Жупка гүлазыгы

Курамдык бөлүктөрү:
Ун 1кг.
Туз ченеми менен 
Сары май 50г.

Тапталган жука калама жупка жолдо ыңгайлуу. Кургак жана калдырак келип, алар көпкө чейин бузулбайт, өзүнүн азыктуулук сапаттарын жоготпой сакталат, андыктан көчмөндөр менен жоокерлер жолго чыкканында азык катары дайым жупканы алышкан. Жупка оңой даярдалат. Жолоочу жупканы майдалап бөлүп, айранга, сүткө, чайга эзип, курсагын тойгузган. Эгер кырдаал-шарт эч кандай мүмкүнчүлүк бербесе, аларды кадимки сууга эзип жешкен. Азыр да апалар жупканы өздөрүнүн балдарына жасап беришет:аларга жупканы ысык сүткө чылап,бир аз сары май кошуп беришет. Балдар бул даамдуу тамакты канааттануу менен жешет.

Даярдалышы:
Камырды катуу жуурушат да, бир азга тыныктырып коюшат.Андан соң анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, тоголоктошот да үбөлүк менен жупжука калама кылып жайышат. Катуу кызытылган казанга оодарыштыруу менен эки тарабынан тең бышырышат.

Биздин ата-бабалар убакытты үнөмдөө максатында жупканы төмөндөгүдөй кылып бышырышкан. Каламалар бири бирине жабышпасын үчүн араларына бир аз ун сээп дөмпөгөй идиштин үстүнө коюштурушкан. Андан соң казанды кызытып, түбүнө биринчи каламаны коюшкан, даяр болгонунда үстүнө экинчисин коюп, биринчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан. Анын үстүнө-үчүнчүсүн , даяр болгонунда экинчи калама үстүнө келгендей кылып оодарышкан ж.д.у.с. Калама катмары жети-сегиз даанага дейре жеткирилген.

“Айыл деми” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.