Нурлан Калыбеков: Жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы чыкканы турат

Кыргыз Республикасынын Эларалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын жетекчиси, акын Нурлан Калыбеков учурда кыргыз жаштар прозасынын тандалмалар жыйнагы жарыкка чыгарын «24.kg» агенттигине маалымдады.

Нурлан Калыбековдун айтымында, буга чейин «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясынын аракети менен «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жарыкка чыккан. «Анда негизинен 90-жылдардан кийинки адабий коомчулукка аты таанылган акындардын ырлары топтолгон. Бул сапар проза жанрындагы өрнөктүү чыгармаларды өзүм топтоштуруп, китепти чыгарууга республикалык «Манас жаштар ордосунун» жетекчиси Бакыт Романовдун демөөрчүлүгү менен чыгууда» – деп кошумчалады.

Негизинен бул жыйнакка 45 жашка чейинки профессионал адабият өкүлдөрүнүн чыгармалары топтоштурулган. Ошондой эле аталган китептин артынан драматургия жаатындагы чыгармалар да жарык көрөрүн маалымдады.

Эскертсек, Эларалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык академиясы буга чейин жөн гана жаштардын чыгармачылык борбору болуп келген. Учурда бул бирикме Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп, академия аталышына ээ болгон.

«24.kg» MA, 20.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.