Таалайбек Мырзакматов, саяпкер: “Чыгаан күлүк 1 чакырымды 1 мүнөттө багынтат”

“Ат адамдын канаты” демекчи, саяпкер Таалайбек Мырзакматов “Көк бөрү” боюнча алдыңкы сапта келаткан командалардын бири “Суусамыр” командасынын жигиттери минген жылкыларды таптап келет. Камбар ата тукумунун “тилин билет” десек да аша чаппастырбыз. Себеби, дал Таалайбек мырза таптаган аргымактар командадагы жезбилек жигиттердин жеңишине салымдаш, жандаш-сырдаш жылкылар.

Кезмек сааты жок кесип

Чоң атам саяпкер болгондуктан мен да жаш чагымдан эле жылкы менен бир өстүм. Жайлоого чыгып мал жайып, ат үстүндө эркин жүрөөр элем. Эр жетип армияда кызмат өтөп келген соң, тиричиликти кантип улантсам экен деген ойго токтолуп, акыры трактор айдоого туура келди. Аттын кишенеген үнүнө көнүп калгандан уламбы, эмнегедир жаным трактордун тарылдаган үнүнө көнө алган жок. Акыры бул кесипти таштап бала-чагымдан жыт сиңишкен жылкыларды таптоону чечтим. Ошентип шаарга келип, ат майданга саяпкер катары жумушка орноштум. Алгач “Дордой” командасынын аттарын таптасам, азыркы тапта “Суусамыр” командасынын жылкыларын таптап келем.

Бул кесип абдан түйшүктүү. Анткени мында башка жумуштардагыдай иштөө убактысы белгиленген эмес. Түн болсо түн, күн болсо күн бою жылкылар менен бирге болуп, аларды жем-чөп менен камсыздап турушуң шарт. Улакка чыгып жүргөн жылкыларды азыктандыруу да үйдө багылган аттардан бир топ айырмаланып турат. Буларга саат-сааты менен жем-чөбүн берип турбасаң, ооруп калышы мүмкүн. Мисалы, эртең менен алтыда чөп салсаң, жетиде сугарып, жети жарымда жемин бересиң. Сууну да бир жутканда эле 22-23 литрге дейре ичет. Күнүнө үч маал сугарып, тоют берүү да калган убактарда жогоруда айтылгандай уланат. Жандарынан аз убакытка алыс чыксам да багууга дайындалган адамга телефон чалып, жылкылардын абалын сурап турам.
Жылкынын эң эле катуу оорусу ичегиси түйүлүп калганы. Кыргызча айтканда “жаталак” деп аталат. Бул оору жылкыны ачка кезинде сугарып койгондо пайда болот. Мында ичегиси түйүлүп, катуу оорутуу пайда болот да жылкы өлүп калышы мүмкүн. Азыр Совет доорундагыдай адис ветеринарлар жок болгондуктан бардык ооруга каршы эмдөөнү өзүм жүргүзүп турам. Ветеринардык дарыканалардын жоктугунан адам үчүн колдонулуучу дарыларды пайдаланууга туура келет. Аларды дарылоодо тажрыйбалуу саяпкерлерден кеңеш алып турам.

Коңушулар биздин жылкыларга абдан кызыгышат

Азыр Кыргызстанда байгеге чабылып жаткан күлүктөрдүн дээрлиги англиялык таза кандуу аттар. Бул аттар 200 жыл мурун англиядан тарагандыгы айтылат. Алардын айырмасы каны күчтүү келип, ылдамдык багынтуу жагынан алдыңкы орунда турат. Мисалы, 1 чакырымды 1 мүнөт 5-6 секундда басып өтүшөт. Бул жылкылар көбүн эсе Чүй боорунан чыгып, Казакстан, Өзбекстанга чейин тарап кетүүдө. Баасы 100 миң сомдон 15 миң долларга чейин болууда. Казак коңшулар биздин жылкыларга ашык болгондуктан той-аштар өткөн сайын Алмата, Астана, Жамбул, Чимкенттен бери келишип, жылкыларды сатып алышууда. Менин оюмча коңшулардын биздин аттарга болгон кызыгуусу жылкыларыбыздын шамдагайлыгынан улам жаралууда. Алардын шамдагайлыгына биздин жаратылыш себепкер окшойт. Анткени бизде жылкыга да, адамга да пайдалуу дары чөптөрдүн бардык түрлөрү бар экен.

Жылына эки ай үйүргө кошобуз. Жайлоого чыгып, керектүү тоюттарды жеп, тазаланып, витамин алып, аргындашып келет. Кийинки жылы алардын кулундарын издеп барасың. Айгырды бир нече жыл баккандыктан анын баласын да бир көрүштөн эле таанып калабыз. Анткени, булар деле адам сымал бирине-бири окшош келет. Бирок, мындан түшкөн он кулундун баары эле атасына окшошо бербейт. Анткени кулундун мыкты күлүк болушуна энесинин да салымы чоң. Эгерде атасы да, энеси да мыкты болсо анда кулун дагы мыкты күлүктөрдүн бири болуп чыгаарына шек жок. Андыктан аларды сатып алууда да ата-энесин сүрүштүрүп, анан тандайсың.

Аргымактын акыркы тагдыры саяпкерге белгисиз

“Көк бөрүгө” чыгып жүргөн аттар менен ат чабышка катышып жүргөн аргымактардын айырмасы чоң. Улакка жоон сандуу, чоң аттар тандалып алынат. Көк бөрүгө чыккан аттар жаратылышынан бат тапталат. Ал эми аламан байгеге чыгып жүргөндөрдү таптоо бир топ убакытты жана эмгекти талап кылат. Мындан тышкары ат чабышка чыгып, көп чуркабай, жеңишке жетишпей жүргөн аттар болот. Ошолорду алптыгына жараша тандап алып, улак тартышка чыгарабыз. Тез аранын ичинде эле улак тартышка көнүп кетет. Булар деле спортчулар сыяктуу бири бокска, бири күрөшкө баргандай эле бири ат чабышка, дагы бири улак тартышка шыктуу келишет. Болгону аны саяпкер өзү аңдай билүүсү кажет.
Жылкыларды машыктырууда да абдан кылдат мамиле кылуу абзел. Эгерде кичинекей эле калпыстык кете турган болсо, анда ал аргымак жакшы натыйжа жарата албай калышы мүмкүн. Машыктыруунун алгачкы күндөрүн аттарды ат майданга алып чыгып бастыруудан баштайбыз. Мындай нерсе аттын денесин жибитет. Андан соң ат майданды эки иреттен айлантып чуркатабыз. Бара-бара ат майданды алты иретке чейин айлантууга жеткиргенден кийин, дем алуусун жеңилдетиш үчүн үстүнө жабуу жаап, тер чыгарабыз.

Анан тоого чыгып, эки саат чаптырган соң, улак сатып келип, казанга салып машыгууну баштайбыз. Жыл бою астын кургак кармоо үчүн жыгачтын таарындыларын салып, тоют менен камсыздайбыз. Жылкыны канчалык жакшы багып, семиртсең ошончолук жакшы жетишкендиктерди берет.

Айгыр болгон соң баарын бир жерде кармоо туура болбойт. Анткени, бири-бирин тепкилеп салышы толук мүмкүн. Ошондон улам ар бирин өз сарайында кармайбыз. Эң жаш аргымак төрт жашынан тарта оюнга катыша баштайт. Ошону менен 20 жылга дейре чабылып жүргөн аттарды кезиктирсе болот. Бирок, анчалык көп чаптыруу жылкыга эле кыйын. Ошондуктан жашы эле жакшы. Ал эми жашы жетип калган аргымактар базарга чыгып, сатылып кетет. Ошону менен анын андан аркы тагдыры эмне болот, ал жаңы ээсинен көз каранды.

Маектешкен Темирбек Матаев, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.