“Дем” дем ала баштады

Көптөн бери күткөн күнүбүз да келди. “Дем” сайты тесттик режимде иштей баштады. Алгачкы ЖМКлар өз материалдарын жайгаштыра башташты.

Күн өткөн сайын Интернет жашообузда көбүрөк орун ээлеп келет. Биринчи кезекте  – бул ааламда болуп жаткан окуялар менен кабардар болуу туруу мүмкүнчүлүгүбүздө. Бирок учурда кыргызстандыктардын көбү Нарында же Баткенде болуп жаткан окуяга караганда Африкадагы Либерияда болуп жаткан окуя менен жакшыраак кабардар болушу мүмкүн. Мунун негизги себеби — аймактык ЖМКларыбыздын Интернетке дээрлик чыкпагандыгында.

Биз аларга жардам берүү максатында “Дем” деген сайт-жаңылык топтогучту иштеп чыктык. Ишибизге “Сорос-Кыргызстан” фондусу чоң жардам берүүдө. “Дем” сайтына Кыргызстанда иштеп жаткан каалаган ЖМК өз жаңылыктарын өз алдынча чыгара алат: же сайттын өзүнө кирип, же атайы бир белгиленген дарекке жөнөкөй электрондук катты жөнөтүү аркылуу.

Ошентип эми бишкектик окурмандар алыскы Лейлек районундагы “Ата-Журт”, же “Сулей-инфо”, же болбосо Ат-Башыдагы “Ат-Башы жаңылыктары” эмне жазып жатканы менен жеңил тааныша алышт. Алыста жүргөн мекендештерибиз да кичи мекенинде болуп жаткан окуялар менен кабардар болуп турушат.

Азырынча сайтыбызга кыргызча, орусча жана англис тилинде чыккан ЖМКлар материалдарын жайгаштырганга шарт бар.  Кийинчирээк тилдердин санын көбөйтүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Аны менен катар окурмандарбызды сүйүндүрө турган дагы көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.

“Дем” сайтына жаңылыктарды жайгаштыруу жолдору менен тааныштыруу иретинде Ошто жана Бишкекте окутуу болду. Ага 30га жакын гезит, интернет-сайттын өкүлдөрү катышышты. Алгачкылардан болуп түштүктөгү эң бириңчи басылмалардын бири “За уголь”, шаардык “Ош шамы” гезиттери,  “Кабар” маалымат агенттиги,  “Вечерний Бишкек” интернет-басылмасы жана дагы бир катар сайттар өз жаңылыктарын сайтка чыгара башташты.

Жаңыдан там-туң басып жаткан сайтыбыз, жакында ээ-жаа бербей бат чуркап кетет деген үмүттөбүз.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.