“Манас” Бээжинде кытай, англис жана кыргыз тилинде жарык көрдү

“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун маданий эстеликтер тизмегине кытайлык кыргыздардын атынан киргенден бери Бээжинде кытай, англис жана кыргыз тилдеринде басылып чыкты. Кытайлык котормочу Айкын Турсун “Манастын” кытай тилинде кара сөз менен чыккан вариантын кыргыз тилине которуп чыкты. Кабарчыбыз Сагын Алаева Айкын Турсунга кезигип, аны кепке тарткан.

Сагын Алаева: “Манас” эпосун кытайдан кыргызчага которуунун маани-максаты эмнеде эле?

Айкын Турсун: “Манас” жомогу деп жазып чыккан кишинин улуту кытай. Кызыл-суу кыргыз автономиялуу областында көп жылдан бери “Манасты” изилдеп жүрт. Кыргыздын эпосу жөнүндө биринчилерден болуп кытай тилинде “Манас жомогу” деген китеп жазып, аны мамлекеттик басма фондунун каражатына китеп кылып кытай, кыргыз жана англис тилинде үч китеп кылып басып чыгарды. Кытайча жазып чыккан “Манас” жомогун мен кыргызчага кара сөз менен которуп чыктым.

Бизде кытайда тибет, монгол деген улуттар бар. Ошолордун “Жаңгар хан”, Гасар-хан” деген эпостору жана кыргыздын “Манасы” Кытайдын үч жомогу деп эсептелет. Үч жомок үч тилде чыкканда, тогуз китеп бир убакта 2011-жылы чыгарылды.

Сагын Алаева: “Манас” эпосун кытай тилинен кыргызча которгон башка котормочулар да барбы?

Айкын Турсун: Кыргызчадан кытайчага которуп чыккан чыгармачыл адамдар болгон. Кытайча “Манастын” сегиз томун чыгарып болдук. Ошол киши жыйырма-отуз жылдан бери изилдеген экен. Мен аны “Манас жомогу” деп кайра кыргызчага которуп чыктым.

Сагын Алаева: Кытай тилинде чыккан “Манастын” мазмуну канчалык өзгөрүптүр?

Айкын Турсун: Өзгөрбөптүр деп айтууга болбойт. Ана-мынча жеринен өзгөрүш, албетте, болот.

Сагын Алаева: Каармандардын аттары, улуттук идеялар кытай тилинде кандайча берилген?

Айкын Турсун: Жомок көбүнчө Жусуп Мамайдын варианты боюнча жазылган. Мен которгон учурда өзүмдүн атам жардамдашты, эпоско ылайыкташтырып которуп чыкканга аракет кылдык. Кытайдыкын ары таштап, кыргыздыкын бергенге аракет кылдык.

ВВС Кыргыз кызматы, 12.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.