Кубат Жусубалиев: “Жүрөктү тазалаш үчүн дервиш бол”

Жалеешь о нем…
Но сожалений не стоит,
Наш суетный мир.
Себя самого отринув,
Быть может, себя спасаешь.
(Сайгё)

Кубат ака, Басе, Сайгё, Ду-Фу сыяктуу акындар, тарикат жолуна түшкөн суфийлер бул дүйнөдөн баш тартып, тоодогу үңкүрлөргө, эл жок эрме чөлгө кетип калышкан же жер кезип кетишкен. Сиз дагы жыйырма жылдан бери тоонун арасында жашап жүрөсүз. Адамдын өзүн-өзү таанып билиши үчүн дервиштик турмуш образы канчалык зарыл нерсе?
-Мен силерге дайым эле айтып жүрбөймүнбү. Бирок, Акыйкатка жетиш үчүн дервиштик канчалык маанилүү экендигин эч кимиңер түшүнбөдүңөр. Николай Рерихке окшогон кишилер муну түшүнгөн да. Бирок булардыкы бир аз башкачараак. Улуу Махатмалар менен байланыштуу. Булар көзү ачыктардын каналдары менен жүргөн кишилер. Алар Шамбала сыяктуу улуу нерселер менен байланыштуу. Буларга кабар жогор жактан берилет. Булар мындайча айтканда, почточу болгон да. Бирок буга эң бийик даражада даяр болуш керек. Булар руханий жактан эң бийик деңгээлде көзү ачык болгон. Берки көзү ачыктардыкы – ал төмөнкү баскыч.

А у меня путь совершенно другая, – муну Бхагават гитада Кришна жакшы айтат. Я точно помню эти слова, потому что, всегда держал в уме и в сердце. “Человечество идет разными путями. Я приветствую их каждого на его Пути. Потому что, эти Пути мои” – дейт. Мен сага, өтүп кеткен Мелиске как никому был очень искренним. Я рос вместе с вами. Я попытался вместе идти с вами. Вместе с вами хотел Путь это пройти.

Мухаммед пайгамбардын бир сөзүн вы забыли. Ал: “Биз кичүү жихаддан, улуу жихадга өтүшүбүз керек” деген. Сага окшогон бирөө “О, Алланын Элчиси, улуу жихад деген эмне?” – деп сураганда, “бул адамдын өзүндөгү пасчылыкка, айбанчылыкка каршы улуу күрөш” деген. Мунсуз сен Куранды эч качан түшүнө албайсың. Мусулмандардын трагедиясы ушунда – пайгамбардын сөзү не исполняется, а просто толкуется. Сен өзүңдүн трагедияңды түшүндүңбү, камбагалым?

Адам Жолго түшкөндө, ал жалгыздыкта болушу керек. Это необходимо. Дервиштик деген жөн эле бир максат эмес. “Жүрөгүңдү тазалоо” деген сөз бул. Бул өтө зарыл. Жанагы чокуга жетиш деген сөз. Адам – это великое, прекрасное существо. Все заключено в самом человеке. Өзүңдү-өзүң тазалап, өзүң жетпесең сага эч ким жардам бере албайт. Сен чокуга жетпейсиң. Сен жүз жолу хаким бол, Куранды жатка бил (андайлар толуп атат), бирок жете албайсың. Билимиң сени боштондукка чыгарбай эле кайра тоскоол болот. А тазалануу үчүн дервиштик керек болот. Адам үчүн бул өтө зарыл нерсе. Азыр өзгөчө. Мен, мисалы, азыр шаарда жашай албай калдым. Кечээ келээр замат ооруп калдым. Бул жөн гана самоцель, же болбосо кыйынсынып, өзүн көрсөтүүнүн жолу эмес. Мунун өзү “сен бул дүйнөдөн бөлүнүп, Кудай менен биригесиң” деген сөз.

-Бирок, “Быть одиноким в толпе” деген да түшүнүк бар эмеспи. Бул канчалык натыйжалуу?
-Аны ошондой эле түшүн. “Одинокий человек в толпе” – и все, больше ничего. Ошентип жүрө бересиң “одинокий в толпе” болуп эле. Одиноким в толпе и умрешь. Да, он хороший человек, страдающий… И все. И он останется одиноким в толпе. Они плохие, я хороший. Это тоже своеобразный гордость, своеобразный эгоизм. Для себя создал своеобразный самообман, тюрьму. Байыркы Индияда саньясиндер деген болгон. Өзүң билесиң, менден жакшы билесиң. Балдарын өстүргөн, балагатка жеткирген, анан кийин алар менен коштошуп, токойго кетип калышат. Ал жерден руханий практика менен шугулданган. Туурабы же туура эмеспи? “Мен “толпанын” ичинде жалгызмын” деп жүрө берген эмес, эй! Ар кандай немелер менен аралашып эле. А “толпа” деген эмне? Там настолько много грязи. Жаман нерсе да. Можешь в начале, быть одиноким в толпе, но потом от этой толпы совсем надо уйти. И стать отшельником. Поэтому существует вегетарианство, поэтому существует отшельничество. Же туура эмеспи, камбагал эй?

-Туура.
-Сени сабаш керек, “туура” дегениң үчүн. Мен дайыма “Мамат, кандайсын?” десем, “нормально” деп коесуң. Потому что ты не нормально живешь, а говоришь что нормально. Кечээ мен сен кеткенден кийин Жамбыга айттым. “Кыргызда мындан ашкан боорукер, мындан ашкан ак көңүл адам жок” дедим. Бул жөн эле сөз эмес, это на самом деле так. Если ты понял, если ты говоришь правильно и если ты сердцем понимаешь, значит, я в своем выборе был прав. Когда мне было 40 лет я сказал себе: хватит! Так жить дальше нельзя. Мен ага чейин диндерди жек көрчүмүн. “Дин эмне берди? Адамдар дале согушуп, бири-бирин өлтүрүп, дарга асып атышса” дечүмүн. “Улуу жазуучу болом” деп эле жүрө бердим да. Дүйнөлүк адабиятты бүт окуп чыктым. Анан кырк жашка чыкканда диндер менен кызыга баштадым. Таштадым баарын. Ичкенди, чычканды, катын дегенди таштадым. Я хотел измениться. Чыгыштын улуу даанышмандары буларды бекер таштабаса керек да. Ушуларды таштасам эле мен дагы даанышман болуп калам го (!) деп ойлодум да. У меня было такое ужасное состояние, что я хотел измениться. Свои поиски я начал с Востока. Великий, прекрасный, старый Восток… Я был просто в восторге, что я начал. Понял тогда, что такое Запад, я раньше поклонялся Западу. Я вообще не знал что такое Восток.

Бул эмнеден башталды? Өзгөрүүмө Жамбы да түрткү болду. 11-12 жаштагы кыз болчу. “Папа, я тебя поздравляю твоим дурацким днем! Но, сделай великую революцию в себе!” деп куттуктоо жазыптыр. Тогда я пообещал себе и ей. “Сделаю великую революцию” дедим. И эта революция до сих пор продолжается. Тогда я понял свое родство с Конфуцием. “Эмне үчүн жакшы көрөм?” десем, мен ага окшош киши экенмин. Величайщий мудрец эй! Он был человеком Истины. 14 жыл Кытайды жөө кыдырып жүргөн. Ал кезде Кытай кичинекей – кичинекей падышачылыктардан турган да. Падышалардын кимдир-бирөөсүнө пайдасын тийгизип, аларды агарткысы келген. Бирок, эч кимиси аны кабыл алган эмес. Бир жолу окуучулар менен арабада баратса, алдынан бир кайырчы түспөлдөнгөн киши чыгып, мынтип айтыптыр: “Эй, неужели оскудела добродетель твое? Сен эмне эле кыдырып жүрөсүн? Азыркы падышалар баардыгы тозокко баштап баратышат. Сен аларды “агартам” деп эмне кыласың? Кончай, кончай!” деп алдынан ырдап өтүп кетиптир. Конфуций арабадан чыгып, “сүйлөшөм” десе болбой, качкан бойдон кетип калыптыр. Мен ойлойм, Конфуций ошондон кийин түшүнгөн окшойт да. “Падышаларды агартам” дегенин токтоткон.

-Сиз Конфуцийди айткандан улам эсиме түшүп кетти. Акын Санаи бир жолу Султан Газневини мактаган ырын өзүнө окуп бергенге баратып, бир мас кишинин сөзүн кулагы чалып калат. “Санаи деген келесоо бир аз тыйынын алыш үчүн күн сайын канкор, зулум падышаны мактап ыр жазат. Акырет күнү Алла Таалам “эмне сооп иш жасадың?” деп сураганда, эмне деп жооп берет болду экен?” дейт мас. Анын бул сөзү акынга ушунчалык таасир эткен экен, ырларын сууга ыргытып ийип, дервиш болуп кетиптир.
-Ал жөнөкөй киши эмес да. Чыныгы дервиштер ошондой болушкан. Бизден суфийлер, Кытайдан давостор…

-Сиз суфий акындарын: Румини, Саадини көп окудуңуз. Алардын сизге кандай таасири тийди?
-Эң улуу акындар – бул суфий акындары болгон. Кыргыздар буларды “кал сопу” деп коюшкан. Суфизм дүйнөгө өтө көп нерсени, эң ириде эң улуу акындарды берди. Мейли ал мисирдик болобу, мейли, индиялык, мейли биздин Орто Азиялык болобу, алардын баары улуу акындар болушкан. Руми, Аттар, Хафиз, Навои, Ахмад Яссави, Махмуд Кашкари, Индияда болсо Кабир. Кабир – бул улуу дегенди билдирет. Я просто в восторге от Кабира. Я хочу о нем писать.

Что бы делал без них этот бедный, несчастный мир? Этот жалкий, глупый, невежественный мир? Түркөйлүк жөнүндө минтип айтыптыр: “Эта прекрасная, тихая долина, где растут цветы и летают бабочки” дейт. Мен мурда жаңылып жүргөн экенмин. Муну татынакай пейзаж экен деп ойлоптурмун. Көрсө, түркөйлүктүн көрүнүш түспөлү ушундай экен. Бир даанышман адамдагы он кемчиликти санап көрсөткөн. Ошонун эң биринчиси – бул түркөйлүк экен да. Анан ал ону дагы он болуп, балалап кетет экен. Түркөйлүк дегени өзү жанагы сыздоокко (муну кыргыздар жакшы айтат, “көтүбош” деп коет) окшогон неме болот экен да. Балалап кетет экен. Сыздоок деген жаман ооруу да. Көпкө чейин айыкпайт. Ага доңуз жечүнү тартып, ал жарылгандан кийин учундагы өзөгүн чыгарып салбасаң, кайра эле балалай берет. Ошондуктан дервиштер эң алгачкы кадамын дал ушул түркөйлүк менен күрөшүүдөн башташкан. Жанагы Саадилер мындай ооруу менен ооруган эмес. Себеби, такай өз жүрөгүн тазалоо менен алек болушкан. Анан муну Жараткан көрөт да. “Бул дервиштерге жардам берип, колдош керек” дейт.

“В нем нет никакого зла, он состоит из одного благородства и доброты, почему ему не помочь” деп туруп жардам бере баштайт. Алар атүгүл кумурскага да жабыр кылышпайт.

Билесиңби, Саади биздин Ошко келген? Кашкарга өткөн да. Ошто бир уйгурдун чайканасы болоор эле. Алыстан келгендер, дубаналар ошол жерде жатышчу дайыма. Бала кезде мен да ошол чайканада жатып калгам бир күн. Базарга келип, түнөп калгам. Ак-Бууранын эле четинде болчу. Суунун үнү угулуп турчу. Жаман, кир одеалды берчү. Аны жамынып алат элең дагы, кроваттын үстүндө уктачу элең. Мен кийин ойлоп калбадымбы, Саади ошол жерде жаткан экен да (!) деп. Анткени, илгери ар жактан: Ирандан, Мисирден келген жолоочулар да жатчу экен. Саади басып жүрүп медитация жасаган дервиш болгон. Алар эч жерде токтобой, дайыма сапарда жүрүшкөн. Жөн эле чарчап, арып жүргөн эмес. Ар бир баскан кадамында медитация, руханий өнүгүүнүн көнүгүүлөрү болгон. Бир келесоо соодагердин кербенине кошулуп алып, ал жолдо калса, дагы бир кербенге өтүп, кете беришкен. Эч качан чарчашкан эмес. Себеби, баары медитация менен шугулданган. Ошентип эле жүрө беришкен. Бир жолу жолдо баратып, “крестүүлөрдүн” колуна түшүп калган. Бир топ мезгил туткунда жүргөн. Дервиш деп мына ушуларды айтса болот. Ошон үчүн жаны жок Есенин өзүнүн Персидский мотивинде:

Ты сказала что Саади, 
Целовала лишь грудь.
 
Погоди бога ради
 
Обучусь когда-нибудь!
 – деп жазып атпайбы.

Эсимде, Мурза (Гапаров) камбагал жакшы көрчү ушул ырды.

-Мавляна Руми устатты шакирттин жүрөгүн дарылаган шыпаагерге салыштырыптыр. “Руханий доктурлар жүрөктүн кагышын карашат. Жеткилең муршиддер пульс кармабастан жүрөккө карашат… Алар Аллахка барууга тоскоол болгон нерселерди жок кылат. Далилдери ачуу, илхам жана теңирдик сырлар. Дарылаган акысын да сурашпайт” дейт. Сиз да биз үчүн ошондой доктур болдуңуз.
-Айылда таруу талаанын ортосуна орнотулган каракчыны көрдүң беле? Өзүнүн жаман чепкенин, тебетейин кийгизип, колуна жаман бир орокту карматып коет. Мен да сага ошондой каракчымын. Сен кичине, алакандай жерге эгилген таруусуң, а мен ага коюлган чоң каракчымын. Менин милдетим – сени чымчыктардан коруш. Канча жылдан бери жаныңда жүрөм, “сени жеп кетпесин” деп. Бирок мен кээде жаныңда болбой калам да. Ошондо жеп кетип атат сени. Балааңди дагы калтырбай жеп кетишкен болот. Анан мен келип, сугарып-мугарып, бирдекелерди айтып, кайра көгөрткөнгө аракет кылам. Сага интервью бергеним – билгенимди айтканым сага. Но помни, камбагал, каракчың может вдруг исчезнуть. Раз и навсегда…

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.