Салижан Жигитовдун сабактары

(Уландысы. Башталышы)

“ЭКИ ТӨӨСҮ ТЕҢ ӨЛДҮ”

Салижан Жигитович, жогоруда азыркы бийлик башындагылардын дээрлик көпчүлүгү партократиядан келген деп айттык. Ага ашынган демократтар, радикал реформаторлор, патриоттор ж.б. кыймылдарга кирген “колбашчыларды” да кошсок болот. Демек, тарыхый шарт ошондой түшүптүр, жол билгендерибиз, кол билгендерибиз, иш билгендерибиз негизинен партократиядан куралыптыр. Байкап атабыз, азыркы демократтарга караганда алардын тажрыйбасы мол экен, иштин көзүн таанып, чарба жүргүзүү ыгын жакшы өздөштүрүптүр. Мындай сапаттарды эске албай эле биз, өзгөчө партократтардан демократка айлангандар, аларды өгөйлөп, колдон келсе түйүндүү иштерге аралаштырбоо аракетиндебиз. Кандайдыр бир партиянын идеяларын жактырганы үчүн кодулоо, биринчиден, демократия принцибине жатпайт, экинчиден, антип отурсак, 2,5 миллион кыргыздын канча кадры таза каларын эч ким билбейт. Анын үстүнө партократтар деле заманга жараша өзгөрүп жатат, Тургуналиев кечээки Тургуналиев болбогондой эле Аманбаев кечээки Аманбаев эместир. Артыбыздан таптакыр башка жаңы муун, жаңы адис, жаңы жетекчилер келери шексиз, ошондо деле жолду жол, колду кол билгендер баштайт го…

-Бийликтегилерди алмаштырса эле “май көл, сүт көл” түшүп каларына ишенбей турганымды айтпадымбы, анын айрым себептерине, айрыкча азыркы экономикалык жагдайыбызга байланыштуу себептерине аздыр-көптүр токтолумуш эттим.

Ооба, бюрократия деген бар, ал – үстөл, кеңсе бийлиги деген сөз. Эл башкаруунун бул системасында иштегендерди чиновниктер деп коёт, бирок чиновниктер эл чарбасында көп деле роль ойнобойт. Илгери бизде, Советтер Союзунун көзү тирүү кезде чиновниктерди аябай көбөйтүп жибердик, айыл чарба институтун бүткөндүн баарын эле чоң кылып салдык. Малдын камын көрүп, мал арасында жүрө тургандар кеңседе отуруп эл башкарып калды. Жел козуларды көп каттап койгону үчүн чогулушка барды, орден алды ж.б. ошентип аталып калган алар мыкты жетекчи, мыкты адис деп. Эми алардын ичинен түзүктөрү деле чыкты, кайсы кесиптен болбосун чыгат, бирок, мисалы, ушунча көп медиктин ичинен бир дагы райкомдун биринчи секретары чыккан жок да, туурабы? Канткен менен алардын киши менен иши бар эмес беле, анын үстүнө айыл чарба институтуна караганда мединститут ат чабым жакшы, сапаттуу окутчу. Ага караган да жокпуз да. Ушу психология дагы эле калбай жатпайбы.

Дүйнөдө адамды бийлик үчүн сыйлайт: байлык үчүн сыйлайт, анан билим үчүн сыйлайт. Биз болсо бийлик үчүн гана сыйлап келдик, анткени бийлик барда байлык бар. Эми мына миллионерлер чыгат, байлар пайда болот, ошолор кадыр күтүп, “колунда токочу бар бала сүйгүнчүк” деп, ошолор сүйгүнчүктүү көрүнөт. Ал эми билими үчүн сыйлоо деген, ачык айтыш керек, азырынча кыргыз баласына жетелек. Кыргыз билимдүү кишини сыйлабайт, тескерисинче, чала билимдүү кишини сыйлайт, “сокур табыпка баары бийдей” деп аларга кандидат болуп алса эле кандидаттын баары бир, доктор болсо, доктордун баары бир, ал эми академик болуп алса, дүйнөдө эң эле акылдуу киши ушу деп эсептейт. Ошентип, бизде чыныгы билимдин кадырына жеткен аз.

Ага жетиш үчүн дагы бир элита пайда болуш керек. Духовный өмүр сүргөн, байлыктын кыныгына түшкөн сыяктуу билимдин кыныгына түшүп алган кишилер чыгышы зарыл. Биз, тескерисинче, ошондой сапат, жышаан байкала калган окумуштууларды баса калып, бийликке пайдаланып жатпайбызбы. Чындыгында алар ошол элитанын түбүн түптөп, өз ишин кылыш керек эле.

-Бизде демократия эмес эле, Академократия болуп кетти деп ошон үчүн айтып жүрүшөт да.

-Эми а дагы убактылуу, арга кеткендеги иш болуп жатпайбы. Мүмкүн, кийин эл башкаруу сферасында иштейт деген кишилерди, лидерлерди даярдай турган институттар пайда болор. Мына орустарда бар экен, Европада бар экен XXI кылымдын лидерлери деген кыймыл. Зээндүү балдардын мектептен баштап эсебин алып, колдой турган фонд уюштуруп, окутат экен, тарбиялайт экен. Жапонияда бар президенттикке окута турган мектеп, эми анын баары эле президент болуп кетпеси белгилүү дечи, болбосо бир эмес, жүз Жапония түтөбү, бирок мамлекеттик деңгээлдеги кадрлар чыгары шексиз. Андыктан биз дагы профессионал саясатчы, профессионал администратор, профессионал чиновниктерди даярдоо маселесин ойлошубуз керек.

(Уландысы бар)

Алым Токтомушев, «Эркин-Тоо», 20.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.