ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»

Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.

Ыр сынактын шарттары:

  1. Ырлар кыргыз тилинде гана кабыл алынат;
  2. Ырдын көлөмү 5 куплеттен кем болбошу, 12 куплеттен ашпашы керек;
  3. Кыргыз Республикасынын 20 жаштан жогорку акындары гана сынакка катыша алышат;
  4. Конкурска тапшырылган ырлар мурда эч бир басылмада же интернет булактарында жарыяланбаган болушу керек;
  5. Бир автордон бир гана ыр кабыл алынат;
  6. Сынакка келген чыгармалар кайтарылбайт жана рецензияланбайт;
  7. Конкурстун уюштуруу тобу автордук укукту сактоо менен бирге конкурска катышып жаткан чыгармаларды басып чыгаруу укугуна ээ болот;
  8. Сынактын катышуучулары 2 шартта: Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун (КУЖС) мүчөлөрү өзүнчө, мүчөлүккө өтө элек акындар өзүнчө бааланат.

Ыр сынактын байгеси:

КУЖСнун мүчөлөрүнө:
1-орунга 1000 АКШ доллары;
2-орунга 500 АКШ доллары;
3-орунга 300 АКШ доллары;

КУЖСга мүчө эмес акындарга:
1-орунга 500 АКШ доллары;
2-орунга 300 АКШ доллары;
3-орунга 200 АКШ доллары;

Мындан тышкары 5 кызыктыруучу сыйлык каралат.

Ыр сынактын талабы:

Сынакка катышуу үчүн жазылган чыгармалар менен бирге автордун паспорттогу толук аты-жөнү, туулган жылы, паспортунун номери, учурда жашаган дареги, байланыш телефону кошо paygambar@gmail.com электрондук дарегине, MS Word (.doc же .docx) файлдарында, Times New Roman шрифтинде, 12пт өлчөмүндө 1,5 интервал менен жазылып жөнөтүлүүсү зарыл. Жогорудагы электрондук дарекке катышуучудан маалымат келип түшкөн соң, авторго ырдын кабыл алынгандыгы тууралуу кабар берилет. Эгер компьютер же интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, таза баракка даана жазылып конвертке салынган вариантын: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 89 дарегине саат 10:00 – 17:00 (Эскертүү: 12.30 – 14.00 түштөнүү убагы) аралыгында алып барып, өзүңүздү каттаткан соң таштап кетсеңиз болот.

Ырларды кабыл алуу мөөнөтү:

Ырлар 2013-жылдын 23-январынан 29-март саат 17.00гө чейин кабыл алынат. 29-марттан кеч калган ырлар кабыл алынбайт.

Конкурстун жыйынтыгы 2013-жылдын 15-апрелинде өтүүчү «Куттуу жумалык» салтанаттуу аземинде жарыяланат. Азем өтө турган жай жана убактысы так белгиленген соң массалык маалымат каражаттарында жана интернет булактарында жарыяланат.

Эскертүү: Конкурстун жыйынтыгын белгилүү акындар, адабий сынчылар жана дин таануучулардан турган калыстар тобу чыгарышат. Калыстардын элегенинен өткөн чыгармалар кийинчерээк альманахка киргизилет.

Сурап билүү үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар:

Бишкек шаары, Москва көчөсү, 89 (Түркия элчилигинин имараты),
иш тел.: 90-29-39, моб. байл.: 0555-29 11 44 (Улан Усупов)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.