Салижан Жигитовдун сабактары

(Уландысы. Башталышы)

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЖАРАЛГАНДА ЭЛЕ БАНКРОТ БОЛЧУ, МЕН ЭМИ БАНКРОТ БОЛДУМ

jigitov_sСалижан Жигитович, тактап алалычы, эмне үчүн жаралелек жатып эле банкрот?
-Анткени ал табигый жаралган жок да. Табигый нерседе эч кимдин чатагы болбойт, сааты чыгып, күнү тууганда жарала берет. Кыргыз жазма адабияты жасалма, Совет өкмөтүнүн амири менен кылычы менен бүткөн, жаралган кубулуш. Коммунисттик идеяны ар бир элге өзүнүн тили менен таратабыз, ар бир элди өзүнүн тили менен өстүрүп, жаңы адамды тарбиялайбыз деп, кудум инкубатордон чыгаргансып жазуучуларды жамыратып чыгарып, адабиятты мамлекеттештирип,  жазуучуну мамлекеттик чиновниктердин бир түрү, идеологиясынын жоокерине айлантып, БКга киргизип, академик кылып, синекура деп коёт, кол оорутуп, бел жоорутпаган кесипке айландырып жибербедиби.

-Пётр биринчи орус боярларынын сакалын кыркып, парик кийгизгендей кеп экен да?
-Ал эми реформатор болгон, ошол сыяктуу авантюралар  менен бүт өлкөгө Европанын эшигин, цивилизациянын жолун ачкан. Совет авантюрасы болсо жол ачмак түгүл, адабиятты жалпы адамзат кастарлаган түпкү маани-маңызынан ажыратып, суу ичкен булак көзүн таптакыр эле цементтеп сала таштабадыбы. Коом өзгөргөндө көрүп атпайбызбы, “коомдон тышкары жашабас” адабияттын күчүн. Аны эми ким окуйт?

-Бул кыргыз адабиятында келечекке кала турган чыныгы чыгармалар жаралган жок дегениңизби?
-Бул эми мындай. Чоң ишкана дейли, бир цехи же өндүрүшүнүн бир тармагы иштебей калганынан эле банкрот болбойт да. Ошол тызылдап иштеп жаткан тармактары жалпы ишкананын жүгүн көтөрө албай калганы үчүн банкрот болот. Биз бир топторун окуу китептерине киргизип, классик жарыялап алдык. Эми анын классик экенин кайдан билебиз? 100-150 жыл өтсө да өңү өчүп, сыры кетпесе, анан билинет да классик экени. А биздин жазгандарыбыз 5-10 жылдын ичинде эле эскирип кетип жатпайбы. Кечээ эле кайрадан окуп чыктым, Гоголдун “Шинелин” жаңыдан окугандай таңыркап, тамшанып окуп чыктым, а кыргыз адабиятынын канча “шинели” коммунисттик идеология менен таштандыга ыргытылып жатат. Дагы ыргытылат. Анткени кыртышы ошондой. А орус адабияты башка кеп. Анын тамыры тереңде, коолап-чайлап өскөн адабият. Блок, Бунин, Ахматова, Цветаева, Булгаков өңдүүлөрүнүн совет доорунда  жашаганы менен совет адабиятына тиешеси аз. Орус адабиятында түзүлдү да советтик классика. А тургай Гайдар деле окула берет, мыкты, кызыктуу жазылган. Албетте, бизде деле андайлар бар. 70 жыл жер тыткандын ордуна кагаз бетин тытсак, бирин-экин чыгармалар жазылбай коймок беле, жазылды, арасында кала тургандары бар. Мисалы, М.Элебаевдин аңгемелери, А.Токомбаевдин, А.Осмоновдун айрым ырлары сыяктуулар. Эми ошол саман-топондон дандууларын бер жакка шилеп алыш чоң проблема. Мен 20-30-жылдардын адабиятын изилдейм деп канча тартпаган азапты тарттым. 70 жыл ичинде көп китеп чыкты да, аларды элеп, тазалап, сортировка кылыш оңбогондой оор жумуш. Андай ишти, албетте, филология илими аркалайт. Аларга да баштагыдай акча төлөнүп, сый-урмат көрсөтүлбөй калды да, “сейрек таланттуу” сынчылар баягыдай жулунуп турарын кудай билет. Көрүп атпайбызбы.

Экинчиден, адабият көр оокаттын булагы болбой калды. Баягыдай китебиң чыкпайт. Окуу китептерине жарыяланган классиктердин китебин деле бала-бакырасы, урук-тууганы чыгарбаса, өкмөт кам көрбөйт. Ушуга чейин кам көрүп жүрүп кадемди катырбадыбы, китепти кантип чыгарабыз, кагазды кантип табабыз, кантип сатабыз, калем акыны кантебиз деген кайгы-капа жок. тааныш таап, ЦКга барып, басмада иштегендерди кошомат кылып үйүңө конокко чакырып… айтор, эки жылда бир китеп чыгарып алчусуң да. Анан сый-ургалы (привилегия) да көп болчу. Эсил кайран СССРдин эки жеринин биринде чыгармачылык үй, эс алам  десең, жазам десең, баары бекер, күнүгө эле жолугушуу, күнүгө эле той, анан да кошумча акча берет. Ошон үчүн врачтары деле, пенсионерлери деле ыр жазып отурчу. Ырдын болсо ар сабына төлөйт. Ошонун айынан кыргыз совет поэзиясындагы саптарында баары сынган, бүктөлгөн роман жазылды ыр менен. Ыр менен эмес, кара сөз менен жазыш кыйын романды, бирок акча жаздырып жатпайбы. Мына ушуга окшогон ж.б. жагдайлар тилдин жана ойдун дегерадациясына алып келди, улуттун интеллектуалдык жана духовный потенциалын мокотту. Орустарды туурап бизди баспай жатат, чыгарбай жатат деп ач айкырык салышчу эле, эми каалаганыңды чыгар десе, эч нерсеси жок экен. Кубатбек Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларынан башка эч нерсе жок экен, өзүбүз эле чыкканга ылайыктап жазып, чыгарып жүрүппүз. Орустар үстөлгө деп коёт, бокчого жазылган, катылган чыгарма жазбаппыз.

Мына заман өзгөрдү эле баары өчөйүп отуруп калды, азыр жазуучулардан жакыр жашаган эч ким жок.

-“Эми банкрот болдум” деп жатканыңыз ошондонбу?
-Хрущев бир убакытта архитектуралык артык баш нерселер дегенди чыгарган. Элдин башын катканга баш баана жок болуп атса, фреска-мреска өңдүү архитектуралык артыкбаш коозчулуктун эмне кереги бар деп. Анын сыңары мен деле илимпоз катары, жазуучу катары коомдогу архитектуралык артыкбаш нерсе болуп калдым да. Биздин керегибиз жок, коом бизсиз  эле жашай берет.

(Уландысы бар)

Алым Токтомушев, «Эркин Тоо», 14.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.