Япон кызы Сачико Минамиде: “Ысык-Көлдүн түштүк өрөөнү жөнүндө китепче жаздым”

Кыргызстанда алыскы чет өлкөлөрдөн келип, эли-журтубуз менен аралашып жашап жүргөн волонтерлор көп. Алар биздин элдин тилин, үрп-адат, салт санаасын үйрөнүү менен катар өз элинин маданиятын тааныштырып, дүйнө элдеринин ортосундагы байланыштарды түзүү жагында өз миссияларын татыктуу аткарып келишет. Төмөндө ошондой волонтерлордун бири – япон кызы Сачико Минамиде менен маекти сунуш кылабыз.

– Сачико айым, алгач өзүңуз, үй-бүлөңүз туурасында кыскача айтып берсеңиз? 
– Менин атым Минамиде Сачико. Кыргызча которгондо бактылуу кыз болот. Мен JICAнын волонтёрумун, туризм боюнча иштейм. Мен Японияда университетте дизайнердин окусун окугам, андан кийин архитектуралык фирмада жана саякат фирмасында иштегенмин. Андан кийин Кыргызстанга келдим. Жакында эки жыл болот.
Биздин үй-бүлөбүз – апам, эжем, синдим жана мен. Эжем жана синдим турмушка чыгышты.Улуу эжемдин үч кызы бар.Апам, эжем жана жездем чогуу өзүнүн дүкөнүндө иштешет.

– JICA уюмунун программасы жөнүндө айтсаңыз жана бул программага катышууга сизге эмне түрткү болду? Бул жакка келерде кандай максатта келдиңиз? 
JICA волонтёрлору болуп азыр дүйнө боюнча 79 өлкөдө 2683 киши иштеп жатышат.Өзүнүн билимин чет өлкө үчүн үйрөтүп, жардам берип, Япония менен жакшы мамиле түзүүгө жардам бергим келет деп ойлогон адамдар катышат. Катышуу үчүн экзаменден өтүп, эки ай окуш керек. Эң маанилүүсү ден-соолук жакшы болуш керек. Мен өзүмдүн билимимди башка чет өлкөнүн элдери үчүн колдонгум келет жана башка чет өлкөгө барып, ал жердин элдери менен таанышып, жашоо шартын көрүп, чогуу иштеп, тажрыйба алмашып, аларга Япондор жана Япония жөнүндө тура маалымат бергим келет.

 Кыргыз эли туурасындагы көз карашыңызды билгибиз келет ?
Кыргыздар жана Япондордун жүзү абдан окшош. Мен Кыргызстанга келгенде кыргыз эли аябай меймандос экенин байкадым. Башка кишилерге кылган мамилеси сылык. Үй-бүлөсүн жана досторуна сый урмат менен мамиле кылышат экен.

– Өзүңүздүн иштериңиз туурасында жана өткөргөн “Өрүк фестиваль” боюнча айта кетсеңиз? 
– Мен Боконбаев айылында “Манжылы Ата” жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмунда экологиялык туризмди өнүктүрүү багытында жардам көрсөтүп келем.

Азыр Ысык-Көлдүн түштүк өрөөнү жөнүндө маалымат аз. Ошондуктан Ысык-Көлдүн түштүк өрөөнү (Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу району) жөнүндө китепче жазып чыгардым. Ысык-Көлдөгү эс алуу туурасындагы маалыматтарды япондук туристтер үчүн кыргыз тилинен япон тилине котордум. Даярдалган китепчени туристтер натыйжалуу пайдалана алышат деген ойдомун.

Мен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясында волонтерлук ишмердүүлүктү колдоо алкагында дагы иштейм. Ошондой эле китепченин үстүндө иштегендиктен Ысык-Көлдөгү туризм жөнүндө сураганымда, алар өз сунуштарын тартынбай айтып беришти.

Тоң районунда өрүк көп өсөт, ошондуктан өрүк фестивалын Тоң районунда өткөрсөк ал жер туристтер үчүн көбүрөөк белгилүү болот деп ойлодук. Фестивальдын максаты: биринчиден, туристтерге Тоң районунда кандай кооз жерлер бар экенин билдириш керек болчу. Фестиваль Тоң районуна көп пайда алып келди жана ошол жерде өрүк фестивалы жыл сайын болуп турса жакшы болот деп ойлойм.

– Сиз бош убактыңызда эмне менен алек болосуз? 
– Көптөгөн жергиликтүү тургундар менен бирге Ысык-Көлдө бош убактымды өткөрөм.
Биз JICAнын башка волонтерлору менен бирге жай мезгилинде көпчүлүк катары эле жөнөкөй эс алууларда болобуз. Өзүмдүн бош убактым көбүрөөк болсо Кыргызстанды кыдырып чыгууну жактырам. Көп жерлеринде болдум. Караколго жакынкы өрөөндөр Ала-Кум, Алтын Арашанда жана Бөкөнбаевге жакынкы жайлоолордо болдум. Өзгөчө жайында көп убактымды Манжылы-Атада өткөргөндү жактырам. Чындыгында эле ал жер укмуштуудай тынч жана жагымдуу маанай тартуулайт, убакыт да жай өтөт. Өзүңдү жеңил жана эркин сезип каласың. Бул жер Ысык-Көлдөгү эң сүйүктүү жайым болуп калды.

– Жакындан таанышып иш алпарган Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургундарына, жалпы кыргыз элине кандай каалоо- тилек айтар элеңиз?
– Бөкөнбаев айылынын тургундарына иштерине ийгилик каалаймын.Үй-бүлөсүнө бакыт тилейм. Жалпы кыргыз элине ден-соолук каалап, келечекте өнүккөн мамлекет болуп, бакубат жашашын каалаймын.

Биз дагы сиздин ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз. Япон жеринде жүрсөңүз да кыргыз ллине деген жылуу сезимиңиз өчпөсүн дейбиз. 

“Айыл деми” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.