Рамис Жунусалиев, “Суусамыр” командасынын оюнчусу: “Көк бөрү түрктөргө абдан жакты”

11-17-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Деңизли шаарында дүйнөнүн жыйырма беш мамлекетинен барган элдер өздөрүнүн улуттук оюндарын көргөзүп келишти. Бул иш-чарага катышууда кыргыздын улуттук оюндарын даңазалап келген жигиттерибиз да артта калбай, “көк бөрүнү” катыра тартып, жалпы элдердин алкоосуна татыды. Алардын арасында “Суусамыр” командасынын оюнчусу Рамис Жунусалиев да бар. Андыктан кеп кезегин Рамис мырза менен болгон маекке берели.

Түркияда өткөн эларалык улуттук оюндарын көрсөтүүгө багытталган иш-чарага кандайча катышып калдыңыздар?
Бул фестиваль Түркия Республикасынын маданият күндөрүнө карата уюштурулган экен. Октябрдын башында Түркия тараптан бизге чакыруу түшкөндүктөн Кыргызстандын атынан “Көк бөрү” боюнча улуттук курама команданын балдары менен барып келдик. Түрк боордоштор бул фестивалды жогорку деңгээлде уюштурду. 7 күн бою түрктөрдүн меймандостугуна күбө болуу менен биргеликте башка элдердин улуттук оюндарын жандуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жапониялыктар сумо көрсөтүшсө, украиндер “жигитовкасы” менен жалпы журттун жарпын жазды. Биздин кезек келгенде улак тартыш боюнча казактар жана түрктөр менен күч сынашып, эки күн оюн көрсөттүк. Көрүүчүлөргө абдан жакты.

Жергиликтүү эл кандай кабыл алды?
Ал жакта түрктөрдүн кыргыздарга жасаган мамилелери жакшы экен. Жолуккан сайын эле “Түрк атадан тараганбыз. Бир тууган элбиз” деп, жылмаюу менен тосуп алып жатышты. Оюн көрсөтүп жатканда дагы ата-бабаларыбыздан бери ойнолуп келген улуттук оюнубузду сактап келе жатканыбызга ыраазычылыгын билдиришти.

Улуттук курама команда менен барган болсоңуздар жылкыларды кантип алып бардыңыздар?
Чакырууда аттарсыз баруу айтылгандыктан, жылкыларсыз эле бардык. Оюнга чыкканда Вандык кыргыздар минип жүргөн аттарын беришти. Ошолор менен татыктуу оюн көрсөтө алдык. Бирок жылкылары биздин аттарга салыштырмалуу аябай эле кичинекей болуп калат экен.

Жыйынтыгында кандай натыйжа болду?
Оюндан кийин “Көк бөрүнү” эл аралык деңгээлдеги оюндардын катарына чыгаруу аракети козголду. Бул максатта “Көк бөрү” федерациясы келерки жылы эл аралык мелдеш уюштурууну пландоону колго алды.

Өзүңүз канча жаштан баштап улак тартасыз?
Атам чабан болгондуктан бала кезден малга аралашып өстүм. Он үч жашымда ат үстүндө жүрүп, өзүм кырдуу балдар менен улак тартып ойноп калаар элек. Ал кезде азыркыдай тай казан, улак тартуу эрежелери жок болчу. Ал эми профессионалдык деңгээлдеги таймаштарга 2002-жылдан тарта аралаша баштагам. 2009-жылы “Байтур” корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаев аттуу агабыз “Суусамыр” командасын түзүп, ошондон тарта ушул командада ойноп келемин. Бул аралыкта өлкө чемпионатында, Курманжан Датка менен Куйручуктун тойлорунда да байгелүү орундарды багынта алдык. Байгеден уткан акчаларды команда ичинде бөлүшүп, андан арткандарын аттын жем-чөбүнө, аны таптаган саяпкерлерге ырымдап беребиз.

Сырттан байкаган адамга Кыргызстанда “Көк бөрү” оюну кадыресе өнүгүп бараткансыйт. Ушул таасир сиздей көкбөрүчүлөргө сезилеби?
– Ооба, бизде “Көк бөрү” кадимкидей жанданып, бүйүр кызыткан спорттун кадырлуу түрүнө айланып баратат. Буга күйөрмандардын улам арбын болуусу түрткү болууда. Буюрса, жакын арада Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Азыр ошого кызуу даярдык көрүү үстүндөбүз. Командадагы 12 жигит бир үйдө чогуу жашап, чогуу тамактанып, чогуу машыгууларды өткөрөбүз. Каржы маселесин демөөрчүлөр чечип берет.

«Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.