Ошто белгилүү сүрөтчү үйүн музейге айландырды

Ошто жашап, эмгектенип келаткан Баатыр Жалиев Эл сүрөтчүсү. Ал жашы жетимиштен ашкандан кийин Оштогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, аксакал студент болуп окууну бүтүрдү.

Кыргызстандын Ош шаарында сүрөтчү Баатыр Жалиев өз үйүн сүрөт музейине айландырып, күйөрмандарын чакырууда. Музейге өзүнүн 200гө жакын эмегегин жайгаштырып, бул аракет аркылуу ал искусствого жаштарды, коомчулукту кайдыгер болбоого үндөп жатат. Аймакта буга чейин мындай жеке киши тарабынан ачылган үй музейлер болгон эмес. Чыгармачыл чөйрө үчүн да, шаардыктар үчүн да бул аракет жылуу кабыл алынууда.

Белгилүү сүрөтчү Баатыр Жалиев өзү жашаган үйүнүн бир ыптасын, мынтип, сүрөт музейине айлындырып, күйөрмандарына эшигин ачты. Босогосун аттаганда эле, жыгачтын тамырларынан жасалган ар кандай элестер, сыр каткан кейипкерлер көргөндү кайдыгер калтырчудай эмес.

-Мен эмне үчүн бул музейди жасадым? Мен көп өлкөлөрдө болдум. Алардын бири Венгрияда бүтүндөй ар бир көчөсүнүн түзүлүшү музей экен. Биздин келечек муунга үлгү болсун деген ниет менен силерге эшигимди ачып жатам-деди сүрөтчү Баатыр Жалиев.

Анын кесиптешетери дегеле сүрөт музейлери өтө сейрек аймакта, жеке киши тарабынан демилгеленип, ачылган музейди тургундар үчүн эле эмес, өнөр адамдары, бул кесипке кызыккан жаштар үчүн деле чоң жаңылык катары баалап жатышат. Склуптор Мамат Камчыбеков:

-Бул чындыгында биздин аймакта биринчи жолу ачылып жатат. Буга чейин сүрөтчүлөрдүн өз алдынча өнөрканалары болгон. Бирок мындай чоң музей болгон эмес. Европанын көп өлкөлөрүндө үй музейлери биздин облустук көркөм сүрөт музейиндей чоң экен. Эми бул жакшы саамалык уланат деп ойлойм.

Таланттуу сүрөтчү бул үй музейине 200гө жакын эмгегин алып чыккан:

-Эмгегимдин бештен бири илинди. 1960-жылдардан берки эмгектеримдин тандалганын койдум.

Үй музейи ачылган күнү эле агылып келген коноктордун көпчүлүгү, сүрөттөр менен үнсүз сүйлөшүп, андан жашоонун түрдүү учурларын көрүп, таасирлери менен бөлүшүп жатышты. Алардын бири:

-Бул кишинин сүрөттөрү абдан лирикалуу экен деп айтсам болот. Аларды бөлүп айтсак, сүрөттөрдө азаптануу, кусалык бар. Өзүнчө эле чоң филоссоф да. Анын Ош туралуу сүрөттөрүндө оптимизм бар. Бирок жашоо жалаң эле мындан турбасын, түркүн түстүү боектордон тураарын абдан сезимталдык менен берген, таасирлүү экен-деп айтып берди.

Ошто жашап, эмгектенип келаткан Баатыр Жалиев Эл сүрөтчүсү. Ал жашы жетимиштен ашкандан кийин Оштогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, аксакал студент болуп окууну бүтүрдү.

Айтор, жандүйнөсү тынчыбаган, сезимтал, таланттуу сүрөтчүнүн үй музейи, ааламдын, жердин, табияттын, адамдын табышмактуу, ачылган да, ачылбаган сырдуу дүйнөсүн боектор аркылуу чагылдырып, материалдык дүйнөдөн башка да дүйнө бар экенин эске салып тургансыйт.

Айбек Абдылдаев, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, 07.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.