Кадыралы Конкобаев: Саян-Алтай илимий экспедиция 100 миңдеген сүрөт камтылган илимий материал жыйнады

Саян-Алтай илимий экспедициясы Түштүк-Сибирь аймагынан 100 миңдеген сүрөт, ондогон сааттык илимий материал жыйнады. Бул тууралу бүгүн маалымат жыйында аталган экспедиция жетекчиси, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору Кадыралы Конкобаев билдирди.

Айтымында, буга кошумча аталган аймактарда жашаган алтай, теленгит, хакас, тывалардан жана башка түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүнөн ондогон сааттык видеоматериалдар даярдалган. «Табылган материалдар кыргыздардын миң жылдан ашык убакыт илгери эле өзүнүн адабий тили болгондугун тастыктоого өбөлгө болот. Ушул кезге чейин Енисей жазуу эстеликтеринин саны 400гө жакын болгон. 2012-жылдын 25-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айыл аймагындагы Чийин-Таш коктусунан да 4 жаңы жазуу табылышы жана Алтай аймагынын 11 жаңы жазуу менен жоголуп табылган 2 жазуу табылганы – алардын санын дагы 15ке көбөйттү», – дейт.

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА, «24.kg» MA, 05.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.