“Мен сүйгөн кыргыз макалы” жаштардын эссе сынагы…

«Тынчтык борбору» Коомдук Фонду, Руханий биригүү демилгеси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Рухий талкуу» жаштар демилгеси «Рух кыймыл-аракетте: Кыргыз Өзөгү» долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен

«МЕН СҮЙГӨН КЫРГЫЗ МАКАЛЫ»

жаштардын эссе сынагын ЖАРЫЯЛАЙТ.

Кыргыз элинин акылмандуулугу миңдеген кылымдар бою элибизди ар кандай жашоо кырдаалынан сактап келди.  Кыргыздар жашап ѳткѳн мейкиндик кѳчмѳн элдеринин турмушу кайнаган, олуттуу тарыхый тагдыр чечүүчү окуялардын чордонуна айланган. Балким, кыргыз элинин руханий бай түбү бекем, дымагы күчтүү болбогондо, азыр биз түптүү элдердин катарына кирбей, мамлекеттүүлүгүбүздүн ээси болот белек деген суроо туулат. Демек, мындан улам, азыркы муун элибиздин салт-наркын сактап жана анын бүгүнкү күнгѳ карай маанисин ачып беришибиз керек.

Байыртадан элдин акылмандуулугун ѳзүнѳ уютуп жана адамдын күнүмдүк турмушунда колдонгон баалуулук катары жеке сапатты ѳнүктүрүүдѳ, ошондой эле айлана-чѳйрѳгѳ туура мамиле кылып жана кыйын кырдаалды натыйжалуу чечүүдѳ иштелип чыккан ыкма – макал-лакап болуп саналат. Ар бир макал кылымдар элегинен өтүп турат. Туура эмес макал жаралбайт, жашабайт. Чындыгында, макалдардын автору бирөө гана, – ал – турмуштун өзү.

Сынактын максаты – кыргыздын салттуу баалуулуктарын коомчулукта жандандыруу (коомдо бул баалуулуктарды терең түшүнүү жана аларды жаштардын күндѳлүк турмушунда колдонуу)

Сынактын шарты

Сынакка жаш курагы 14 жаштан 30 жашка чейинкилер  (кыргыз тилин билген Кыргызстандын бардык жаш атуулдары жана чет өлкөдөгү мекендештерибиз) катыша алат. Сынакка кесипкөй журналисттер, илимий даражасы бар филологдор катыша албайт.

Сиз билген макалдардын бирин тандап эссе жазуу керек, анда автор кыргыздын макалына таамай жана чыгармачыл көз карашын чагылдыруу керек, учурдагы кырдаалдарды эске алса болот.  Эссе жалпысынан тѳмѳндѳгү суроолорго жооп камтышы шартка ылайык:

  • Макалдардын жеке жашооңузга  тийгизген таасири
  • Макалдардын бүгүнкү күндѳгү заманбап көйгөйлүгү
  • Коомдук жана жеке турмуштагы  кѳйгѳйлѳрдү ачып берүүдѳ макалдын  күчү канчалык
  • Ийгиликке жетүүдѳ макалдардын оорду канчалык
  • Макалдын пайдасы тууралуу жеке жашооңуздан мисал айта аласызбы
  • Элдик акылмандуулукту (макалдарды) колдонуу кандай жыйынтыкка алып келет деп ойлойсуз

Эссени тѳмѳнкүдѳй калыпка салуу керек:

Эссе мамлекеттик тилде кабыл алынат.

Кѳлѳмү: 1200-3000 символ же 2-4 бет,

документтин версиясы Word 1997-2003, форматы: А4,

Стили: 12 шрифт Times New Roman, сап арасындагы аралыгы 1,5.

Сынакка эсселерди ушул электрондук почтого жиберүү керек:

Makal.Kyrgyz@gmail.com

 

Кагаз бетиндеги эсселер кийинки дарекке жөнөтүлүшү керек:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия

Кыргызстан, Бишкек ш., Бөкөнбаев көч.,  182.

Эссе конвертте болуу керек жана “Эссе сынагы” деген ат менен келүүсү керек

 

Эссени тапшыруу мөөнөттөрү

2013-жылдын 30-мартына чейин!

 

Жыйынтыгын чыгаруу жана белектер

Эсселерди баалоо атайы түзүлгѳн сынак комиссиясы тарабынан жүргүзүлѳт.

Эссе мазмуну эки деңгээлде тѳмѳнкүдѳй бааланат:
Баалоонун биринчи деңгээли – бул эссенин мазмунун баалоо болуп саналат. Бул учурда (1) теманы ачып берүү, (2) кызыктуу жана күчтүү идеялардын болушу (окурманга болгон таасири) (3) ойдун так жана нуска айтылышы, (4) ой жүгүртүүдѳгү чынчылдык эске алынат.

Баалоонун экинчи деңгээли – бул эссенин формасын баалоо болуп саналат. Бул демек сынак иштери (1) тилдин кѳркѳмдүгү жана нукуралуулугу (2) ойдун жеткиликтүүлүгү  боюнча да бааланып каралат.

Сынактын жыйынтыгы 2013-жылдын апрель айында чыгарылат

 

Жеңүүчүлѳргѳ тѳмѳндѳгүдѳй белектер тапшырылат:

Биринчи орунга –  Ноутбук

Экинчи орунга– Компъютер

Үчүнчү орунга  – Кыргызско-русский словарь (К.К.Юдахин)

Атайын белек – 2013-жылы жайкысын Кыймыл аракеттеги рух: Кыргыз Өзөгү” долбоорунун алкагында (“Тынчтык борбору” коомдук фонду) Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган “Салттуу маданият жана заманбап жаштар” жайкы лагерине бекер жолдомо.

 

Мыкты деп табылган эсселер сынактын өнөтөктөштөрү болгон маалымат каражаттарында чыгарылат!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.