Маданиятка маани берген Тоголок Молдо

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнө баруучу жол Жаңы-Талап айылынан күн чыгышты карай кетет. Бурулушта ХIX кылымдын биринчи жарымында ошол кездеги архитектуранын мыкты үлгүсү менен салынган Тайлак баатыр менен агасы Атантайдын кош күмбөзү кечээ жакында эле жаңыланганы тээ алыстан эле дароо көзгө урунат. Албетте, аталган айыл өкмөтүнө Тайлак баатырдын да тикелей тиешеси бар болгондуктан, кыскача болсо да ал баатыр тууралуу кеп кылбасак пендечиликке жатпас.  Кыргыздын саяк уруусунун чоро тукумунан чыккан Тайлак Рыскул уулу айтылуу Жанболот баатырдын небереси. Ошол доордо кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн белгилүү инсандардын бири. Кокон хандыгы Ак-Талаанын Куртка деген жерине сепил куруп, миңден ашык сарбаз кармаган, аны элди талап-тоноого таяныч катары пайдаланган. Теңир-Тоодогу кыргыздардын Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү 1832-жылы бир туугандар Тайлак, Атантайдын жетекчилиги менен башталган. Куртка чебине тынымсыз кол салып тынчтык бербеген Тайлакты туткунга алуу үчүн Мадали хан Арап кол башы башында турган кошумча аскер жиберет. Тайлак аларды Тогуз-Тородогу Бычан жайлоосунан тосуп, оор салгылашта жеңишке жетишет. Төрт жүздөн ашык сарбазынан ажырап, кокондуктар артка качууга мажбур болушат.

“Чек ара чагылганы” тууралуу чыгармалар көп жаралган

Тайлак Куртканы ээлеп, кокондуктар талап-тоноп кеткен мал-мүлктү кайрып берүүсүн талап кылып хандыкка элчи жиберет. Аргасы кеткен Мадали хан Түркстанды жердеген казактын Эдиге төрөсү менен келишип кошун жабдып, Тайлакка каршы аттандырат. Эдиге баатыр Таласты чаап, Өтмөк аркылуу Суусамырга түшөт. Суусамырдын Дубан кечүү деген жеринде Тайлактын Акталаадагы басыз, чоро урууларынан жыйнаган колу менен эки тарап беттешип, жеңиш кыргыз тарапка оогон. Кийин Тайлак кыргызга баш калкалап келген Кашкардын башкаруучуларынын бири Жаангер кожонун айынан кытай аскерлери менен болгон урушта да жеңишке жетишкен. Бул кытай баскынчыларын кыргыз тарапка өткөрбөө амалы өз натыйжасын бергенин тарыхый маалыматтар тастыктап турат. Кийин душмандары Тайлакты оңой менен жок кыла албасын түшүнгөндөн кийин дарыгер табып кейиптенген тыңчы жиберишип, амал менен ал дарыламыш болуп, уулуу зат менен Тайлакты өлтүргөн. Тайлак баатырды согуштук айла-амалды мыкты өздөштүргөнү үчүн Цинь бийлиги “Чек ара чагылганы” деп аташкан.

Тайлак баатыр жана тун уулу Осмон датка жө­нүндө көптөгөн тарыхый эмгектер, чыгар-малар жаралган. Нурдин Молдонун “Тайлак жөнүндө казалы”, А.Чоробаевдин “Тайлак баатыр” дастаны, Тоголок Мол­донун, Ш.Бейше-налиевдин, Ы.Абдрах­мановдун чыгар­малары, С.Ат­то­куровдун “Тайлак баатыр” монографиясы эл сүйгөн чыгарма­ларга айланып, анда да­ңазалуу кыргыз уулунун эрдиктери, калыстыгы, жөн билгилиги, аскердик таланты кенен  баяндалат.

Тоголок Молдо – жазма адабияттын баштоочусу

Эми, албетте, аймак сыймык менен ысымын алып жүргөн Тоголок Молдо тууралуу азыноолак кеп кылбасак, кемтигибиз толбочудай сезилет.

Байымбет Абдрахманов 1860-жылы ушул Кара-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдрахман эл ырларын, көптөгөн жомок, дастандарды кызыктуу, куюлуштуруп айтканды билген адам болгон. Байымбет жаштайынан тамга таанып, Музооке ырчынын тарбиясын көргөн. Жигит кезинде сүйүү темасына арналган ырларды, поэмаларды жараткан. Кийин Тыныбек манасчы менен жүрүп, Манас айтууну да үйрөнөт. Кыргыздын “Шырдакбек”, “Жаңыл мырза”, “Мендирман” дастандарын кагазга түшүрүп, басмага өткөзгөн. Кыргыз элинин тарыхына байланышкан көп маалыматтарды калтырган. Ушул убакытка чейин кыргыз санжырасына байланышкан маалымат булактары окумуштуулар тарабынан пайдаланылып жүрөт.

«Аккан арыктан суу агат» дегендей…

Аймакта алгачкы кооперативдер 1929-жылдан баштап уюштурула баштаган. Кийин коллективдүү чарба болуп, алгачкы башкармалардан болуп Жакып Тытчиев, Жылгамыш, Боронбаев, Кененсары Борончиев иштешкен. Кийин элүүнчү жылдары чарбалар ирилештирилип, Тоголок Молдо атындагы колхозго биригишкен. Аталган чарба 1969-жылы экономикалык жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Бүткүл Союздук өтмө Кызыл Тууну жеңип алган. Ошол кезде чарбаны Мойдунов жетектеп турган экен, 1974-жылы республикада социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп табылып, жогорку сыйлыкка татыган. Чарбада ак иштеп, жогорку көрсөткүчтөрдү жаратканы үчүн жылкычылар Супай Коңгайтиев, Мамбет Кой-чиев, Нурманбет Сатыбалдиев Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татып, алтын жылдыз тагынышкан. Эмгек каармандары Кулубай  Айдаралиев, Батыш Төрөбеков, Акбар Тойчубаев Ленин орденин алышкан.

Ал эми спорттун түрлөрүнөн  Сүйүн Сулайманов, Бердибек Турганалиев, Нышан Дүйшөнкулов республикалык мелдештерде чемпион аталышкан.

Учурда Кара-Ой айылынан чыккан уул-кыздары түрдүү тармактарда иштешип, айыл сыймыгына татыган азаматтар ондоп саналат.

Малды асылдандыруу аракеттери бар

Тоголок Молдо айыл өкмөтү бир гана Кара-Ой айылынан туруп 568 түтүндө үч миң эки жүздөн ашык адам жашайт. Аймактын жашоочуларынын дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен бирдей алектенүүгө ыңгайлуу шарттары жетиштүү. Айдоого жарактуу 1788 гектар жердин 1748 гектары суу баскан аянттар. Мал чарбачылыгында жыйырма миң гектардан ашык жакынкы, алыскы жайыт­тары кеңири пайдаланылат. Айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарында белгиленгендей, жашоочуларда бир жарым миңден ашык бодо мал, миңден ашык жылкы, он миңден ашык кой-эчки бар. Үй башына бөлгөндө башка аймактарга салыштырмалуу мында малдын саны арбын экени жөнөкөй эсептер эле далилдеп турат.

Жер шартына жараша аймакта дыйкандар негизинен кылкандуу дан эгиндерине, картошкага, жашылчага артыкчылык беришет. Орточо эсеп менен дыйкандар жылына он төрт миң тонна эгин, 320 тонна картошка, 136 тонна жашылча, 65 тонна эт, 159 тонна сүт өндүрүшөт. Аймакта айыл чарба продукцияларын иштетүүчү ишканалар 7 тегирмен менен чектелгени өкүндүрөт. Учурда эт, сүт, жүн иштетүүчү ишканаларды ачуу зарылдыгы бар. Айылда 1 тактай тилүүчү, 1 жыгач иштетүүчү, 1 механикалык устакана, 1 темир буюмдарын жасоочу цехтер элдин суроо-талаптарын канааттандырууга толук жетишет.

Мындан үч жыл мурда Кара-Ой айылынан бир нече үй-бүлө Казакстандан, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнөн жарым таза кандуу 15 баш кунан-быштыларды алып келишип, өндүрүшкө пайдаланууга аракеттер көрүлүп жатат. Аймактын саяпкерлери буга чейин да райондук, облустук мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылып келишкен.

Аймактагы “Асыл түшүм” үрөнчүлүк кооперативинин аймактын дыйкандарын жогорку сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуудагы үзүрлүү аракеттери өз натыйжаларын берүүдө. АРИС программасы, жайыт пайдалануу бирикмесинин өздүк салымы аркылуу Чоң Бооралбас жайлоосуна баруучу жол оңдолуп, беш көпүрө салынган.

“Көлмө” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн демилгеси менен 38 км. ички чарбалык арыктар тазаланып, Чоң-Алыш каналы таштардан арылды.

ЮСАИД зор көмөк көрсөттү

Аймакта социалдык коргоого муктаж адамдарды колдоо боюнча алгылыктуу иш-аракеттер көрүлүүдө. Айылдын жашоочусу Бүбүкалый Сазинованын жери айыл өкмөтүнүн эсебинен чаптырып берилди. Ак-Талаа райондук акимчилиги тарабынан 6 жакыр үй-бүлөгө 1 тонна буудай үрөнү, 400 кил жер семирткич бекер берилди. ЮСАИД эл аралык агенттиги тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө 9 тонна үрөндүк буудай, 2 тонна үрөндүк арпа, 2,5 тонна үрөндүк картошка бекер таратылып, чыгымдардын жалпы суммасы 321 миң сомду түздү. Бириккен Улуттар Уюмунун АКТЕД уюму аркылуу 127 үй-бүлө 128 мүшөк ун, 750 литр зыгыр майы атайын комиссиянын чечими менен таркатылып берилди.

Айыл өкмөтү тарабынан муктаж мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кыштык отун, көмүр түшүрүп берүү иш-чарасы жыл сайын кайталанып турат.

Социалдык мекемелер унутта калбайт

Тоголок Молдо айылдык №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун талаптагыдай иштешине канаат­тандырарлык шарттар түзүлүп берилген. Оорукананы заманбап медициналык аппаратуралар, эмеректер менен жабдуу маселеси да чечилген. Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева өз каражатына кир жуугуч машина алып берип, жамааттын алкышына татыды.

Айылдагы Ж.Сатылганов атындагы орто мектеп 2012-2013-окуу жылына карата толук оңдолуп берилген.

АРИС программа­сынын алка­гында 120 миң сомго интерактивдүү такта алынып берилип, де-мөөрчүлөр электр энергия берүүчү кыймылдаткыч, электр ширеткич менен камсыз кылышты.

Маданият мекемелери облуста мыкты

Айыл өкмөтү жайгашкан клубдун жасалгаланышы, жаңы эмеректер, музыкалык аспаптар, аппаратуралар менен жабдылышы мында маданиятка өзгөчө маани берээринен кабар берип турат. Биз клубдун иши, ич-тышы менен таанышканыбызда тоо арасындагы аймакта ушундай маданият үйү болобу, – деген таң калуу сезими аргасыздан пайда болгонун жашыра албайбыз. Клуб электр жылыткычы менен жылып, мындагы иш-чаралар, ыр-бий, комуз ийримдерин өткөрүү жылдын төрт мезгилинде үзгүлтүккө учурабайт.

Жыл жыйынтыгы менен Тоголок Молдо маданият үйү райондо “Мыкты клуб” номинациясы боюнча байгени жеңип алган.

Кара-Ой китепканасы да бүгүнкү күндүн талабына ылайык жабдылган. Мында китеп фонду он миң китептен ашат, дайыма мезгилдүү басма сөз каражаттары менен толукталып турат. Атайын абоненти бар үч жүздөн ашык окурман китепкананын кызматынан пайдаланышат.

Мында ар кандай тематикадагы викториналар, суроо-жооп көргөзмөлөрү, талкуулар уюштурулуп турат.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Нарын облустук китепканасы кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн элге жеткирүүгө жетишкен ийгиликтери үчүн Кара-Ой айылдык китепканасын “Мыкты айылдык китепкана” номинациясына көрсөтүп, диплом менен сыйлаган.

Айыл аймагынын башчысы Эркин Нурдиновдун айтымында аймакта көчөлөрдөгү штакетниктерди жаңыртууга, жолдорду, социалдык мекемелерди оңдоого, таза суу көйгөйлөрүн четтетүүгө, жеке ишкерликти өнүктүрүүгө байланышкан маселелер оңдуу чечилүүдө. Алдыда ири долбоорлорго эл аралык, республикалык каржы уюмдарынан инвестицияларды тартуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Турусбек СОЛТОБАЕВ, “Кыргыз Туусу”, 27.11.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Маданиятка маани берген Тоголок Молдо

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.