыгат. Мен анын техникасына таңгалсам, ал биздин аспапка таңгалып, жакшы таасирде калганын айткан. Ошол жерден мага темир ооз комузун белекке берген. Негизи эле кыргыз эли темир ооз комуз, жыгач ооз комуз боюнча биринчи орунда турат. Муну менен сыймыктансак болот. Кыргыздын аспаптары тарыхты айтып тургандай сезилет.

-Үйбүлөңүздө чыгармачыл адамдар барбы?
-Убагында апам баян, гармошка ойночу. Тай жагымда таланттуулар көп. Менимче, мага өткөн өнөр апам жактан келген. Майрамдарда же айылга барып калганда апама, биртуугандарыма аспаптарды ойноп берем. Алар менин сүрөөнчүлөрүм, эң жакын адамдарым. Келинчегим Керезгүл да чыгармачылыгымды колдоп, өз кеңештерин айтып турат. Кызым Ибадат төрт жашта болсо дагы, кыл кыяк черткенге кызыгат. Кудай буюрса, кызымды музыкалык мектепке берейин деген жакшы ниетим бар.

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06. 09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.