Эсенгул ЧОПИЕВдин сатиралары – кыргыз сатирасынын жетишкендиги…

Акын жана сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алишер уулу Эсенгул ЧОПИЕВ кыргыз адабиятына 1950-60-жылдары келген. Анын башка акын-жазуучулардан ушул бүгүнкү өзгөчөлүгү – жок болуу коркунучунда турат деген сатира жанрын сактап калгандыгында жана борбордон сырт, элет жеринде жашап туруп, борбордун эле эмес, бүтүндөй республикабыздын боорунда болуп жаткан бардык көйгөйдү көрүп-билип, ошону куюлушкан куйкум тил менен сындап, чыгармалары аркылуу чындыкты айтып, чыркырап турганында. Автордук таланттын мына ушундай кудуретин, анын жакында жарык көргөн жана “Кыргыз Туусу” гезитинде өткөн “Ата-Журт ажары”, “Сырдуу сыйыртмак” китептеринин бетачары ачыкка чыгарды. Эмесе, окурмандын баам таразасына ошол адабий талкууга айланган бетачардын жүрүшүнөн кыскартып берүүнү туура көрдүк…

Доктурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин редакторунун орун басары, акын:
– Белгилүү сатирик, акын Эсенгул Чопиевдин “Сырдуу сыйыртмак” жана “Ата-Журт ажары” аттуу китептеринин бетачарынын “Кыргыз Туусу” гезитинин басма сөз борборунда өтүп жатышы биз үчүн сыймык. Анткени, адабияттын жалаң дөө-шаалары чогулган китеп майрамын биз республикалык маанидеги иш-чара деп эсептейбиз.

Калканбай Ашымбаев, КРнын эл жазуучусу:
– Сатириктердин тукуму аз болот. Андыктан, кыргыз адабиятында онго жетпеген гана сатирик бар десек жаңылышпайбыз. Ошолордун бири Эсенгул Чопиев кыргыз адабиятына 1950-жылдын баш жагында келип, Райкан Шүкүрбеков, Аалы Током-
баев жана башка залкарлардан таалим алып калган талант. Сатира жазыш үчүн, автордун өзүнүн ички, сырткы дүйнөсү элге үлгү болуш керек. Ошол жагынан алып караганда да Эсенгул Чопиев жаш кезинен тапкан абийиринин гүлүн түшүрбөй, мына ушул убакка чейин калыбынан жазбай, намысын булгабай, айлана-тегерегине, кичүү муун­дарга үлгү болуп келатат. Коомдогу ыпылас, булганч нерселерди өтө кылдаттык менен сындап, керек болсо ага өрт коюп келаткан сатирик. Ошондой эле жеке адамдын керт башына таандык аңдабастык, көралбастык, ичи тардык, кайдыгерлик ж.б. ушул сыяктуу адаттарды чымчып жазып, окуган адамды “бырс” күлдүрүп, ошол эле убакта ойго салып да кое алат.

Омор СУЛТАНОВ, кыргыз эл акыны:
– Эсенгул Чопиевдин “Сырдуу сыйыртмак” китебинин баш сөзүн окуп эле, жолдуу экенин байкадым. Анткени, убагында Райханга жолугушуу, жетип сүйлөшүү абдан кыйын эле. Атургай учураша да алчу эмеспиз. Бул жагынан Эсекеме Кудай бериптир.

Негизи, сатира жанрын көмүскөдө калтырып коюппуз. Ага көңүл бөлгөн деле киши жок калды. Сынды уксак деле укмаксанга, көрсөк деле көрмөксөнгө салганга үйрөндүк. Бирок, канткен күндө да да адабият – өлбөстүн суусун ичкен дүйнө. Ал – өлбөйт. Сенин сатираларың да муну ырастап турат. Кээде Токтосундан (Самүдүновдон – ред.) ашып кеткен жерлериң да бар экен. Мындан сырткары сенде чыгармачыл натура, нгарк, насип, мүнөз бар экен. Анан да, дайыма бир калыпта жүргөнүңдү байкайм, ушу жакшы атанын тукуму белемсиң? Кыргыз адабиятында сага окшогон жыйырма эле адам болсо, адабиятыбыз эч качан өлбөйт.

Сейит ЖЕТИМИШОВ, жазуучу:
– “Келе жаткан жолборско, жолукпай койсо болбойт го” дегендей, мен азыр мурдагы Эсенгул Чопиевди эмес, бир жолборсту көргөнсүп турам. Себеби дегенде, мына колубуздагы эки китебин окуп чыккан соң, кааласак да, каалабасак да аны “адабияттын жолборсу” деп атайбыз. “Сырдуу сыйыртмагы” өзүнчө бир илимий иш жаза турган китеп экен, китепти окуп жатып, сатира деген өзгөчө бир касиетке ээ, турмуш чындыгына барып бир тийген жанр экенине дагы бир ирет ынандым. Турмуштун биз аралап эле, кечип жүргөн былык-чылыктарын көзгө сайып көрсөтүп берген. Ошондуктан, айрым чындыкты жазган, артынан запкы тарткан журналисттер сыяктуу эле, бу сатира жазуу дагы – баатырдык деген баа бергим келди.

Шаршенаалы АБДЫЛДАЕВ, котормочу:
– Эсекем экөөбүз Кеминде чогуу өстүк, бир мектепте окудук.

Ошондо эле адабиятты жакшы көрчү, көп окуп, көп билчү. Анда китеп жетишпейт, Эсекемдин айтканын угуп алып, кайра ошону сабакта айтып берип баа алчубуз. Кийин институтта да чогуу окудук… Анда да кандайдыр өзгөчөлүктөрүн байкар элек. Мына эми, өтө сейрек жана кыйын деген жанрды аркалап келатат. Союз убагында сатирик болуу өтө коркунучтуу эле. Ошого карабай, калемин колунан түшүргөн жок.

Кемин эли айрыкча Эсекем менен сыймыктанабыз, калемиң колуңдан түшпөсүн, Эсеке.

Санарбек КАРЫМШАКОВ, аалым:
– Көптөн бери адабиятчылар чогулбай, сагынышып калган экенбиз. Бүгүн бизде майрам болуп жатат.

Эсекемдин эки китебин окуп отуруп, кудум симфония угуп отургандай абалда болдум. “Ата-Журт ажары” деген ыр жыйнагында улуттук каада-салт, кыргыздын менталитети, жайлоонун жыты, чабандар, төрдө отурган аксакалдар… айтор, бардыгы камтылыптыр. Элетке эс алууга барып келгендей дем берет. Ал эми сатиралары окурманга өзгөчө жагымдуулук берет. К.Мамбеталиев деген жигит “Сатиранын тарыхы” боюнча докторлук ишин жактады. Ошондо, ХХ кылымда сатира жанрынын деңгээлин көтөргөндөрдүн ичинде сиз да жүрөсүз. Мындан сырткары студенттерге сабак учурунда дагы сиздин сатираларыңызды окутуп жатабыз.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ, кыргыз эл жазуучусу:
– Кыпындай бир калпы жок, чындык сөздөр сүйлөнүп жатат.

“Асмансыз жылдар”, “Жоголгон селсаяк жылдар” деп жазып жатышат. Конфуций айткандай, доор алмашуу учурунда жашаган адамдардын өзүнүн шору болуп жаткандай… Бир формациядан башка бир формацияга өткөндө коом аябай бир чачылат экен. Бир багыттын асты-үстү болгонун көрдүк. Мына ушул жылдарыбыздын башында биз чоң акындарыбыздын бири “Ак кол, ак чүч” сатирасы сатира болбой эле, замандын өзү сатиранын сатирасы болуп кетиптир. Ушуну ойлоп отуруп, мен “сатира жанры ушуну менен өлүп, жок болот го” деп кейиген элем. Боорум ооруп, ушул жанрга коопсунуп жүргөн элем… Бирок, Эсенгул Чо-пиевдин китебинен соң менде кайрадан ишеним пайда болду.

Сиз жөн эле сатирик эмес, философ сатириксиз. Ушундай кооптуу заманда коркпой сатира жазып, ушул жанрды сактап калганыңыз менен анык баатырдын баатыры экенсиз. Ушул китепти Илимдер академиясына жиберип, окумуштуулардын изилдөөсүнө сунуш кылсак. Бул китепте кыргыз элинин 20 жылдык башынан өткөргөн окуялары, тактап айтканда тамтыгы чыккан азыркы заманыбыз толук камтылган. Муну менен, Эсенгул Чопиевдин сатираларын жалпы кыргыз сатирасынын жетишкендиги катары карап, баа беришибиз керек.

Акбар РЫСКУЛОВ, акын:
– Кичүү муундун өкүлү катары айтсам, Эсенгул ага залкар устат, мен курактуу. Менден кичүү балдар макала жазуу боюнча агайдын тарбиясынан өтүштү. Райондук гезитке практикага барып калганыбызда агайдын баскан-турганынан бери бизге үлгү болор эле. Бош убактарында шахмат ойногону да өзүнчө сабак болчу… Сиз эл үчүн ак эмгек жасап келатасыз, Эсенгул ага. Айрымдары сыйлык, наамдарды кантип алып жаткандарын көрүп, билип эле жүрөбүз. А сиз унчукпай эле, мына мындай китептериңиз менен ошол сыйлыктын баарына татыктуу болуп алдыңыз.

Мен дагы сизди улуу устаттарымдын бири катары абдан сыйлайм.

Эсенгул ЧОПИЕВ, сатирик акын:
– Бардыгыңыздарга өзүмдүн, үй-бүлөмдүн жана Кемин жеринин аба, суусунун атынан, терең ыраазычылык билдирем. “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторуна, жамаатка рахмат. Мына бу жерде Омокем (Султанов – ред.) отурат, бир жолу “Жаңы Ала-Тоого” “Сырдуу суроолор” деген эмгегимди таштап кетип, кийин келсем Айдарбек (Сарманбетов –ред.) айтат: “Мунуңузду Омокем албай койду. Суроонун кереги жок, андан көрө сатира жазсын” деди”, – дейт. Кетип калдым.
Кийин көчөдөн жолуксам: “Тамсилиң барбы?” – дейт. Алып келсем, дароо чыгарып жиберишти. Бул да адамга дем берет экен. Мында Сейит байке да отурат. Бул киши радиодо иштеп жатканында мени катуу сатирик кылган. Бир күнү жолугуп калсак: “Чабандарды, малчыларды сындаган сатира жазып келчи?” – дейт. “Фактыны кайдан табам?” – десем: “Ой, радиодон, райондук журналдардан ал да”, – дейт. Анан мына эмес деп, жыйырма бешти жазып алып жетип бардым. Аябай күлдү, анан чыгарып да атты. Жакшы жери, гонорары да болот экен да анын…

Мына, Акбар (Рыскулов –ред.) мени “устатым” деп жатпайбы. Муну угуу да адамга кандай ка-ниет. А баса, бир жолу Асан (Жакшылыков – ред.) бир жыйында чогуу отуруп калсак жанагы, жактырбаганын айтат: “Эми сатира деген куруду го, башка ишиңди кылсаңчы”, – дегендей. Анан Асан айтты деп эле чыгарбай коймок белем, болбой эле ушу китепти чыгардым. Бирок, эми жакшы пикирин айтып жатат… Бул да не деген кубаныч. Айтор, эл-журт менен, калемибиз менен бар бололу, бардыгыңыздарга рахмат!

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 16.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.