Чыңгыз хандын кайгысын угузган Бука ырчы

Тарыхтын узак жолунда ошол жолдун орчундуу ордун ээлеп, тарых кыймылын түп тамырынан бери башка нукка бурган инсандардын бири бул, албетте, Чыңгыз (Жеңгиз) хан. Анын өмүрү, жеңиштери жана жеңилиштери ушул күнгө чейин ар түрдүү көз караштар менен айтылып келет.

Кетбука ырчынын жашаган доору, чыгармачылыгы түздөн-түз ошол каардуу Чыңгыз хан менен байланыштырылат, б.а., ал XIII кылымда жашаган деп айтууга болот. Бука ырчы тууралуу санжыраларда, уламыштарда айтылат, атайын анын күүсү чертилип, күү баяны берилет. Анын чыгармасы кыргыздарга гана эмес, казактарга да, ногойлорго да тараган, а түгүл ырлары ошол XIII кылымда эле Дашти-Кыпчак талааларын кыдырган фарсий тилинде жазган бирөө тарабынан катка түшүрүлүп, «Түрктөрдүн ата-теги» аттуу жыйнакка кирген, бул тууралуу араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асир (1323-жылы каза болгон) да жылнаамасына киргизген.

Кетбука кыпчак талааларында жашаган жана найман уруусунан чыккан чоң акын болгон, тилекке каршы, анын чыгармалары бизге толук жетпей калды. Аны тарыхый инсан деп айтууга негиз бар. Бизге жеткен ыры – Айхандын баласы өлгөндө аны атасына угузганы. Бул ыр да тарыхый окуяга байланышат. 1227-жылы Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучу белгисиз жагдайда каза болот. Чыңгыз ханды түрк тайпалары Айхан деп аташкан. Өлүмдүн себеби ар кыл айтылат: бир вариантта кулан тээп, ошондон өлгөн делсе; экинчисинде, жолборс чайнап салган; үчүнчүсүндө, каракурт чагып, ууланып каза болгон делет. Дагы башка ар кандай күдүктөнүүлөр ошол күндөн ушул күн аңыз катары айтылып келет. Ошол трагедияны каардуу ханга ким угузушу керек деген маселеде көпчүлүк Бука ырчыны тандап алат. Бука ырчы болсо өлүм кабарын кайманалап, табышмактантып отуруп баланын атасына – айтылуу ханга жеткирет.

Бул ырдын педагогикалык-философиялык жагы – кыргыз элинен байыртадан келе жаткан кайгыны угузуу салтынын көрсөтүлгөндүгү. Эч убакта кыргыздар өлүм кабарын жакын кишисине түздөн-түз, бетме-бет, нак айткан эмес, аны угузуунун толгон-токой усулдары колдонулган: маркум болгон кишинин атынын ээрин алып жайдактап коё берген; жоодон келе жатканда өлгөн жолдошунун атын жетелеп келишкен; боз үйдүн түндүгүн түшүрүп койгон ж.б.

Бука ырчынын угузуусу мындайча:

Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айханым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айханым.
Алтын така, күмүш мык
Дулдул качты, Айханым
Алтын туур ордунан
Туйгун качты, Айханым.
Алтын ордо багынан
Булбул качты, Айханым.
Деңиз толкуп чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айханым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү, Айханым.
Ала-Тоо кулап, пас болуп,
Бел бөксөрдү, Айханым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү, Айханым.
Төрөлөрдүн уругунан
Төл бөксөрдү, Айханым.
Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү, Айханым.
Кара жандан таптатты
Ынак көчтү, Айханым.
Касиеттүү башкача
Чырак өчтү, Айханым
(Залкар акындар. 5 томдук. 3-т. – Б.: 2006. 12-13-б.).

Өлүм кабары элдик педагогикалык салт боюнча тикелей жана түз айтылбаган соң аны каймана берүүнүн да түшүндүрүүчү, туюндуруучу каражаттары бар, мисалы, аны Бука ырчы «тулпар качты», «шумкар качты», «дулдул качты», «туйгун качты», «булбул качты» дегендей түрк-монгол элдеринде символдук мааниге ээ, жигиттин жаны менен бирге туюндурулуучу жаныбарлар менен ассоциациялап жатат. Ал трагедиянын өлчөөсүз чоңдугу «деңиз толкуп чайпалып, көлдүн бөксөрүшү», «терек түптөн жулунуп, жердин бөксөрүшү», «Ала-Тоо кулап, пас болуп, белдин бөксөрүшү», «берекелүү нур чачкан элдин бөксөрүшү», «төрөлөрдүн уругунан төлдүн бөксөрүшү», «агын дайра соолуп, көлдүн бөксөрүшү» ж.б. белгилер менен туюнтулат.

Гуманисттик педагогикада адам баарынан ыйык катары каралып, аны табият менен тең кароо идеясы аябай күчтүү берилет, жогоруда Бука ырчы да Жуучунун каза болушун мына ушундай бийик идеалдар менен, табияттын чексиз чоң көрүнүштөрү менен катар коюп айтып жатат.

Алтын боолуу ак шумкар
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш боолуу ак шумкар
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр,
Ал эмине болучу?
– деп табышмактуу угузуп жаткан Бука ырчынын өлгөн баланы алтын боолуу ак шумкарга жана күмүш боолуу ак шумкарга салыштырып жатышы жана анда «алтын», «күмүш», «ак» деген педагогикалык мааниси күчтүү эпитеттерди колдонушу баланын ата үчүн канчалык орду бар экендигин көрсөтсө, бирден эле ошол алтын боонун, күмүш боорунун тытылышы менен трагедиянын туу чокусу туюнтулуп жатат. Пенде баласынын каза болгонун кабарлоочу «өлдү», «каза болду», «дүйнө салды», «көзү өттү», «пенделик кылды», «келбес жайга кетти», «акырет салды», «бу дүйнөдөн көчтү» деген сыяктуу ондогон ар кандай маанидеги синонимдери болсо да Бука ырчы алардын бирин да айтпай, табышмактантып түшүндүрөт жана баланы жерге берилди дебей, Айды карай сызды, Күндү карай сызды деп дагы бийикке – Ай менен Күнгө алып барат.

Мына ошондо Айхан баарын түшүнүп Бука ырчыны «кет-кет» деп акын-угузуучу Кетбука аталып калат. Кетбуканын ырынын мааниси – оор кайгыны угузуунун элдик таалим-тарбиялык салты жана аны угузуу жана угуу, түшүнүп, кабылдоо маданияты, адам өмүрүнүн кымбаттыгы, бирок ал канчалык кымбат болсо да пендени түбөлүк кармап турууга мүмкүн эместиги тууралуу ой. Мына ушул ыр кийин да далай ушундай окуяларга сабак болгондугу, ар кандай варианттарда ыр, күү (комузда, домбрада, ооз комузда, кыякта) тарап келгендиги эл арасында айтылып калган.

Абдыкерим Муратов, “ZAMAN Кыргызстан” гезити, 05.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.