Жарыя

Пресс-конференция / Басма сөз жыйыны

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселеси» аттуу эл аралык илимий конференция тууралуу КТРКнын пресс борборунда 2012-жылдын 14-ноябрында саат 17:00де баштала турган басма сөз жыйынына чакырабыз.

Илимий жыйын болсо 2012-жылдын 15-16-ноябрында өткөрүлөт.

Илимий жыйын орду: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкы имаратынын Чоң жыйын залы.
КУУнун дареги: 720033, Бишкек ш., Фрунзе көч. 547,
тел. +996-312-323008,
+996-312-614492
Басма сөз жыйынынын катышуучулары:
1. Чоротегин Тынчтыкбек Кадырмамбетович – т.и.д., Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти (Кыргызстан, Бишкек ш.)
2. Худяков Юлий Сергеевич – т.и.д., проф., Орусия ИАсынын Сибир бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери, Новосибирск мамлекеттик университетинин Археология жана этнография кафедрасынын башчысы, (Орусия, Новосибирск ш.)
3. Жумабаев Бектемир Миталипович – т.и.д., профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти (Кыргызстан, Бишкек ш.)
4. Монгуш Борис Борбак-оолович – Тыва Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тыва гуманитардык изилдөө институтунун тарых секторунун илимий кызматкери (Орусия, Тыва Республикасы, Кызыл ш.)
5. Бикбулатова Аниса Рифовна – т.и.к., доцент, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Археология жана этнология кафедрасынын башчысы (Кыргызстан, Бишкек ш.)
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.