Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: “Кыргыз кагандыгынын тарыхы “чапаевдик” чабуулдардай бир жолу жайпап өтчү иш-чара эмес”

Мындан 70 жылдай илгери Улуу Кыргыз кагандыгынын 1100 жылдыгын “Манас” дастанына байланыштырып өткөрүү далалаты жасалган. Ал эми 15-16-ноябрда Бишкек шаарында Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган “Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргыз таануунун маселелери” аттуу эл аралык илимий жыйын болуп өттү. Ушул маселе боюнча “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илиминин доктору Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН менен маектештик.

– Кыргыз улуттук университетинде өткөн бул эл аралык жыйындын негизги максаты кандай?
– Бул эл аралык жыйын тээ 840-жылдары бүткүл Борбордук жана Ички Азияны солк эттирген жана орусиялык академик В.В.Бартольд таамай белгилегендей, “Улуу Кыргыз дөөлөтү” (“Кыргызское великодержавие”) деп орус адабиятында атыккан зор окуяларга атайын арналган алгачкы илимий-практикалык иш-чара болуп калды. Илимий жыйындын максаты – Кыргыз мамлекеттик тарыхынын орто кылымдардагы туу чокусу болгон ушул тарыхый баскычты тереңдеп иликтеген илимпоздордун башын бириктирүү жана байыркы орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча жаңы илимий табылгаларды ортого салуу. Бул жыйындын саясый жана атуулдук тарбиялык чоң жүгү да бар.

Совет доорунун соңку он жылдыгында, б.а. 1980-жылдарда Кыргызстанда Улуу Кыргыз кагандыгынын 1150 жылдык мааракесин өткөрүүнү мындай кой, ал мамлекеттин атын айтуудан да чочулашып, “Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхынын азыркы теңир-тоолук, алай-памирлик кыргыздарга эч тиешеси жок” деген жоромолду Кыргызстан Компартиясынын жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетекчилиги калайыкка расмий таңуулаган. Анын айынан орусча чыккан “Кыргыз ССРинин тарыхы” китебинин I томунда (1984) бул кагандыктын тарыхына эч бир бөлүм арналбай калган. Эне-Сай кыргыздарынын тарыхын жалпы кыргыз тарыхынын бир бөлүгү катары көз карашын билдирүүдөн кайтпаган ала-тоолук чыгыш таануучу Өмүркул Караевди “буржуазиялык окумуштуунун пикирине жетеленген” деп ошол томдукта келекелешкен.

Кыргыз президенти А.Атам-баевдин үстүбүздөгү жылдын алгачкы айындагы жардыгына жана колдоосуна ылайык уюштурулган бул жыйынды өткөрүү, демек, бийлик колдобогон учурда да илимий коомчулук жана жалпы эл жапатырмак белгилеши керек болгон атуулдук парз болчу.

Жыйынды уюштурууга жана өткөрүүгө жаңы түзүлгөн “Мурас” кору, Кыргыз улуттук университети, “Кыргыз тарых коому”, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана бир катар ЖОЖдордун илимпоздору үзүрлүү катышты.

– Президент А.Акаевдин тушунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, К.Бакиевдин доорунда “Көчмөндөр цивилизациясы” дегендей идеологиялык иш-чаралар ойлонуп табылып, бирок алар толук кандуу иштебей келгенин билебиз. Сиздер көтөрүп аткан идея да ошондой маселе болуп калбайбы?
– Айтмакчы, мурдагы президенттердин тушунда көтөрүлгөн мындай идеяларда айып жок, аларды президенттерге окумуштуулар кулак кагыш кылышкан.

Бир ирет А.Акаев “тарыхчылар иш кылбай койгондуктан, мына өзүм Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгына байланыштуу иликтөөнү жүргүзүүгө аргасыз болбодумбу” дегендей кыязда сүйлөгөнү эсте. Чын-чынында физик агайыбыз бул идеяны оозго ала электе эле, тээ 1980-жылдардын соңунда “кыргыз” деген байыркы элдин тарыхта катталышынын 2200 жылдыгын кылымдар тогошкон жылы маараке катары өткөрүү керек деп географ Садыбакас Өмүрзаков, ошол кездеги жаш тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев айтып чыгышкан. Кыргыз мамлекетинин тарыхый башаты – тээ хундардын дооруна барып такалары тууралуу биздин макалабыз да алда канча мурдараак жарыяланган (Чоротегин Т.К. Об истоках кыргызской государственности // Эхо событий. – 1995. – 27-январь – 2-февраль. – 2-бет).

Бирок кандай болсо да А.Акаев менен К.Бакиевдин тушундагы азыноолак аракеттер Ички жана Борбордук Азиядагы көчмөндөр цивилизациясынын тарыхында кыргыздар да татыктуу орун ээлегендигин калк эсине салган. Муну танбоо керек.

Бизде бул маселе анчейин изилденбей калган чакта да, тээ 1970-жылдардан бери ЮНЕСКОнун алкагында Борбордук Азиянын цивилизациялык тарыхы ар тараптуу иликтенип келди. Демек, бул жаатта Кыргызстан бийлиги эл аралык коомчулуктун орток иш-чарасына кечигип болсо да кошулууда деп айтар элем. Ал эми археолог, этнограф жана башка (А.Абетеков, К.Ташбаева, А.Табышалиева ж.б.) кыргыз окумуштууларга келсек, алар ЮНЕСКОнун ар кыл долбооруна мурдатан эле колкабыш кылып келишкен.

Бирок мындай иш-чараларды саясатчынын бедели үчүн эмес, илимий зарылчылык үчүн уюштуруу керек. Эсимде, А.Акаев петербургдук археолог Ю.Заднепровскийди “Ош шаарынын 3000 жылдык тарыхын далилдеп салды” деп алкаса, ал жарыктык болсо “Президент А.Акаев далилдегендей, Ош шаарына 3000 жыл болду” деген сыяктуу көшөкөр сөздөрү менен илимпоздорду айраң-таң калтырып, элдин оозун ачырган.

Ал эми быйыл болсо А.Атамбаев илимпоздордун ишин өздөрүнө эле койду. Жетекчилик илимпоздорго шарт түзүшү гана керек эмеспи.

– Эл аралык жыйында эмне маселелер көтөрүлдү, кандай жыйынтыктар болду?
– Быйыл эл аралык жыйындын биринчи гана бөлүгү өткөрүлдү. Демек, Улуу Кыргыз кагандыгынын тарыхы “чапаевдик” чабуулдар сыяктуу бир сыйра гана жайпап өтчү иш-чара эмес, келерки жылы да, андан кийин да системалуу түрдө кыргыз таануучуларды, тарыхчыларды, археологдорду, этнологдорду жана башка адистерди ырааттуу баш коштура турган илимий шерине салтына айланмакчы.

Жыйында кабыл алынган резолюциянын бир сунушу – ар кыл илимий тармактан өсүп чыккан жаш окумуштууларды андан ары комплекстүү кыргыз таануу маселелерин иликтөөгө топтоо үчүн “кыргыз таануу” адистигин киргизүү сунушу эле. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков дароо эле бул сунушту колдоп, магистрдик жана андан жогорку илимий даражаларды алуу үчүн “кыргыз таануу” адистигин ачууга макулдугун айтты.

Илимий жыйында Улуу Кыргыз кагандыгынын дооруна байланыштуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык жана башка табылгалар жарыяланды. Алардын бир катарын депутат А.Сулаймановдун сынагын утуп алып, жети томдук “Кыргыз тарыхын” илимий-популярдуу негизде жазып жаткан чыгармачыл топ да (аны К.Молдокасымов экөөбүз жетектөөдөбүз), көп томдук илимий тарыхый жалпылама эмгектерди жазып жаткан топ да пайдаланышарында шек жок.

– Жыйындын бараандуу коногу Юлий Худяков тууралуу бир-эки сөз айта кетсеңиз.
– Жакшы болот. Юлий Сергеевичтин мыкты археолог жана кыргыз таануучу экенин элдин баары билет. Аны тээ 1983-жылы жана андан кийин археолог Исман Кожомбердиев, тарыхчылар Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Кеңеш Жусупов ж.б. атуулдарыбыз далай жолу алкап тосуп алышкан. Ал биздин Түгөлбай, Чыңгыз сыяктуу залкарларыбыздын батасын алган. Юлий Сергеевич бизге Кубат Табалдыев, Ороз Солтобаев, Темирлан Чаргынов, Жазгүл Орозбекова сыяктуу археолог кадрларды даярдап берди.

Бирок орусиялык археолог Ю.С.Худяковдун өмүр таржымакалын эми гана тереңден үйрөнүп жатабыз. Ал дагы орусташкан немис окумуштуулары В.Радлофф (Радлов), В.В.Бартольд сыяктуу эле ата-бабаларынын санжырасы терең инсандардан.

Юлий Сергеевич Худяков 1947-жылы 8-декабрда Сибирдеги Кемерово облусунун Медвежка аттуу кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Юлийдин атасы Сергей Алексеевич Худяковдун (1919-1984) да түпкү теги немис болгон. Энеси Ирма Юрьевна Геккер 1916-жылы туулган. Ирма айым 1940-жылдары ГУЛАГдын туткуну болгон. Ак жеринен камалып, атүгүл Бишкектеги (Фрунзедеги) абакта да отурган экен. Кийинчерээк Сибирдеги ГУЛАГдын бир жайларына айдалып, ал жакта болочоктогу күйөөсү менен лагерде таанышат.

Сергей Алексеевич менен Ирма Юрьевна бир кыз, эки уул көрүп, аларды мээнеткеч кылып тарбиялашты. Туну Вера 1944-жылы сталиндик лагерде туулган, кесиби боюнча геолог. Юлий ортончусу. Анын иниси Сергей Сергеевич 1950-жылы туулган, юристтик кесипке ээ болуп, прокурор кызматында иштеп жүрүп, 1994-жылы дүйнөдөн мезгилсиз өткөн.

Юлий студенттик кезинен тартып эле Эне-Сайдагы кыргыздардын аскер өнөрүнө, курал-жарактарынын тарыхына кызыгып, археолог катары жолун кыргыз таануу менен тыгыз айкалыштырган.

Менимче, оор тагдырга ээ болгон, сталиндик доордо жазыксыз жазалангандыгы кийинчерээк далилденип, толук акталган ата-энеден тарбияланып, илимде да акыйкаттык үчүн күрөшкөн Юлий 1980-жылдары ошол кездеги расмий саясатка эч баш ийбестен, кыргызды орусча эмгегинде “киргиз” дебестен, “кыргыз” атап, ал эми Улуу Кыргыз кагандыгынын доорун “кыргыздар “жылдызга кол сермеген саатка” теңеп чыкканына таң калууга болбойт.

Ушундай чыгаан окумуштуунун быйылкы илимий-практикалык жыйынга катышуусу жана соңку табылгалары тууралуу маалыматтары жалпы кыргыз таануунун ийгилиги болду.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.