Улукбек Есдаулет. “Түнөк”

(Аңгеме. “Абилхаят” китебинен)

u_esdauletСтудент кезим. Танаписте бирөө мага:
– Сени акын Кеңчилик Мырзабеков чакырып туру – деди. Бардым. Жанында бизден курсу жогору бир студент бар экен. Кеңчилик мени Улкаш дейт эле.
– Улкаш, акчаң барбы? – деди. – Бар болсо биз менен жүр.
– Сабакты кантем?
– Бүгүнчө ташта. Окуу деген бизден калган. Акынга көп билимдин кереги не? Окууң өтүшүп кетсе ыр жазалбай каласың.
Бул – Кеңчиликтин аты асмандап турган кез. Өзү университетти көп жылдан бери сырттан окуп бүтүрө албай жүргөн. “Кеңчилик антиптир”, “Кеңчилик минтиптир” деген сыяктуу аңыз кептерге өзү шыркырата май куюп жүрмөйү да бар. Мисалы, студенттер арасында: “Кеңчилик бир жерде Олжас Сулейменовго: “Эй, “Половецкий край”, иди сюда!” десе, Олжас: “Иди отсюда!” дептир, же Кеңчилик биртоп ыр окуган экен, ага Мукагалы: “Бала, сенин тилиң чыгып келатыры, ал менин тилим ичиме кирип баратыры” дептир деген сыяктуу лакаптар тарап жүргөн.

Кеңкең бизди “Гармошка” кафесине баштады. Сыраны шимирип, ырды сиңирип отурабыз. Кеңчилик ырларын өзгөчө бир кыраат менен кубулжута окуп баштады. Окуганда да ыргалып, толкуп, орундугунан ооп кала жаздап жатат. Аксары жүзү албырып, коңурала тармал чачы бирде жанып, бирде чыйрала түшөт…
Мен өз ырларыма катар анын “41-жылы кырманга барганым эсимде” деп башталган ырын жатка окуп бердим. Өтө кубанды.
– Кеңке, – дедим, – ушул ыр өзүңдүкүбү?
– Анан кимдики?
– Сен согуштан кийин туулгансың го. Анан туулбай жатып кырманга барып жүрөсүңбү?
…Айтор көпкө отурдук. Бири-бирибизди бирде мактап, бирде сындап койобуз.
Аягында Кеңчилик агам отургучта чиренип, эки бутун кайчылаштырып, үстөлдүн үстүнө таштап салды. Аны көрөр менен бизди тейлеген орус аял чаңкылдап, ач кыйкырык салып, берекебизди кетирди.
– Батиңкеңди баска түшүрсөңчү, – дедим.
– Америкада ресторанда эл үшүнтүп отурат. Кинодон көргөн жок белең? Кечеги Есениндер ушундай жүргөн. Нагыз акын болуу үчүн аздап ичип, чатак чыгарып жүрүү керек. “Акынга керек акыл көп, Азоолук керек аздаган” деп Кадыр агабыз бекер жазган эмес, – деди ал.
Акыры бизди кафеден кубалагандай эле чыгарышты. Үй-жайыбызга тарарда Кеңчилик мага жата-жабышты:
– Жеңең Зинура айылга кеткен. Үйдө эч ким жок. Аңгемелешип, ыр окуп, жата кетебиз. Эртең сабагыңа биздин үйдөн эле бара саласың. Жүр, чогуу, – деп акедей асылды. Жөнөдүк.
Автобустан түшкөн жерде чакан даамкана (закусочная – ред.) бар экен, кирип барып эле шарапты аптыга ичип кирдик. Бир аздан соң Кеңкең көптүн ичинен бир улгайган кишини тапты да, түп этегинен мыкчып, ачкенедей жабышты:
– Байке, таанышалычы.
Ал киши атын айтат, Кеңчилик унутуп калат да, кайра таанышып кирет. Тигинин бой жыйрыганына карабай:
– Байке, өлөң тыңдаңызчы, – дейт ого бетер жакындап.
– Чырагым, мен өлөң түшүнбөйм, – деп тиги кача баштады.
– Анда аңгемелешеличи, – деди такымдап.
– Аңгеме билбейм.
– Сиз билбесеңиз мен айтам, угуп эле коюңузчу.
Алиги карыя эми үстөлдөн үстөлгө качты. Кеңчилик артынан сая түшүп алган. Менин кой-айымды да угар эмес. Акыры тиги киши сыртка чыга качты. Артынан атырылып биз чыкпаганда ким чыкмак эле?! Кеңчилик жетип барып кучактамак болду:
– Байкебай, неге мынча качасыз? Коркосузбу? Сиз бизден такыр коркпоңуз. Биз эч кимге зыяны жок бир жүргөн шордуу бечарабыз. Коркпоңуз. Мушташ билбейбиз. Бирөө бир урса бүттү, кулап калабыз. Жөн эле эзилишип сүйлөшөлүчү, – деп асылып жатат.
Капыстан эле жанатан бери качып жүргөн кишиге жал бүтүп, каш-кабагы карайып, кайкалактай калды:
– Эмне?! Мушташ билбейм дейсиңби?! Анда кайсы арыңа жарбаңдап жабышып жүрсүң?! О, атаңдын… Жыга чабайынбы азыр, ыя?! – деп качырата түйүлгөн муштумун музейден сууруп чыкканда биз күлүп жибердик. Ал бизди карап-карап турду да, жерге зуу түкүрүп басып кетти.
Эми Кеңчиликтин ижара батирине келаттык. Тар көчөдө бала жетелеген бир келин кууп жетип, бизден озо баштады. Арткараак жагында базардан алган азык-түлүктү теңдей көтөргөн эңгезердей күйөөсү келатыптыр. Кеңчилик аны байкабай келинди шап билектен алып:
– Карындаш, таанышалычы, – деп желимдей жабыша кетти.
– Кеңке, койо бер, күйөөсү келатыры, – десем угар эмес. Эси-дарты келинде. Көзү коюлуп, эминип туру.
Аңгыча күйөөсү келип, колундагыларды жерге койду да:
– Эй, сага эмне керек? – деп гүр этти. Менден бойлуу Кеңчилик анын алдында бото-тайлактай кирбийе түштү. Килең денени көргөндө жанатан мыкчып турган билекти койо бергенче шашты:
– Омий ата, бул сиздин аялыңыз беле? – деп карбаластап, эсине келе түштү. Келин чырылдап ортого түшүп, тырталактап күйөөсүн сүйрөп жөнөдү. Эки ийинине эки киши мингендей дөө казак экен. Ачууланып үлгүрбөй калды. Кудай билет, жини чукул болгондо экөөбүздү тең жайлайт беле…
Өшөнтүп өлдүк дегенде күнү бою жеталбаган Кеңчиликтин үйүнө келдик. Батири чынында эле бош экен. Эки бөлмө. Бирине мага төшөк салып, өзү башкасына кетти. Жиңкиним куруп, өлө чарчаган мен сүйлөшкөнгө да чамам келбей, тырайып катуу уктап калыпмын. Бир убакта терең уйкуда жаткан мени Кеңчилик ойготуп туру. Такыр тургум жок. Башым лук-лук. Кулагыма алдакайдан элдир-селдир бир аялдын үнү угулгансыйт. Кеңчилик жата калып кулагыма шыбырайт:
– Улкаш, учуп тура кал, Зинура келип калды. Сен эми жөнө.
– Кандай жөнөйм? Саат канча болду?
– Түнкү бир. Бол, акыркы автобуска үлгүрөсүң. Жүр, эшикке чыгалы, – дейт. Көзүмдү ушалап, тырмап ачып, сыртка чыгып баратам. Кеңчилик жанымда күңкүлдөп, актанып келатат:
– Жеңең “тосуп ал” деп телеграмма жиберген экен, аны мен көрбөй, почтанын жашигинде кала бериптир. Айылдан алган оор жүгү менен үйгө араң жеткен көрүнөт. Тоспогонума тоодой жини менен келиптир. “Мобу жаткан масың ким?!” деп уктап жаткан сага жулунду. (Узун чач коюп жүргөн, сакал-мурутсуз кезим. Жеңебиз адегендеги алакөлөкөдө мени ким менен чатыштырганын ким билсин). Укпаганды угалекте жатаканаңа кете кал. Жанагы даамкананы тапсаң, аялдаманы да табасың.
– Ал каяктале?
– Мына, мобу көчө менен түз барасың, эки көчө өткөндө солго буруласың, дагы бир көчөдөн кийин оң жакта аялдама, сол жакта…
– Э болуптур, жакшы кал! – дедим да кара түнгө сиңип кеттим. Капкараңгы көчөлөрдө сандалып келатып, акыры адашып кеттим. Бир тушка келгенде бирөөлөрдөн жол сурасам, орустун килең бузук жигиттери экен, жабыла кол салып, жан-жактан уруп киришти. Биринин муштуму тумшугума таамай тийди. Спортто айланышып жүргөн кезим эле, койгулашып жатып кудайдын амири менен араң качып кутулдум. Караңгы көчөлөр менен баш ооган жакка келаттым. Кырылып калгансып мындайда такси да чыкпай калат экен. Тентиреп жүрүп таңга жакын “Саякат” автовокзалынан чыктым. Ажатканасына кирип, “шөкөттөлгөн” мурун-башымды жөнгө келтирип, күтүү залындагы жолоочулардын арасына жайгашып алып, уйкумду кандырдым.
Ошондон бир апта өткөндө, жырылган эрин, сүрүлгөн кабак тегизделип калган кезде мени Кеңчилик сабакка издеп келиптир.
– Кайда жүрөсүң? Эмне кабарлашпайсың? – деди ал мени жазгыра сүйлөп.
– Эмне, эсиңе эми түштүмбү?
– И, адашып кеттиңби?
– Биротоло кыркыма келбейт белең?!
– Мен сага жакшы эле түшүндүрдүм го…
– “Тирүүсүңбү? Кандай жеттиң?” деп эмне сурабайсың? Эми “Маркум Улкаштын жетилигин берип жаткан чыгар” деп үмүттөнүп келдиңби? – дедим. – Кой десе болбой үйүңө алпарып кондуруп, түн ортосунда кууп чыккан жоксуңбу? Жолдо бирөөлөр өлтүрүп кете жаздады. Канжаладым.
– Айып менде. Жеңең алкынганда жаным бакайыма түшүп кетиптир. Уйку-соодо… Өзүм кызуу… Кийин өкүндүм. Сени кетирбешим керек эле… Жүрчү, мындай чыгалы.
– Эми сенин үйүңдү желкемдин чуңкуру көрсүн, – дедим ызаланып.
Бирок “Ат баспайм деген жерин үч басат” деген кеп бар экен да…

Кыргызчалаган Түгөлбай КАЗАКОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.