Нурзат Казакова: “Бизде дагы салыштырма адабият бөлүмдөрү ачылышы керек”

guzelДүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүндө салыштырма адабияттын ролу жогору. Көпчүлүк өлкөлөрдө ар кайсы элдердин адабиятын, маданиятын жана жашоо- шартын салыштыруу боюнча бир канча эмгектер жазылган. Жакында эле мына ушул багытта Түркияда өткөн IV конгресске катышып келген Эл аралык “Ата-Түрк –Ала-Тоо” университетинин түркология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Нурзат Казакова менен бул туурасында маектештик.

– Айтыңызчы, сиз катышып келген “Салыштырма адабият боюнча дүйнөлүк конгресстин” максаты эмне?
– Дүйнөлүк салыштырма адабият боюнча конгресс Түркияда эки жылда бир өтүп турат, буга чейин үч жолу өтүлгөн, мен анын төртүнчүсүнө катышып келдим. Бул эл аралык деңгээлдеги иш-чара болгондуктан АКШдан тарта Кытай, Европа, Индия ж.б. сыяктуу өлкөлөрдөн адабиятчылар катышат экен. Конгресске Орто Азиядан жалгыз Кыргызстан, андан мен бардым. Конгерсстин максаты ага катышкан өлкөлөрдүн маданиятын, адабиятын жана жашоо-шартын башка өлкөлөргө салыштыруу менен таанышуу, таанытуу. Өзгөчөлүк катары белгилей кетсек, учурда Түркиянын жогорку окуу жайларында салыштырма адабият бөлүмү эң биринчи жолу Сейдишехир шаарында ачылыптыр. Ал жакка барган башка адабиятчылар дагы бул тармакка абдан кызыгуусун билдирип, “Абдан жакшы жолго салынып калыптыр, эки жылда бирден конференция өткөрүп туралы, биз дагы көп маалымат алсак” деген сунуштарын айтышты. 2014-жылы Мерсин шаарында салыштырма адабият конгресси өтмөкчү болду, ал жерге IV конгресске келгендердин бардыгы чакырылды.

– Сиз бул конгресске кандай эмгек алып бардыңыз? Кайсы элдердин адабияттарын салыштыруу боюнча баяндамалар жасалды?
– Мен “Жапон хоккусу жана кыргыз хоккусу” деген теманы алып баргам. Б.а. кыргыз адабияты менен жапон адабиятындагы “хокку” деп аталган ырдын бир түрүн салыштырып бардым. Ошол эле учурда ал жакта түрк адабияты менен казак адабиятын, түрк адабияты менен иран адабиятын, иран адабияты менен ирак адабиятын салыштырган окумуштуулар дагы болду. Жалпысынан айтканда ар бир улуттун адабиятын тандап алып, алардын ичинен окшоштуктарды жана айырмачылыктарды алып чыгуу максатын көздөдүк.

Ал жерде мага “түрк адабияты менен кыргыз адабияты эмненин негизинде, кандай салыштырылып жатат, Кыргызстанда бул илимдин багыты кандай өнүгүп жатат, ал жакта өзүнчө ачылган кафедралар барбы” деген кызык суроолор берилди. Менин ал жерде айта турган жообум өтө кыска болду. Албетте, бизде мындай кафдералар жок, ал эми айрым бөлүмдөрдө салыштырма адабият багыты менен кеткендер бар. Мисалы, биздин Ата-Түрк-Ала-Тоо университетинин түркология бөлүмүндө салыштырма жагы абдан күчтүү өнүккөн. Бешинчи курска жеткен студент түрк элдеринин адабиятын салыштырат, адабиятты каалабагандар болсо тилдерин салыштырат. Муну менен абдан көп байлыкты өзүнө сиңирип алышы мүмкүн.

– Кыргызстандын жогорку окуу жайларында мындай бөлүмдөрдү ачуу биздин билим берүү системабызга, жалпы эле кыргыз адабиятына кандай салым кошо алат деп ойлойсуз?
– Менин оюмча мындай бөлүмдөр ачылышы керек, ал үчүн жогорку окуу жайлар билим берүү министрлигине кайрылууга тийиш. Ошондой эле атайы окутуучу курам дагы жетиштүү болушу зарыл. Учурда окутуучулардын деңгээли иранистика жана кыргыз адабияты, арабистика жана кыргыз адабияты, орус жана кыргыз адабияты, түрк жана кыргыз адабияты багытында окутууга жооп берет.

Салыштырма адабият бөлүмдөрүн ачканга жараша анын окутуу программасын дагы иштеп чыгуу зарыл. Биздеги жогорку окуу жайларында мындай бөлүмдөр ачылса абдан жакшы болмок, кеңири аймакты дагы камтыйт эле. Учурда салыштырма адабият боюнча бирин-серин гана кандидаттык иштер жазылып жатат. Менин байкашымча кыргыз-түрк адабиятын салыштыруу абдан күчтүү өнүккөн. Мисалы кыргыз менен араб адабиятын, кыргыз менен дүйнөлүк адабиятын салыштыруу багыты анчалык өнүкпөй жаткандай. Ал эми бизде дагы ушундай бөлүмдөр ачылса, анда бизге чет мамлекеттен дагы студенттер тартылмак, бул биздин өлкө үчүн пайда алып келмек. Ошол эле учурда бизде бөлүмдөрдү ачууга дараметибиз жетпесе анда, гуманитардык багыттары бар университеттер ушундай конгрессти өткөрсө дагы жакшы болмок. Анткени менден ал жактагылар “Кийинки конгрессти Кыргызстанда өткөрсөк кандай болот?” деген да сунуштарды айтып жатышты. Мен албетте “ооба, өткөрөбүз” деп жооп бере алган жокмун. Анткени биздин университеттер ошондой жогорку деңгээлде өткөрө алабы деген күмөн суроолор пайда болот. Себеби биз алардын көп эле иш-чараларына катышып жүргөндүктөн тейлөө маданияты, шарттарды түзүп берүүсү, башка жактан келген окумуштууларды тосуп алуусу, аларга карата жогорку шарттардын түзүлүшү өтө жогорку деңгээлде экендигин көрүп жүрөбүз. Эгерде бизде ушундай конгресс өтө турган болсо биздеги окумуштуулар дагы кызыгаар беле деген ой бар. Аны менен бирге салыштырма адабиятты өнүктүрүү үчүн эки тилди тең жакшы билүү абзел. Мисалы мен жапон адабиятын котормодон алдым, эгер мен жапон тилин өзүм жакшы билсем, түп нускадан алып салыштырсам андан дагы жакшы болмок. Ошол багытына келгенде дагы көп тил билүүчүлүк чоң роль ойнойт. Ошондуктан бизде кыргыз орус адабиятын салыштыруу жакшы өнүккөн.

Маектешкен Аймира Мендеева, “ZAMAN Кыргызстан”, 19.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.