Эр сайыш

Эки даңктуу урууга сайыш берилет. Эки уруу дярдап келген эки баатырын ат, кийимдерин, соот, чопкуттарын шайдоот кылышат. Катырып даяр кылган жыгач найзалар да даяр болунат. Баатырларга бетке, моюнга сайышууга уруксат кылынбайт. Чоң баатырларга, такоол, жолдош кылып экиден төрт баатыр чыгарылат. Баатырларды уруунун аксакалдары коштоп чыгып беттештирет. Баатырлар ыраактан качырышат. Бир канча найзалар кыйрап сынат, акыры бирөө сайып аттан түшүрөт. Сайган баатырды коштоп «ураан чакырып» алып келинет. Кай убактарда сайылган баатыр өлүп да калат. Өлгөн баатырга кун болбойт. Баатырлардын байгелери тоо баштаган бир тогуз жылкы болот.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.