Торгой

(жомок)

Бир торгой учуп келе жатып эрмендин арасына топусун түшүрүп жиберип; “Эрмен, топумду алып бер “,-десе, эрмен: “Топуңду алып бермек түгүл бүрүмдү көтөрө албай араң турам”,- деп болбой коет. Анда торгой: “Сени эчкиге барып айтпасамбы”-деп эчкиге келип: “Ой эчки, тетиги жерде бүрүн көтөрө албай турган эрменди барып жесең болбойбу?” – дейт.

Эчки; “Эрменди жемек түгүл, эгиз улагымды көтөрө албай жатам”-деди. Анда торгой; “Сени карышкырга айтып жедирбесемби”-деп карышкырга барып айтты эле, карышкыр; “Байдын эчкисин жемек түгүл, ийинимди каза албай жатамын”,-деди. “Сени жылкычыга барып чаптырбасамбы”,-деп жылкычыга барып айтты эле, жылкычы: “Карышкырды чапмак түгүл, байдын жылкысын жоготуп таба албай жүрөмүн”,- деп койду. “Анда сени байга барып айтпасамбы”,-деп байга келип; “Ой бай, жылкычың жылкыңды жоготуп, ары-бери чапкылап жүрөт, жылкыга жакшылап көз сал десең болбойбу”,-деди. Анда бай: “Ой айланайын, жылкымды теске салмак түгүл, өз казымды көтөрө албай араң жатам”,-деди
“Сени чычканга барып айтпасамбы”,-деп чычканга барып айтты эле, чычкан: “Байдын казысын тешмек түгүл, ийинимди каза албай жатам”,-деди. “Сени балдарга айтып ийиниңе суу куйдурбасамбы”,-деп балдарга барып айтса: “Чычкандын ийинине суу куймак түгүл, музоомду кайтара албай эмизип, чүкөмдү уттуруп, даакымды тыттырып, араң жүрөм”,-дейт. “Ой балдар, сени энеңе барып урдурбасамбы”,-деп, энесине барып айтса, энеси: “Балдарымды сабамак түгүл, жүнүмдү сабай албай жатам”-дейт. “Сени куюнга барып айтып жүнүңдү учуртпасамбы?”-деп куюнга барып айтса анын колу бош экен, куюн коктудан уюлгуп келип катындардын жүнүн учуруп, катындар балдарын уруптуп, ошону менен балдар чычкандын ийинине суу куюп, чычкан байдын казысын тешип, бай жылкычысын уруп, жылкычы карышкырды кууп, карышкыр эчкини кууп, эчки эрменди жеп, эрмен торгойдун топусун алып берип, ошондон кийин торгой топусун башынан түшүрбөй кийип жүрөт дейт.

Кыргыз эл жомоктору китебинен алынды,
«Айыл деми» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.09.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Торгой

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.